Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйгөнү айтылууда

271
0

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар көбөйгөнү айтылууда

Кыргызстанда июндун соңку он күнүндө жана июлдун башында коронавируска кабылгандардын саны кескин көбөйүп, оору азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Оксфорд университетинин окумуштууларынан турган эксперттер билдирүү жасады.

Алардын айтымында, алдыдагы эки апта ичинде оору жуккандардын саны күнүгө 1500ге чейин жетиши ыктымал. Оорунун жайылышын изилдеген көз карандысыз эксперттердин арасында “Сорос Кыргызстан” фонду сыяктуу уюмдардын адистери бар.

Ал арада эл аралык окумуштуулар 1-июндан 31-августка чейин дүйнөдө ар бир 100 миң адамга COVID-19дан канча адам көз жумушу мүмкүн деген иликтөө жүргүздү. Ага ылайык, коронавирустан Кыргызстанда август айынын акырына чейин башка өлкөлөргө салыштырганда эң көп адам өлүшү мүмкүн. Башкача айтканда, ар бир 100 миң адамдан Кыргызстанда 256дан 512ге чейин өлүм катталышы ыктымал. Бул иликтөө The Lancet басылмасына жарыяланган. Анда окумуштуулар COVID-19га каршы вакцина менен камсыздоонун деңгээлин, анын натыйжалуулугун анализдеп, элдин эмдөөгө карата мамилеси, анын ичинде ишенип-ишенбегенин да эске алышкан. Бул ыкмага ылайык, Кыргызстанда эң начар вариант болушу ыктымал.

Кыргызстанда жарандарга Кытайдын жана Орусиянын вакциналары сайыла баштаган. 19-июнга карата 92 миңден ашуун адам эмделди. Июнь айында Asrta Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы да COVAX программасынын алкагында келери кабарланган. Ошондой эле Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасынын 50 миң дозасы Кыргызстанга жума күнү келери айтылды.

Өткөн аптада Казакстандагы эркин окумуштуулар менен дарыгерлер тобу QazVac вакцинасына каршы чыгышкан. Алар вакцинаны иштеп чыккандар клиникалык сыноонун жыйынтыгын көргөзбөй туруп, шек санаткан компоненттерди пайдаланышкан деп айтышкан.

Белгилүү болгондой, коронавирустун көрсөткүчтөрү мурунку шайлоолордун астында да кескин көбөйгөн. Ал эми учурда, коронавируска каршы эмдөө өлкөдө жай жүрүп жаткандыктан жана аны сатып алууга элдин каршы мааанайы болгондуктан, вируска чалдыккандар көбөйүүдө.

Шарият боюнча, вакцина алуу жайиз, ал дабаалануунун бир түрү болуп эсептелет. Бирок, эгер вакцина чыгаруучулар шектүү болсо, бул нерсе анын зыяны жаатында вакцинаны күмөн астына коёт жана андан баш тартуу абзел болуп калат.

Вакцинация ДССУнун (дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун) көзөмөлү астында жүргүзүлөт жана биздин малай акимдерибиздин мактап-жактоосу жана өкүм-зордугу менен аткарылат. ДССУ ООН аркылуу дүйнөгө өкүмдарлык кылып жаткан империалист кафирлердин колундагы курал экендиги – анын адамдардын ден соолугуна чындап кам көрүшүн күмөн астына коёт жана анын иштери шек туудурат. Анын көрсөтмөлөрүн дилгирлик менен аткарып жаткан малай акимдер да эч бир ишеничтүү эмес. Буларга кошумча, бизде империалист-глобалисттердин компаниялары чыгарган вакциналарды текшере турган лабораториялар жок жана аларды текшерүүгө акыбыз да жок. Демек, бул глобалисттердин вакциналарында калктын санын азайтууга алып баруучу уулар катылгандыгын аныктаганга мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Белгилүү болгондой, дүйнөлүк ири державалар коронавирустун акыйкаттары аныкталбай туруп эле, андан өз саясаттары жолунда пайдаланып баштаган. Мисалы, The People’s Vaccine Alliance кыймылынын отчётунда көрсөтүлгөндөй, коронавируска каршы вакцина жасаган фармацевтикалык компаниялардын кирешелери себептүү дүйнөдө жаңы тогуз миллиардер пайда болду. Бул жаңы миллиардерлердин катарына америкалык Moderna компаниясынын төрт өкүлү, BioNTech компаниясынын башчысы, испаниялык Rovi фармацевтикалык компаниясынын башкы директору жана кытайлык CanSino Biologics компаниясынын үч негиздөөчүсү кирди. Бул миллиардерлердин жалпы байлыгы 19,3 миллиард долларга жетти. Ошондой эле, Оксфам уюму өткөргөн изилдөөдө көрсөтүлүшүнчө, коронавирус пандемиясынан эң көп киреше тапкандар технологиялык компаниялар болгон. 2020-жылдын март айынан тарта, тагырак айтканда пандемия күчүнө кирип баштагандан бери дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын байлыгы 540 млрд долларга көбөйгөн. Оксфамдын маалыматына ылайык, пандемияга карабастан дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын жалпы байлыгы 1,12 трлн долларга жеткен.

Бул капиталисттер пандемия шылтоосу менен өз бизнестерин экономикасы алдыда турган калктарда ийгиликтүү ишке ашырып жатат. Эми кезек жакыр жана «өнүгүп келаткан» өлкөлөргө келип жетти.

Демек, кадырман калайык-калк, коронавируска каршы вакцинацияны кабыл алуу сиздердин ар бириңиздердин алардын ээлерине карата ишеничиңиздерде. Аллахым туура жолуна баштасын. Аллахым дарттуулардын дартына шифаа берсин, баарыбыз Аллахка жүздөнөлү жана бул дартты жеңип чыгууда Аллахым жардам берсин!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here