АР КАНДАЙ ВАКИЪНИН ЧЕЧИМИ БАР
Момун адам жашоодо дуушар боло турган проблеманын каршысында эсин жоготуп туруп калбайт. Себеби, Аллах Таала ар кандай адамдын жашоосунда дуушар болушу мүмкүн болгон ар кандай иштин, проблемалардын чечимин баяндаган. Момун ушуга ишенет о.э. ар кандай абалда чечимсиз калбайт. Чечим таба албай калуу кафирлердин иши. Аллах Таала айтат:
وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ
“Сага — бардык нерсени баян кылып берүүчү Китепти-Куръанды түшүрдүк”. [16:89]
Туура, сыртынан момун болуп туруп кээ бир иштерде эмне кылууну билбей калышы да мүмкүн. Андай адамдар жахилдер (билбей тургандар). Алгач билүү керек, кийин билген абалда амал кылса таквадар болушат. Антпесе, фасык же мунафык болуп эсептелет. Себеби, Аллах адамдардан аң-сезимдүү түрдө, билип ибадат кылууну талап кылды.
وَاتَّقُوا اللَّهَ وَيُعَلِّمُكُمُ اللَّهُ
– „Аллахтан корккула! Аллах силерге (чыныгы Туура Жолду) билдирет “, [2:282]
т.а. Аллах ар кандай абалда билдирет, силер болсо болсо андан таква кылгыла (корккула). Таквадан мурда илим пайда болушу зарыл. Себеби акылга белгилүү болгондой, адал-арамды билүү негизинде таквага буюрулат. Бул болсо амалдан мурда аны билүү зарыл экендигин көрсөтөт. Аллах Таала:
وَاتَّقُوا اللَّهَ
– „Аллахтан корккула!(т.а. таквадар болгула, фасык болбогула)“ [2:282]
деген кезде адамдын кыялына «Кандай коркобуз?» деген суроо келип, ага жооп иретинде: «Аллах силерге билдирет, ошондон кийин таква болосуңар» дегендей. Кыскасы, амалдан мурда илим болушу зарыл. Ошондуктан, мусулман киши алгач аткармакчы болгон иштин өкүмүн билиши, ошондон кийин гана ага киришүүсү керек. Т.а. аткаруудан мурда анын шаръий өкүмүн билиши фарз. Себеби, шаръий өкүмдү билбей туруп ага амал кылып болбойт. Мужтахид ар бир иш-амалдын өкүмүн Куран жана хадистерден издеши фарз, Аллах Таала айтат:
فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ
“Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар — эгер чынында эле Аллахка жана акырет күнүнө ишенсеңер — ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла!”. [4:59]
Аллах айтат:
وَمَا اخْتَلَفْتُمْ فِيهِ مِنْ شَيْءٍ فَحُكْمُهُ إِلَى اللَّهِ
“Силер келише албаган ар бир нерсенин өкүмү Аллахка (кайтарылат)”. [42:10]
Доркутний риваят кылган хадисте Расулуллах(с.а.в) мындай дейт:
«كُلُّ أَمْرٍ لَيْسَ عَلَيْهِ أَمْرُنَا فَهُوَ رَدٌّ»
“Биздин амрибизден болбогон ар кандай иш кайтарылган”.
Булардан, негиз – бул шариятты ээрчүү жана ага байлануу экендиги белгилүү болот. Мужтахид болбосо, шаръий өкүмдү билүү үчүн ал жөнүндө сурашы керек, себеби мукаллид Аллахтын өкүмдөрү-акыйкаттарды мужтахиддерден билип алат. Шаръий өкүмдү сурап-билүү о.э. ага амал кылуу менен таквадар болот. Аллах Таала айтат:
فَاسْأَلُوا أَهْلَ الذِّكْرِ إِنْ كُنْتُمْ لاَ تَعْلَمُونَ
– „Эгер билбей турган болсоңор, илимдүүлөрдөн сурагыла“. [16:43]
Бул баарына каратылган Аллах Тааланын умумий хытабы. Расулуллах(с.а.в) башынан жараат алган киши жөнүндөгү окуяда: «Билбесе сурабайбы. Себеби, жахилдиктин (билбестиктин) дабаасы суроо!» – деген эле.
