Миграция куралы: депутат Борбор Азиядан келгендерге виза режимин киргизүүнү сунуштады
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Сергей Миронов фейсбуктагы миграциялык көйгөйдөн коңшу мамлекеттерге виза эрежесин киргизүү менен гана арылса болорун жазды.
“Мигранттар аз акыга иштегени жумуш берүүчүлөр үчүн пайдалуу чыгаар. Анткен менен биздин миллиондогон атуулдардын жумуш ордун тартып алышууда. Ошол эле маалда бизде 4 миллион кишинин жумушу жок. Өлкөдөгү ырааттуулукту чек араны тартипке келтирүү менен ишке ашыруу абзел. Борбор Азиядан келген мигранттарга виза эрежесин киргизүү – эң туура кадам. Мен муну бир нече ирет сунуштагам, бүгүнкү күндө да бул сунушум мурдагыдан жүз эсе актуалдуу болуп турат”, – деп жазды Миронов.
Бул билдирүү Орусияда Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына текшерүү күчөп жатканы айтылган учурга туш келди. 14-августта Ички иштер министрлиги Москва шаарында жана Москва облусунда мигранттар үчүн мөөнөтсүз рейд баштаганы жатат.
Ал арада ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Орусиянын Кыргызстандагы элчисин токтоосуз чакыртып алууну талап кылды. Ал Бишкекте орус тилинде сүйлөгөн тейлөөчү кызды калкульятор менен чапкан окуядан улам элчини токтоосуз чакыртып, бардык соода-алаканы токтотууну талап кылган.
Мироновдун билдирүүсүн орусиялыктар популисттик ачкыйкырык катары баалашууда. Анткен менен Орусия бийлиги мындай депутаттардын үнүн Борбор Азия мамлекеттерине басым коңгуроосу катары колдонуп келет. А түгүл, Жириновский сыяктуулар аркылуу ачык эле коркутуулар да болуп турат. Орусиянын мындай коңгуроосун Борбор Азия өлкөлөрүнүн акыркы учурдагы интеграциялык аракеттерине байланыштырууга болот. Анткени, Борбор Азия лидерлери Өзбекстандын аракети менен Батыш жана Кытай менен кызматташтыкты күчөтө баштады. Бул өз кезегинде аймакты өзүнүн эгинзары катары эсептеген Орусиянын кыжырына тийиши талашсыз. Демек, Орусия мигранттар аркылуу сентябрдан тарта басым жасашы биринчи кадам болуп, чек ара жаңжалдарын чыгаруу менен коштолушу да мүмкүн. А түгүл, теракт сыяктуу туруксуздарды уюштуруу аркылуу аймактагы таасирин сактап калууга аракет кылат. Андыктан, аймактагы калктар Орусиядан күтүлүп жаткан коркунучтардан этият болушу керек.
Мумтаз Маверанахрий