Ооганстанда литийдин запасы 3 триллион долларга жетет

616
0

Ооганстанда литийдин запасы 3 триллион долларга жетет

Табигый байлыктардын запасы үлкөн экендиги айтылган Ооганстанда литийдин запасы 3 триллион долларга жетери аныкталды. Бул тууралуу Mepanews басылмасы өз булактарына таянып жазды.

АКШнын изилдөө институттары 2005-жылы чыгарган отчетто Ооганстандагы литийдин запасы 1 триллион долларга жетерин жазган. Ал эми акыркы изилдөөлөр Ооганстан литийдин запасы боюнча дүйнөдө алдыңкы сапта тураарын жана бул түрдөгү баалуу металлдын наркы 3 триллионго жетерин көрсөттү. Мунун үстүнө Ооганстандагы литийдин сапаты башка өлкөлөрдөгү литийден жогору экени да тастыкталды. Бул запастар негизинен Кандагар, Герат, Хилменд, Нимруз аймактарында жайгашкан.

Литий алгач медицина тармагында колдонулуп келген. Учурда негизинен телефон, компьютер, станцияларды орнотуу, GPS системалары, учкучсуз учактар, алыстан башкарылуучу куралдар, спутниктер, электромобилдер, батареялар сыяктуу технология тармагында колдонулат. Технологиянын өнүгүшү жана кеңири колдонулушу менен литийдин мааниси жана аны керектөө күн санап өсүп жатат.

Демек, Американын Ооганстанга согуш ачып кирүүдөгү негизги максаттарынын бири аймактагы үлкөн кен байлыктарды ташып кетүү болгону талашсыз. Ошондуктан, акыркы учурда согуш аркылуу жеңишке жете албашын түшүнгөн Америка аймакты турукташтырууга аракет кылып, Талибанды сүйлөшүү столдоруна чакырууда. Мунун артынан саясий келишимдерге жетүү менен аймактагы байлыктарды ташып кетүүгө шарт жаратмакчы. Мындай шарттар инвестиция, кызматташтык чүмбөттөрү астында жүргүзүлөт. Буга кошумча, Америка Орто Азиянын миңдеген тонна алтын жана башка баалуу металдарын, чалкып жаткан газ жана мунай запастарын Ооганстан аркылуу ташып кетүүгө аракет кылат. Ошондой эле, Кыргызстан менен Тажикстандан экспорттолгон электр энергиясы Ооганстан менен Пакистандагы табигый байлыктарды казууга жана ташып кетүүгө колдонмокчу.

Американын Орто Азиядагы буга окшогон түпкү кызыкчылыгын 1997-жылы эле Ак үйдүн расмийлери ачыктаган. Маселен, Американын тышкы иштер министринин жардамчысы Карл Андерфорс 1997-жылдын 22-октябрында Конгресстеги тышкы мамилелер комитетинин алдында берген көрсөтмөсүндө мындай деген: «Афганистандагы чыр-чатактын улана бериши Орто Азия регионунда Американын максатын ишке ашырууда кыйынчылыктарды көбөйтөт. Согуштун улана бериши, мейли Афганистан аркылуу болсун, мейли аймактын башка мамлекеттери аркылуу болсун, энергия булактары менен соода жолдорун өнүктүрүү процессинин алдына тоскоолдуктарды коё берет».

Сөзүбүздүн акырында белгилей кетүүчү нерсе, Талибандын ичиндеги калыс адамдар үммөттүн мүлкү болгон бул байлыктардын каапыр колонизаторлордун инвестиция маскасы алдында ташып кетүүсүнө жол бербейт деп үмүттөнөбүз. Андыктан, эл аралык уюмдар жана анын башында турган Американын саясий келишимдер тузагынан сак болуулары керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here