Демек, ар бир иштин өкүмү, чечими бар. Таква адамдар ошол өкүм-чечимдер негизинде ар кандай абалда акыйкат жолду таап кетишет, шарияттын талабын аткарып, таквадар болушат. А бирок, кээ бир момундар билип туруп, ага амал кылышпайт. Бул кылмыштарынан Аллах Тааладан коркушпайт. Алар Кытайдан келген хансулар эмес, диндеш боордошторубуз, ага-инилерибиз. Бирок, Аллахтын „Аллахтан корккула!(т.а. таквадар болгула, фасык болбогула)“[2:282] деген эскертүүсүнө көңүл бурушпайт. Алар боордошторунун жардамына муктаж адамдар. Алар шариятта фасык же фажир деп аталышат. Ал эми, Аллахка ишенбегендер, Ал Зат ар бир нерсенин өкүмүн, чечимин баян кылганын четке каккандар, ага ишенбегендер кафирлер болуп эсептелишет.
Арабызда ушундай бир адамдар бар дейсиң, сыртынан өздөрүн ишенгендерден, амал кылгандардан кылып көрсөтүшкөнү менен, бирок акыйкатка көнүшпөсө алар мунафык (ичи кафир, тышкы көрүнүшү мусулман) болушат. Өздөрүн акыйкатка моюн сунуучулардан, мусулмандардан кылып көрсөтүшөт, ал тургай кээ бирлери өздөрүн мусулмандардын жетекчиси кылып көрсөтүшөт о.э. адамзатка жакшылык алып келүүчүлөрдөн деп эсептешет. Негизи алар, ал тургай өз жолдорун таба албай турган эң төмөн кимселер. Аллах Таала айтат:
وَمِنْ النَّاسِ مَنْ يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ وَبِالْيَوْمِ الْآخِرِ وَمَا هُمْ بِمُؤْمِنِينَ()يُخَادِعُونَ اللَّهَ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَمَا يَخْدَعُونَ إِلَّا أَنفُسَهُمْ وَمَا يَشْعُرُونَ()فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ فَزَادَهُمْ اللَّهُ مَرَضًا وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ بِمَا كَانُوا يَكْذِبُونَ()وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ قَالُوا إِنَّمَا نَحْنُ مُصْلِحُونَ()أَلَا إِنَّهُمْ هُمْ الْمُفْسِدُونَ وَلَكِنْ لَا يَشْعُرُونَ()وَإِذَا قِيلَ لَهُمْ آمِنُوا كَمَا آمَنَ النَّاسُ قَالُوا أَنُؤْمِنُ كَمَا آمَنَ السُّفَهَاءُ أَلَا إِنَّهُمْ هُمْ السُّفَهَاءُ وَلَكِنْ لَا يَعْلَمُونَ()وَإِذَا لَقُوا الَّذِينَ آمَنُوا قَالُوا آمَنَّا وَإِذَا خَلَوْا إِلَى شَيَاطِينِهِمْ قَالُوا إِنَّا مَعَكُمْ إِنَّمَا نَحْنُ مُسْتَهْزِئُونَ()اللَّهُ يَسْتَهْزِئُ بِهِمْ وَيَمُدُّهُمْ فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ()أُوْلَئِكَ الَّذِينَ اشْتَرَوْا الضَّلَالَةَ بِالْهُدَى فَمَا رَبِحَتْ تِجَارَتُهُمْ وَمَا كَانُوا مُهْتَدِينَ
