بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Тынчтык келишими – капкан
Батыш жана анын малайлары Шам козголоңун ушул капканга түшүрүштү
Тынчтык келишими жана сүйлөшүү – капкан. Бул капканды өздөрүн донор деп атап жаткан, бирок, түпкүлүгүндө тил бириктирүүчү болгон мамлекеттер Шам козголоңун түшүрүү үчүн коюшту. Акыбетте, чегинүү жана кыйроо башталып, козголоң келишим, сүйлөшүү жана буфердик зона себептүү мына ушундай талкалануу абалына түшүп калды. Негизи, бул козголоң канкор Башар Асад режимин кулатышына бир кадам калган эле.
Бул тил бириктирүүчү донор мамлекеттер малай Асад режимин сактап калууга, Шам козголоңун жок кылууга жана адамдарды анын өкүмдарлыгына алууга аракет кылууда, муну менен ушул аракетке кошулган жана ишенген кимселерди бул дүйнөдө бири-бири менен согушуп, зыянга учуроо, Ахыретте Аллахтын катуу азабына дуушар болууга карай жетелеп жатат… Негизи, ачык-айкын зыян мына ушул.
Бул тынчтык келишими – Аллахтын душмандары менен мусулман өлкөлөрүндөгү араб-ажам акимдердин о.э. согушкер топтордон турган ушул жолду ээрчигендердин жолу, бул ар кандай адамга көрүнүп турат. Бул жол алардын шайтаний пландары т.а. саясий чечим деген нерсенин ишке ашышына алып барат. Саясий чечим болсо, кудум Фалестинде «эки мамлекет» чечими деп киргизилип жаткан чечим сыяктуу, Американын Сириядагы «саясий чечими» болупэсептелет. Мындан Шам козголоңун жок кылуу жана козголоңдун калыс перзенттерин коопсуздук кызматынын чеңгелине түшүрүү, ушул аркылуу канкор режимге мыйзамдуулук түсүн берип, куфр жана анын калкын сактап калуу көздөлгөн. Демек, Шам калкы Американын мындай саясий чечиминин коркунучун түшүнүп жетиши, андан этият болуп, кеч боло электен мурда аны кыйратышы керек.
Роя гезити, №342, 2021-жыл, 9-июнь.