Нарында Кытай менен логистикалык борбор куруу кайра сунушталды

236
0

Нарында Кытай менен логистикалык борбор куруу кайра сунушталды

Президент Садыр Жапаров Нарынга жасаган иш сапарында Ат-Башы районунун тургундары менен жолугуп, бул аймакка соода-логистикалык борбор куруу боюнча долбоорду талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат салууга даяр жана бул жерде көптөгөн товарларды чыгара турган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар жайгаша баштайт.

Ат-Башы районуна соода-логистикалык борбор куруу буга чейин эле пландаштырылган. Курулуштун пайдубалын түптөө иш-чарасы 2019-жылы 11-декабрда болуп, ага ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан.

Белгилүү болгондой, буга чейин жергиликтүү тургундардын бекем каршы позициясы өкмөттү чегинүүгө мажбурлаган. А бирок, адамдардын кытайлык компанияларды жек көрүүсү бир аз басаңдашы менен өкмөт бул долбоорду кайрадан ишке ашырууга киришип жатат. Бийликтегилер бүгүнкү күндөгү арзыбаган кызыкычылыктар үчүн о.э. кызмат орундарын сактап калуу үчүн ири мамлекеттерге жагалданууда.

Эске салсак, 2019-жылдын июнь айында Кыргызстан-Кытай бизнес-форуму өтүп, форумдун жыйынтыгында 24 документке кол коюлган. Алардын арасында “Нур Строй Монтаж” жана “One Lead One (HK) Trading Limited” компаниялары ортосунда баасы 280 миллион доллардык биргелешкен  соода-логистикалык борбор куруу жөнүндөгү келишим да бар эле.

Чет өлкөнүн ар кандай логистикалык борборлору, кайсы тармакта болбосун, мамлекеттин ошол тармагын монополия кылып алууну көздөйт. Ошол аймакта ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ишкерлер болсо кризиске дуушар болушат же монополист компаниялардын колуна өтүүгө мажбур болушат. Мындай компаниялар  мамлекеттик инфраструктураны изден чыгарып, бардык тармакты өз колуна алууга аракет кылат.  Муну менен Кытай сыяктуу ири мамлекеттер өлкөдөгү таасирин жана басым өткөрүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүп бара берет. Мындай долбоорлор Кытай үчүн экономикалык кызыкчылыктарга ээ болуу менен бир катарда саясий кызыкчылыктарды да жүзөгө чыгарууга каратылат.

Буга кошумча, эл аралык саясат бизди жакыр абалда кармап туруу негизинде иш алып барат! Алардын максаты – биздин оор өнөр-жайга муктаж абалыбыздан пайдаланып, бийликтеги жетекчи топту сатып алуу жолу менен инвесторлор катары өлкөлөрүбүзгө кирип келүү жана өлкөдөгү маанилүү тармактарды колго алуу менен байлыктарыбызды ташып кетүү.

Кыргызстан агрардык мамлекет болгондуктан, анда оор өнөр-жайы жок, элди ал тургай трактор менен да камсыздай албайт. А түгүл, өлкө ичиндеги негизги азык-түлүктүн баасын да көзөмөлдөй албайт. Ошондуктан, Кыргызстан мамлекети ар дайым инвестордон жардам суроого мажбур. Бул болсо кулдук абалы болуп, андан кутулуунун бирден-бир жолу – оор өнөр-жайды өнүктүрүү жөнүндө пикирлөө.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан өнүгүшү үчүн учурдагы эл аралык башкаруу системасынан баш тартышыбыз керек. Себеби, эл аралык саясат жана ага көз каранды болгон дүйнөлүк башкаруу системасы ири мамлекеттер ортосунда талаш-тартыш астында калды. Алар биздин өлкөлөрүбүздөгү байлыктарыбызды бири-биринен талашышат. Дүйнөдө жүз берип жаткан бардык саясий, аскерий, сакафий жана маалыматтык күрөштөр бири-бири менен колония талашуу негизинде, башкача айтканда, биздин материалдык кызыкчылыктарыбызды бири-биринен тартып алуу негизинде ишке ашырылат.

Нарында курулушу күтүлүп жаткан логистикалык борбор да Кытайдын баскынчылык долбоорлорунун бири болуп эсептелет! Өкмөттүн бул долбоорду башын сайып коргоп жатышынын артында, Кытайга жагынуу, бул долбоор аркылуу убактылуу болсо да проблемаларды чечип туруу о.э. ТЭЦ, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунан сол чөнтөккө согуп калгандай жеке кызыкчылыктар жатат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here