“Адамдардын арасында ушундай кишилер да бар, өздөрү момун болбой туруп «Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирдик», дешет. Алар Аллахты жана ыймандуу кишилерди алдамакчы болушат жана өздөрү сезбеген абалда өздөрүн гана алдашат. Алардын дилинде мараз-оору бар эле, анан Аллах мараздарын дагы да ашырып койду. Алар үчүн жасаган жалгандарына байланыштуу жан чыдагыс азап бар. Аларга: «Жер жүзүндө бузукулук кылбагыла», делсе, «Биз оңдоочубуз», дешет. Байкагыла, алар албетте бузукулар, бирок, өздөрү муну сезишпейт. Аларга: «Мына бул адамдардай ыйман келтиргиле», делинсе, «Ушул төмөн-пас немелерге окшоп момун болобузбу?» – дешет. Алардын өздөрү төмөн-пас адамдар, бирок муну билишпейт.Ыйман келтирген заттарга жолукканда: «Биз да ыйман келтирдик», дешет. Өздөрүнүн шайтандары (башчылары) менен ээн калганда болсо: «Биз албетте силер менен биргебиз, болгону (алардын үстүнөн) шакаба чегебиз», дешет. Аллах алардын үстүнөн күлөт жана чектен ашып, адашып-кенгиреп жүрүүлөрүн узартып коёт. Алар туура жол ордуна адашууну сатып алган адамдар болушуп, бул соодаларында пайда көрүшпөдү жана туура жолго жүрүүчүлөрдөн да болушпады”[2:8-16]
Эгер Аллахка, Ал Зат ар бир нерсенин өкүмүн, чечимин баян кылганына ишенсе да, бирок чечимди акылдардан, өзүнүн каалоосунан алышса алар фасыктар болушат. Шарият негизинде ар бир адамдын ким экенин билип алууга болот. Таквадарлар шариятка толук амал кылышат. Ага амал кылбай жатканы эскертилсе, дароо Аллахка тообо кылышат. Бул жаатта фикрат (өзү үчүн болгон) өкүмдөрү менен тарыйкат (Ислам жашоодо бар болушу үчүн болгон) өкүмдөрүнүн ортосунда айырма жок, ал тургай тарыйкат өкүмдөрү бир нече эсеге жогору турат. Мисалы: Бир жетекчи мечиттерде алдыңкы катарда беш маал намазды окуса, үй-бүлөсү үчүн нафаканы жогорку деңгээлде камсыздаса, жакшы эр же камкор ата болушу мүмкүн, бирок мойнундагы мусулмандардын ишин башкаруу, шариятты аларга колдонуу жаатындагы шарият тараптарын аткарбаса, Үммөт кыйроого учурайт, ал тургай үй-бүлөсү да бул балээден аман калбайт. Ошондуктан, андай фасыктардын зыяны өзүнө эле эмес, үй-бүлөсүнө, бүтүндөй Үммөткө жетет. Ислам аалымдар менен амирлердин шариятка амал кылбастыгынын зыяны Үммөткө аябай таасирин тийгизет деп билет. Бул маанини Расулуллах (с.а.в) мындай баяндаган: «Эки тайпа адамдар бар, эгер алар оңолуп-түзөлүшсө, адамдар да оңолушат. Эгер алар бузулушса, адамдар да бузулушат. Алар аалымдар жана амирлер». Бирок, мунафыктарды Аллахтан башка эч ким биле албайт.
Кафирлерди туура чечимге алып келүү үчүн алар менен акыйда жөнүндө, аныгыраагы Аллах Таала бар экендиги жана ар бир нерсеге чечим бергендиги жөнүндө акыл негизинде талкуу кылуу керек. Аларда акыл болгону үчүн бул талкуу натыйжа берет. Себеби, адам төрөлгөндөн жашы жеткенге чейин анда таасирленүү жөндөмү бар болот. Ата-энеси же айланасындагы өкүмдар куфр пикирлери ага таасирин тийгизет. Алар ушул пикирлерди жаштыгынан жакшы пикирлебей, ата-энесине ишенгенинен ушул гана акыйкат деп кабыл кылган болот. Ошондуктан, ал башка пикирлерди ката пикирлер, өзүмдүкү гана туура пикирлер деген этибарда карайт.
