Газа секторун бомбалоодо катышкан яхудий учкуч: түшкүндүккө түшкөн армиябыздын көңүлүн көтөрүү үчүн Газадагы имараттарды бомбаладык

164
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Газа секторун бомбалоодо катышкан яхудий учкуч: түшкүндүккө түшкөн армиябыздын көңүлүн көтөрүү үчүн Газадагы имараттарды бомбаладык

«Анадолу» маалымат агенттиги хижрий 1442-жылы 10-шаввал, миладий 2021-жылы 22-май күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Ишемби күнү «израилдик» аскер учкуч яхудийлердин «12 телеканалына» берген маегинде Газага жасалган аба чабуулдары учурунда калк жашаган имараттар бутага алынганын ачыктады. Ал: «Газа секторунан бизге карай атылган ракеталарды токтото албай, түшкүндүккө түшкөн армиябыздын көңүлүн көтөрүү үчүн Газадагы имараттарды бомбаладык», – деди.

Телемаекке Газанын онго жакын имараттарын, алардын катарында массалык маалымат каражаттарынын офистери жайгашкан имаратты да бомбалоодо катышкан бир нече учкучтар катышты.

Телеканал «Д» деп атаган офицер кесиптештеринин үрөй учурган аба чабуулдарына кыжаалат болбогонун айтты.

Офицер «Д» кошумчалап: «Алардын үстүнө тонналаган жарылуучу бочкаларды таштадык, буга эч ким күмөн кылбайт», – деди.

Бирок, офицер «Д» кесиптештери менен биргеликте туйган сезими жөнүндө айтып: «Мен аба чабуулуна чыкканымда, Газадагы имараттардын талкаланышы биздин көңүлүбүздү көтөргөнүн сездим. Себеби, ошол окуялардан улам жана Газадагы кыймылдардын бизге карата тынымсыз соккуларын токтотууда ийгиликке жетпегенден улам түшкүндүккө түшүп калган элек», – деди.

 Роя гезити, №341, 2021-жыл, 2-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here