Фалестин режими Фатх кыймылын адамдарга каршы чыгып, режимдин коррупциясын жана кылмыштарын коргоого үндөп жатат

260
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин режими Фатх кыймылын адамдарга каршы чыгып, режимдин коррупциясын жана кылмыштарын коргоого үндөп жатат

Фалестин калкы режимдин мөөнөтү өткөн коронавирус вакциналары соодасынан тартып, Низар Баннатка кол салуу, анын артынан демонстрацияларды бастырып, чабуул кылган тынымсыз кылмыштары себептүү каарданууда. Мына ушундай учурда режим Фатх кыймылын коррупционер режимге каршы күрөштөн адамдарга каршы күрөшүү тарапка тартууга урунууда. Бул кылмышты ишке ашыруу үчүн режимдин куйруктары түрдүү иш-чараларды уюштурушту, бир катар билдирүүлөрдү беришти… Мындан режим өз кылмыштарын Фатх кыймылы аркылуу жаап-жашыруу жана аны өзүнүн ыплас коргоочусуна айлантууну көздөдү. Суу-кургакты аябай кылмыштары менен өрттөп жаткан жана Фалестин маселесин текке кетирип, яхудий вужудуна кызмат кылып жаткан бул коррупционер кылмышкер режим саясий күрөш ал менен эл ортосунда эмес, эл менен Фатх кыймылы ортосунда болуп жаткандай кылып көрсөтүүгө урунууда.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз сайтында билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: “Режимдин саясат, администрация, финансы жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы коррупциясы ар кандай акылдуу адамга ачык-айкын болуп калды. Анын кылмыштары отунда адамдар, уюмдар, бардык Фалестин калкы өрттөнүүдө, буга таптакыр укчукпай коюуга болбойт. Фатх кыймылындагы калыс перзенттерибиз адамдар менен биргеликте кыйкырып, алардын койгон талаптарын колдоп-кубатташы лазым. Алар түп тамырына чейин коррупция жана кыянаттар баткагына малынган бул режим аларды адамдарга каршы күрөшкө тартуусуна жол бербеши керек. О.э. режим өз кылмыштарын алар аркылуу жаап жашырышына жана аларды өзүнүн ыплас коргоочусуна айлантышына каршы чыгышы зарыл”.

 Роя гезити, №348, 2021-жыл, 21-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here