Адамда таасирленүү болгондой эле, таасир өткөрүү жөндөмү да болот. Бирок, бул кубатка адам качан гана бир пикирге ээ болуп, өз пикирин башкалардын пикирлеринен үстөм кылууга аракет кылса гана ээ боло алат. Ушул жерде бир пикирлеп көрөлү: Сизди эмне себептен ээрчисин?! Алар сизге жаш кезиндеги сыяктуу түшүнбөсө да ээрчиши үчүн сиз ата-энеси болбосоңуз, же сизге маймылдар сыяктуу ээрчиши үчүн жашоодо саясий, экономикалык жактарда үстөмдүгүңүз болбосо, же күч менен ээрчиткени армияңыз болбосо эмнеңизге ээрчимек эле? Эми канчалык пикирлебесин тууралыгы ашкере боло турган, Аллах Таала тарабынан түшүрүлгөн, китептерибизде турмуштук кылып ижтихад аркылуу үйрөнүлгөн пикирлерди эл түшүнө турган көрүнүштө жакшылап үйрөнүп, өздөштүрүп алсаңыз сизди кабыл алуу үчүн сизде күчтүү негиз бар болот. Мына ошондо гана сиз таасир өткөрүүчү адамга айланасыз. Күчтүү пикир бул терең (ар бир нерсе жөнүндө мүмкүн болушунча аягына чейин) пикирлөө болуп, ал тууралыкка жана адамдарды канааттандырууга эң жакын болгон пикир. Бирок, андан да күчтүүрөөк болгон жана өзүнөн кийин эч кандай күчтүү пикир болбогон т.а. айныгыс акыйкат болгон бир пикир бар болуп, бул жаркын пикир жана туура пикир. Дал ушул пикирлер Куран жана хадистерде баяндалган. Ушуга ишенген о.э. терең жана жаркын пикирге ээ болгон киши адамдарга таасир өткөрө алат. Себеби азырынча бизде аларга таасир өткөрө турган пикирден башка негиз жок. Кимде-ким адамдарга таасир өткөрүүнү максат кылса, алгач негизги пикирден баштап, адам жашоосунда дуушар болушу мүмкүн болгон, адамдар жашоосунда негизделип жаткан пикирлер темаларында терең жана жаркын пикирлөөсү, андан соң ошол темадагы адамдар көтөрүп жүргөн пикирлердин катасын жакшы билиши, негизи ошол жөнүндө кандай пикирди адамдар кабыл кылышы керектигин т.а. ошол тармактагы акыйкат эмне экендигин жакшылап үйрөнүшү керек. Мисалы: Расулуллах(с.а.в.) доорунда буттарды акыйда катары кабыл алышкан. Абройлуу адамдар кыздарын тирүүлөй көмүү, аялдарын кордоп, айбандардай мамиле кылуу, кулдарды айбандардан да төмөн көрүү сыяктуу бузук пикирлер бар эле. Курани Карим ошол адамдарды ушул жөнүндө пикирлөөгө чакырды:
بِأَيِّ ذَنْبٍ قُتِلَتْ-وَإِذَا الْمَوْءُودَةُ سُئِلَتْ
“Тирүүлөй көмүлгөн (ар бир) кыздан кандай күнөө себептүү өлтүрүлгөнү суралганда”. [81:8-9]
يَاأَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَأُنثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ
“Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек (Адам) жана бир аял (Хавва)дан жараттык да бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте силердин Аллах алдындагы эң урматтууңар эң таквадарраагыңар. Албетте Аллах Билүүчү жана Кабардар”.[49:13]
Пикир – ушундай нерсе дейсиң, ага көнбөгөндөр, анын негизиндеги тыянактарга моюн сунбагандар айбандар сыяктуу болушат. Аллах Таала айтат:
إِنَّ شَرَّ الدَّوَابِّ عِنْدَ اللَّهِ الصُّمُّ الْبُكْمُ الَّذِينَ لَا يَعْقِلُون
“Албетте, дүлөй жана дудук болуп алган акылсыз кишилер Аллахтын алдында эң жаман айбандар”. [8:22]
Билип туруп акыйкатка көнбөгөндөрдү Куранда китеп жүктөлгөн эшекдеп сыпаттаган. Аллах Таала айтат:
مَثَلُ الَّذِينَ حُمِّلُوا التَّوْرَاةَ ثُمَّ لَمْ يَحْمِلُوهَا كَمَثَلِ الْحِمَارِ يَحْمِلُ أَسْفَارًا
بِئْسَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ
“Тоорот жүктөлгөн-берилген, андан соң аны көтөрө албаган кимселердин мисалы китептерди көтөрүп бараткан эшекке окшойт. Аллахтын аяттарын жалган деген коумдун мисалы канчалык жаман, Аллах мындай залим коумду хидаят кылбайт!” [62:5]
Ошол кездеги адамдар, негизинен ошол пикирлер негизинде адамдарга жетекчи болуп алган кыска ойлуу, шылуун жетекчилер бул жаңы пикирлерден өздөрүнө коркунучту сезишип, ага каршы күрөшө башташты. Бирок, терең же жаркын пикирге ээ болбогон андай кимселер үстүртөн пикирлегей турган адамдар болгондуктан адамдарга таасир өткөрүү үчүн жана аларды өз каалоосуна моюн сундуруу о.э. уруучулук, тууганчылык жаңжалдарын козгоп, акыйкаттардан чалгытуу үчүн жалганчылык, айла-амал, алдамчылык, ыйманын акчага сатуу, күч жана зомбулук иштетүү сыяктуу алдоо ыкмаларына таянышты. Өздөрү акыйкат тарапта эместигин жакшы билишкени себептүү пикирий талкуулардан качышат эле. Акыйкаттар жүзөгө чыгып калышынан катуу коркушат эле. Ошондуктан, акыйкаттарды үйрөнүүдөн, алар араб болуп, Курандагы акыйкаттардан түздөн-түз кабардар болушуна мүмкүнчүлүгү бар болгону үчүн, ал тургай Куранга кулак салуудан да тыйышат эле. Максаты, акыйкаттардан мүмкүн болушунча тосуу, өздөрүнүн акыйкатсыздыктар негизиндеги өкүмдарлыгын улантуу болчу.
