«Ким зулумдукту көтөрүп келген болсо, үмүтсүз калуусу анык»

208
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

﴿وَقَدْ خَابَ مَنْ حَمَلَ ظُلْمًا﴾

«Ким зулумдукту көтөрүп келген болсо, үмүтсүз калуусу анык»

Судан финансы министри «Анба» маалымат агенттиги менен өткөргөн басма сөз конференциясында: «Мамлекеттик колдоону алып салуу эч качан токтотулбайт, ал тургай, өкмөт алмашса да», – деди. Өз кезегинде, бул жөнүндө устаз Гада Абдужаббар Хизб-ут-Тахрирдин борбордук маалымат бөлүмүнүн радиосуна жазган түшүндүрмөсүндө мындай деди: «Өзүлөрү өкүм жүргүзүп жаткан мамлекетте өзүлөрү токтом кабыл алалбай жаткандарды кантип башчы деп айта алабыз?! Адамдардын турмушун шал кыла турган жана эч нерсе кылбастан адамдарды ачкалык жана оорулардын курмандыгына айланта турган токтомдорго моюн сунуп жаткан кимселерди кантип жетекчилер дешибиз мүмкүн?!».

Түшүндүрмөдө төмөндөгүлөр баса белгиленди: «Уммат бул акимдер өз алдынча токтом кабыл ала албашын түшүнүүсү зарыл. Себеби, алар кожоюндарынын каалоосу боюнча жана аларды ээрчип кадам ташташат. Ошондуктан, продукцияларга карата мамлекеттик колдоону алып салуу токтому өкмөт алмашса да туруктуу сакталып калууда. Себеби, мусулман башчыларынын позициялары чет элдик токтомдорго көз каранды болуп калган. Судан жана башка исламий өлкөлөрдүн байлыктары үстүндө мамлекеттер ортосунда күрөш жүрүп жатат, мунун акыбетинде мусулмандар азап-кыйынчылыктардан башы чыкпай жатат. Мунун себеби – бул акимдер колонизаторлорго «жок» деген сөздү айта албай жатышканы. Ал тургай, бул акимдер биримдигибизди бузуу үчүн душмандарыбыздын фитна жана тил бириктирүү токтомдорун аткаруудан башка нерсе ойлошпойт».

Түшүндүрмөнүн соңунда мындай делет: «Чечим – өз алдынча токтом чыгара албаган мындай куурчак акимдерди кулатуу үчүн олуттуу аракет кылуу. Бул үчүн алгач Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекетин тикелөө зарыл. Мусулман өлкөлөрүнө татыктуу башчыларды Халифалык дайындайт.

 Роя гезити, №344, 2021-жыл, 23-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here