بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Капиталисттик хазараттын мөмөлөрүнөн: Франция «республика баалуулуктарына тескери келген» аяттарды айткан мечиттин имамын кызматтан алды!
Арабия нет веб-сайты хижрий 1442-жылы 24-июль, миладий 2021-жылы 14-зулхижжа күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Франция ички иштер министрлиги өлкө борборундагы Луар аймагынын мечитинин имамы Мадий Ахмаданы кызматынан алды. Анын кызматтан алынышына Курман айт хутбасында «республика баалуулуктарына тескери келген» куръаний аяттарды жана хадисти окуганын себеп катары көрсөттү.
Сен-Шамон шаарындагы чоң мечиттин имамы Ахмаданы имамдыктан алуу чечими ички иштер министри Жеральд Дарманендин буйругу негизинде ишке ашырылган. Буйрукка имам хутба учурунда бир набавий хадисти жана Ахзааб сүрөсүнөн Мухаммад ﷺдын аялдарына хытаб кылган аяттарды окугандыгы шылтоо катары көрсөтүлгөн.
Дарманен Луар аймагынын башкармалыгынан имамды кызматтан алууну о.э. анын күбөлүгүн узартпоону талап кылды. Дарманен «бул сөздөр алгылыксыз», «гендердик теңдикке каршы» деп бааларын билдирди. Өз кезегинде, Луар аймагынын башкармалыгы имамдын күбөлүгүн узартпоо үстүндө иштеп жатканын маалымдады.
О.э. ички иштер министринин талабы менен Махдий деген дагы бир имам да кызматтан алынган. Анын имамдык кызматынан алынышына ушул жылы 4-июнда О-де-Сен департаментине караштуу Женвилье шаарынын мечитинде окуган хутбасында айрым муслима аялдардын кийимин сындаганы себеп болгон.
О.э. ички иштер министри аймактык башкармалыктан бул ишке аралашууну жана дагы ушуга окшогон хутба кайтала турган болсо, мечиттин ишмердигин токтотууну талап кылды жана бул «Республика баалуулуктарын урматтоону бекемдөө» мыйзамы негизинде жаңы окуу колдонмолорунан пайдалануу менен ишке ашарын баса белгиледи. Белгилүү болгондой, укук коргоочулар бул мыйзам кемсинтүү коркунучун жаратарын айтышууда.
Кече ички иштер министри Твиттерде анын талабы менен О-де-Сен жана Луар аймактарында алгылыксыз хутба окуган эки имам кызматтан алынганын маалымдап: «биз Республикабыздын эрежелерине жана баалуулуктарына каршы чыккандарга тынымсыз чараларды көрөбүз», – деди.
Жума күнү парламент «Республика баалуулуктарын урматтоону бекемдөө» мыйзамын толук колдоду. Бул талаштуу мыйзам «сепаратист исламга каршы күрөш» деп аталган.
Президент Эмманюэль Макрон өкмөтү тарабынан даярдалган бул мыйзам бир катар сындоолорго учурап жатат. Мисалы, бул мыйзам өлкө мусулмандарын бутага алууда, алардын жашоосунун бардык тармактарына чектөөлөрдү коюуда, бул мыйзам өтө сейрек учуруган нерселерди да өнөкөт проблема катары көрсөтөт… деген сыяктуу сындоолор айтылып жатат.
О.э. мыйзамда мечиттерди жана алардын ишмердигине жооптуу мекемелерди көзөмөлдөө, мусулмандарга караштуу жарандык уюмдардын каржысын көзөмөлдөө, мусулман үй-бүлөлөрдүн перзенттеринин үйдө билим алуу эркиндигин чектөө о.э. университетке чейинки билим берүү мекемелеринде хижаб кийүүгө тыюу салуу каралган».
Роя гезити, №350, 2021-жыл, 4-август.