Азыр болсо буттарга негизделүү дээрлик жок болуу деңгээлинде. Абройлуу адамдар кыздарын тирүүлөй көмүү, аялдарды кордоп, айбандардай мамиледе болуу сыяктуу бузук пикирлер жок. Расмий кулдар жок, кулчулук жокко чыгарылган. Бирок, андан да жийиркеничтүүрөөк пикирлер бар: демократия, дин жашоодон ажыратылышы керек же дүйнөдө кабыл алынган нормативдер, заманбап экономикалык, социалдык, таалим-тарбия системалары сыяктуу бузук негизги пикирлер бар болуп, бул пикирлер адамдарды айбандар даражасынан да төмөнүрөөк жашоо образына тартып бара жатат. Алар илимий утуштарга жетишкендиги себептүү о.э. саясий майданда жетекчилик кылып жаткандыктан, алардын бизди ээрчиши кыйын нерсе.
Ошондуктан, кафирлерди жана аларга караңгылык менен ээрчип жаткандарды акыйкатка жетелемекчи болгон ар кандай саясатчы ушул бузук пикирлердин катасын акыл негизинде ачып берүү үчүн алардын негиздерин үйрөнүшү керек. Кийин аларды аклий далилдер негизинде ушул пикир ээлерине көтөрүп жүргөн пикирлери бузук пикирлер экенин ачып берүү о.э. дал ушул темадагы туура пикирлерди алардын акылы көтөрө турган кылып баяндап берүү менен гана куфрдан кайтарып, Ислам тарапка жетектөө мүмкүн болот. Ал үчүн демократиянын акылга тескери келген жерин же башкаруу, экономика, ижтима түзүмдөрүнүн негизи, саясаты ката экенин ачып берүү жана Исламдагы башкаруу, экономика, ижтима түзүмдөрүнүн негизи да, андагы ар бир өкүм да – ар бир нерсени билүүчү болгон – Хак Таала тарабынан экенин баян кылуу менен аларга хужжат пайда болот.
Акыйкаттарды башкаларга жеткирүүдөн мурда өзүбүз ага амал кылышыбыз шарт т.а. Үммөткө Исламыңарды үйрөнгүлө, ар бир ишиңерди шаръий өкүмдөр негизинде аткаргыла, ал үчүн Исламдагы өкүмдөрдү: экономикасын, ижтимасын, башкаруусун жана башкаларды жакшылап үйрөнүп, ошол өкүмдөр, жолдомолор негизинде жашагыла деп кайрылуудан мурда өзүбүз ушуларга амал кылышыбыз керек. Усама ибн Зайд(р.а.) риваятында Пайгамбар(с.а.в) мындай деген:
«يُؤْتَى بِالرَّجُلِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ, فَيُلْقَى فِي النَّارِ, فَتَنْدَلِقُ أَقْتَابُ بَطْنِهِ, فَيَدُورُ بِهَا كَمَا يَدُورُ الْحِمَارُ بِرَحَاهُ, فَيَجْتَمِعُ إِلَيْهِ أَهْلُ النَّارِ, فَيَقُولُونَ: أَيْ فُلاَنُ مَا شَأْنُكَ؟ أَلَيْسَ كُنْتَ تَأْمُرُ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَى عَنْ الْمُنْكَرِ؟ فَيَقُولُ: بَلَى, قَدْ كُنْتُ آمُرُكُمْ بِالْمَعْرُوفِ وَلاَ آتِيهِ وَأَنْهَاكُمْ عَنْ الْمُنْكَرِ وَآتِيهِ»
«Кыямат күнүндө бир киши алып келинип, тозокко ыргытылат, ичеги-карындары чубалып, алардын айланасында эшектер тегирменди айлангандай айланып жүрөт. Анын жанына тозокулар топтолуп келип: «Эй баланча, сага эмне болду? Сен жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтарчу элең го?!» – дешет. Ошондо ал: «Ооба, ошондой кылар элем, бирок, мен жакшылыкка буюрганым менен, өзүм кылбас элем, жамандыктан кайтарганым менен, өзүм кылар элем», – деп жооп берет» (муттафакун алайх).
Булар кафирлерге карата кылына турган иштер. Ал эми момундардын бардыгы эле таквадар эмес т.а. учурда Аллахтын өкүмдөрүн билип ага моюн сунуучулар аз. Алардан билип туруп амал кылбай тургандары да көп. Бирок, көпчүлүгү билбей турган кимселер-жахилдер. Алар да экиге бөлүнөт:
- Билбестигин биле турган жахилдер. Бул түрдөгү адамдар негизи таза адамдар болуп, аларга акыйкат жетиши менен таквадар адамдардан болушунан үмүт чоң. Алар билбегендиги үчүн күнөөкөр да болушпайт. Аллах Таала айтат:
وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّى نَبْعَثَ رَسُولًا
“Пайгамбар жибермейинче азаптоочу эмеспиз”. [17:15]
Алардын билбестигине биз жоопкербиз, биз аларга жеткирбегенибиз үчүн жооп беребиз. Аллах Таала айтат:
لِئلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ
“Пайгамбарлардан кийин адамдар үчүн, Аллахка каршы далил болуп калбастыгы үчүн”. [4:165]. А бирок, ар бир нерсени Аллах Таала баян кылган жана адам Аллахтын буйрук-кайтаруулары негизинде жашашы керектигин аклий жана наклий далилдер менен жеткиргенибизден кийин билбестиги үчүн өздөрү жоопкер болушат. Бизден жоопкерчилик көтөрүлөт, себеби Аллах Таала айтат:
فَاسْأَلُوا أَهْلَ الذِّكْرِ إِنْ كُنتُمْ لَا تَعْلَمُونَ
“Эгер билбей турган болсоңор, илимдүүлөрдөн сурагыла”. [16:43] [21:7]. Расулуллах(с.а.в) Абу Давуддун Жабирден риваят кылган таяммум жөнүндөгү хадисинде мындай деди:
«أَلاَ سَـأَلُوا إِذْ لَمْ يَعْلَمُوا فَإِنَّمَا شِفَاءُ الْعِيِّ السُّؤَالُ»
“Билбесе сурабаптыр да. Себеби, жахилдиктин(билбесликтин) дабаасы суроо”.
- Билбестигин билбей турган жахилдер. Аларга алгач билбестигин түшүндүрүү керек. Эгер жүрөгү таза болсо билбестигин моюнга алат да, акыйкатка жүздөнөт. Ал да биринчи тайпадагы билбестигин билгендер катарында болот. Ал эми билбестигин жетиштүү түшүндүргөндөн кийин да моюнга албай турган, дилинде мерези бар жахилдердин акыйкатка жүрүшү кыйын болот. Аларды акыйкатка жетектөө оор. аларды акыйкатка жетектөө үчүн бир темада Аллах Таала тарабынан келген акыйкатты моюнга алганга чейин талкуулашуу, талкуу аяктаганга чейин сабыр кылуу менен андагы кибр (акыйкатка ыраазы болбостук) кирин акырындап тазалоо менен акыйкатка жетектөө мүмкүн болот.
Акыйкатты билип туруп ага амал кылбай тургандар болсо фасыктар. Андан да жийиркеничтүүрөөгү акыйкатка каршы үгүттөөчүлөр болуп, алар фажирлер деп аталышат. Алардан шаръий өкүм сурап болбойт, иштерге күбө кылынышы да шариятка тескери болуп калат. Андай кимселердин сөздөрүнө да ишенип болбойт. Алардын сөздөрүн текшерип, акыйкат экенин билгенден кийин гана кабыл алуу жаиз. Аллах Таала айтат:
يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا
“Эй момундар, эгер силерге бир фасык кимсе бирээр кабар келтирсе, (бул кабарды) аныктап-текшерип көргүлө!” [49:6]
Эми фасыктарды акыйкатка жетектөө үчүн болгон Исламдын чечими алар менен достук мамилени үзүү. Ошондо алар Аллах Тааладан коркушпаса да Үммөт ичинде жекеленип калуудан корккондугу себептүү шарияттын талаптарына амал кылууга мажбур болушат. Достук мамилени үзбөстүгүбүз менен биз алардан айырмасы жок күнөөкөр болуп калабыз. Шарияттын талабын аткарбаган болобуз. Себеби, достукту улантышыбыз, шариятка тескери иштерге ыраазы болуп, ушундай абалды улантышыбыз Аллах Тааланын наалатына жана каарына алып барат, Аллах сактасын. Расулуллах(с.а.в) Абу Масъуд(р.а)дан риваят кылынган хадисте айтат: «Бани Израилге эң алгач кирген кемчилик ушул болчу, бир киши башка кишиге жолуккан учурда: «Эй баланча, Аллахтан корккун жана бул кылып жаткан ишиңди таштагын, себеби бул нерсени кылуу сен үчүн адал-дурус эмес», деп айтат эле. Андан соң эртеси күнү аны менен жолугушкан учурда аны дагы кайрадан ошондой абалда көрөт эле. Бирок, бул нерсе аны менен бирге жеп-ичүүдөн, бирге отуруудан кайтарбайт эле. Анан алар ушундай кылган соң, Аллах алардын айрымдарынын дилдерин айрымдары менен урду». Андан соң Расулуллах(с.а.в) төмөнкү аятты кыраат кылды:
– وَلَوْ كَانُوا يُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالنَّبِيِّ وَمَا أُنزِلَ إِلَيْهِ مَا اتَّخَذُوهُمْ أَوْلِيَاءَ وَلَكِنَّ كَثِيرًا مِنْهُمْ فَاسِقُونَ , تَرَى كَثِيرًا مِنْهُمْ يَتَوَلَّوْنَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَبِئْسَ مَا قَدَّمَتْ لَهُمْ أَنفُسُهُمْ أَنْ سَخِطَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ وَفِي الْعَذَابِ هُمْ خَالِدُونَ – كَانُوا لاَ يَتَنَاهَوْنَ عَنْ مُنكَرٍ فَعَلُوهُ لَبِئْسَ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ -لُعِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ عَلَى لِسَانِ دَاوُودَ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ذَلِكَ بِمَا عَصَوْا وَكَانُوا يَعْتَدُونَ
„Бани Израил арасынан кафир болгон кимселер Давуд менен Иса ибн Марям тили менен каргышка калышкан. Буга себеп алардын кылган күнөөлөрү жана чектен ашкандыктары, алар бири-бирлерин кылган ылайыксыз иштеринен кайтарышпайт эле. Бул кылмыштары кандай гана жаман иш! Алардын көптөрү кафир болгон кишилерди дос тутканын көрөсүң. Аларга напис-каалоолору кандай гана жаман нерсени – Аллахтын азабын алып келди. Эми алар түбөлүк тозокто калуучулар. Эгер Аллахка, пайгамбарына жана ага түшүрүлгөн Китепке ыйман келтиришкенде, аларды (кафирлерди) дос тутпаган болушар эле. Бирок, алардын көптөрү фасык-баш ийбес кишилер “. [5:78-81]
Андан соң: «Жок, Аллахка ант болсун, силер албетте жакшылыкка буюрасыңар жана жамандыктан кайтарасыңар. Силер албетте залимдин колунан кармапаны акыйкатка бурулууга мажбур кыласыңар жана албетте аны акыйкатка бекем байлап коёсуңар. Же албетте Аллах кээ бирлериңерди кээ бирлериңердин дили менен урат, андан соң аларды наалаттагандай, силерди да наалаттайт », – деди. Хадиске көңүл бурсак, фасыктардын эң зыяндуусу болгон залимдерди да акыйкатка мажбурлап коюуну талап кылууда. Антпесек, биз да Аллахтын каарына дуушар болобуз, наалатына татыктуу болуп калабыз, Аллах сактасын.
Демек, таквадар болушубуз үчүн алгач акыйкаттарды Аллах Таала баян кылгандай, Расулу (с.а.в) жеткиргендей үйрөнүшүбүз керек. Антпесе, ката нерсени акыйкат деп билип алып, өзүбүздү да башкаларды да адаштырабыз, бизге ишенген адамдарга кыянат кылабыз. Адамдар таквадар болушу үчүн болсо, алгач аларга акыйкаттарды Куран жана хадистерден сахих ижтихад менен баян кылынгандай жеткиришибиз шарт. Мунун жолу адегенде Исламды жакшылап үйрөнүү. Албетте, бул үйрөнүү Исламды жакшы билген үйрөтүүчү менен болушу шарт, антпесе “Исламды (фикрат жана тарыйкатты) үйрөнүү өз алдынча да болот, бирок мугалимсиз, өз алдынча үйрөнүү да жетиштүү” деп билүү Аллах Тааланын амрине тескери келет. Себеби, Аллах Таала “Куран”ды араб тилинин усталарына проблемаларын чечип берүүчү кылып, араб тилинде түшүрүү менен бирге аларга Куранды таалим берүү жана баян кылып берүү милдетин Расулуллах(с.а.в)дын мойнуна жүктөдү жана бул милдет Расулуллах(с.а.в)дан кийин мураскорлоруна калган:
وَأَنزَلْنَا إِلَيْكَ الذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ
„Сага болсо адамдарга түшүргөн нерселерди (шарият өкүмдөрүн) баян кылып беришиң үчүн бул эскертмени-Куранды түшүрдүк“. [16:44]
Сахабалар – Аллах алардан ыраазы болсун – арабдар эле. Араб тили алардын эне тили болчу. Алар араб тилин назик, кеңири түшүнө ала турган аалымдар эле. Куран түшүрүлүп жатканда алар Расулуллах(с.а.в) менен бирге эле. Пайгамбарыбыз (с.а.в) окуялар жөнүндөгү Аллахтын өкүмүн алардын көз алдында баян кылат эле. Алар шариятты кеңири билүүчү аалымдар эле. Исламды үйрөнүүдөгү таълим ишине кайдыгер болуп калбастыгы үчүн сахабаларга карата Аллах Таала ушул аятты түшүргөн:
وَمَا كَانَ الْمُؤْمِنُونَ لِيَنفِرُوا كَافَّةً فَلَوْلَا نَفَرَ مِنْ كُلِّ فِرْقَةٍ مِنْهُمْ طَائِفَةٌ لِيَتَفَقَّهُوا فِي الدِّينِ
وَلِيُنذِرُوا قَوْمَهُمْ وَلِيُنذِرُوا قَوْمَهُمْ إِذَا رَجَعُوا إِلَيْهِمْ لَعَلَّهُمْ يَحْذَرُونَ
– “Бардык момундар жихадга чыгуулары зарыл эмес. Акыры алардан ар бир топтон бир тайпа адамдар жихадга чыгышпайбы. (калгандары болсо) динди үйрөнүп, жихадга кеткендер алардын алдына кайтып келген убакта, ал коомдорду Аллахтын азабынан сактануулары үчүн эскертип туруу үчүн (калышпайбы)?”. [9:122]
Исламды куфр каалагандай, алардын максаттарына ылайык, Ислам негиздерине тескери болуп калбастыгы үчүн же ар ким өз билгенинче үйрөнүп жатам деп, Исламды “бузбастыгы” үчүн Амирибиз, шаръий өкүмгө ылайык негизги китептерди: – Халкага мушрифтик кылуу сакафий жана идарий жактан мушрифтик кылууга кудуреттүү болгон кишиге тапшырылат – деп сакофий жана идарий тараптан кудуреттүү мушриф менен окуп чыгууну буйруду, ал китептердин саны он үч, буларды мушриф менен окуп чыкпаган хизбий күнөөкөр болот, таквадарлардан боло албайт. Себеби, бул амирге итаат болуп, ага тескери иш кылуу фасыктык-мунафыктыктын белгиси. Таквадарларга эскертме жетиштүү, аларга анык чечим, ал тургай чечимдер толук баян кылынгандыгына ишенишет. Алар Аллахка тобокел кылып, Анын каарынан качып, ыраазылыгына, зулматтан жүз үйрүп, нурга умтулушат. Ал эми мунафыктар болсо, “ойлонуп көрөйүнчү, мындан качуунун жолу бар бекен” деп туруп калат, себеби ал Исламды дааба кылып койгон да. Момундар: «Уктук жана моюн сундук. Роббибиз, күнөөлөрүбүздү магфират кылышыңды сурайбыз. жана Өзүңө гана кайтуучуларбыз» деп, шаръий өкүмгө моюн сунушат.
Гариб Муслим