Алтын жана күмүш – Ислам мамлекети колдоно турган негизги акча бирдиги

393
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Алтын жана күмүш – Ислам мамлекети колдоно турган негизги акча бирдиги

Суроо:

Ассаламу алайкум рахматуллоохи уа баркаатуху.

Урматтуу Шейх, Аллах сизди Өз колдоосуна алсын.

Индонезиядагы биздин кээ бир ойчулдар алтын жана күмүштү негизги акча бирдиги катары колдонууга кайтууну четке кагышат. Шарият бул нерсеге буйруган эмес дешет. Айрыкча, Умар ибн аль-Хаттаб төөнүн терисинен дирхам жасоону көздөгөнүн далил катары көрсөтүшөт, ушул пикир туурабы? Аллах ыраазы болсун. (Muhammad Ishak).

Жооб:

Алайкум ассалам рахматуллоохи уа баракаатуху.

  1. Алтын жана күмүш Ислам мамлекеттинде негизиги акча бирдиги катары кабыл алынышы керекетиги тууралуу шариат далилдерин баяндаганбыз. Муну биз «Экономика түзүмү» китебинде жана «Халифалык мамлекеттиндеги малдар» китебинде да кеңири баяндадык… Бул маселени биз «Конституцияга (дастур) киришүү» китебинде 167-берененин экинчи бөлүгүндө түшүндүрүп бердик. Ачык-айкындуулугу тунук болуш үчүн «Конституцияга киришүү» китебинде келген абзацты көрсөтүп өтөмүн:

«167- берене. Мамлекеттин акчасы чегилген же чегилбеген болбосун, айырмасыз, алтын жана күмүш болот. Бул экөөнөн башка нерсе негизги акча бирдиги болушуна жол берилбейт. Мамлекет казынада алтын менен күмүшкө барабар болгон шартта, алтын менен күмүштүн ордуна мамлекет дагы бир нерсе чыгарса болот. Эгерде ал алтын жана  күмүш менен толук камсыздала турган болсо, мамлекет өзүнүн аты менен накталай жез, коло, кагаз ж.б. чыгарууга жол берилет.

Ислам дини сатуу жана ижарага берүү өкүмдөрүн белгилегенде, товар алмашуу же күч-аракет жана пайда алмашуу үчүн конкреттүү эч нерсе  белгилеген эмес. Алмашуу анын божомолунун негизинде жүргүзүлөт. Өз ара бул алмашууда макулдук болгондо гана адамга бир нерсе алмаштырууга жол берилет. Тигүүчүлүктү үйрөтүп, аялга үйлөнүшү мүмкүн. Заводдо бир ай иштеп, унаа сатып алышы мүмкүн. Белгилүү бир өлчөмдөгү шекерге бир адамдын алдында иштөөсү мүмкүн. Ушундай көрүнүштө шариат соода жана ижаранын бардык далилдери негизинде: адам баласына каалаган нерсесин айырбашташына уруксат берген.

﴿وَأَحَلَّ ٱللَّهُ ٱلۡبَيۡعَ

«Аллах сооданы адал кылды»                                                                                      [2:275]

Хадисте айтылат:

«أَعْطُوا الأَجِيرَ أَجْرَهُ قَبْلَ أَنْ يَجِفَّ عَرَقُهُ» أخرجه ابن ماجه، »

«Кызматкердин эмгек акысын анын тери кургай электе бергиле». (Ибн Маажа). Башкача айтканда, бул эмгек акынын түрү кандай болбосун, жумушчуга жумушун бүтүрөрү менен эмгек акысын берүү керек. Ошондой эле, түпкүлүгүндө далилге байланууга (мукаййад) муктаж болгон айырбашталуучу нерсе бул иш (амал) эмес. Ал нерселер болуп саналат. Нерселердин аслы (түпкүлүгү) – эгер аны арамдыкка чыгара турган далил келбесе – мубах болот. Ушуга ылайык, айырбашталышы арамдыкка чыгарган далилде келген нерселерден тышкары нерселерди сатууну, сатып алууну, белекке берүүнү жана айырбаштоону шарий алакалар аркылуу жүргүзүүгө жол берилет… Анын негизинде товарды нак акчага жана акчаны товарга алмаштырууга толук түрдө жол берилет. Накталай акчаны накталай акчага алмаштыруу мындан тышкары, анын атайын өкүмдөрү бар, анткени ал да ушул өкүмдөр менен чектелет. Ошол сыяктуу эле, күч-аракетти накталай акчага жана накталай акчаны күч аракетке  толук түрдө (мутлак) алмаштырууга болот. Арамдыгы тууралуу далили келген товарлар же аракеттер мындан тышкары. Ушунун негизинде, товарды белгилүү бир акча бирдигине алмаштыруу, ошондой эле, күч-аракетти белгилүү бир акча бирдигине алмаштыруу мубах болуп саналат. Бул акча бирдиги кандай болуштугуна карабастан, толук түрдү жол берилет. Бул акча бирдигинин кепилдиги жок (алтын менен камсыздалбаган) болсо, дагы толук түрдө жол берилет, мисалы милдеттүү кагаз акча сыяктуу, же бул акча бирдиги белгилүү бир алтындын пайызына барабар болсо, мисалы документалдуу кагаз акчага айырбаштоо сыяктуу. Же бул акча бирдиги алтын жана күмүш менен толук камсыздалган болсо, мисалы толуктоочу (орун басар) кагаз акча сыяктуу.  Бул акча бирдигинин баары айырбаштоого жарамдуу. Ошондуктан, товарды же күчтү кандайдыр бир накталай акча бирдигине алмаштырууга болот. Мусулман адамга каалаган накталай акча менен сатууга, каалаган накталай акча менен сатып алууга жана ар кандай накталай акча менен ижарага алууга, ар кандай акча бирдиги менен төлөөгө уруксат берилет.

Бирок, эгер мамлекет өзү башкарган өлкөлөргө белгилүү бир акча бирдигин камсыз кылууну кааласа, зекет, айырбаштоо, сүткордук жана башкалар сыяктуу эле акчага байланыштуу шарият өкүмдөрүн жүзөгө ашырат. Же акчасына ээ болгон адамга байланыштуу өкүмдөр, мисалы, кун акчасы, уурулуктун көлөмү ж.б. Бирок, мамлекет кандайдыр бир акча бирдигин жасай бере албайт. Тескерисинче, ал белгилүү бир акча бирдиги менен байланышкан жана ага кандайдыр бир жол менен башкасын жасоого жол берилбейт. Шариат алтын жана күмүштөн турган белгилүү бир түрдөгү накталай акча бирдигин дайындаган. Эгерде мамлекет накталай акча чыгаргысы келсе, анда ал акчаны алтын жана күмүш менен гана жасоого чектөө коюлган. Шариат мамлекетке каалаган накталай акча түрүн чыгара берүүгө уруксат берген эмес. Тескерисинче, шарият мамлекет накталай акча бирдиктери менен накталай акча жүгүртүүнү каалаган учурда, мамлекет өз акчасын алтын жана күмүштөн  жасашы керектигин белгилеп берген, ал экөөнөн башкасын эмес. Буга далил: Ислам алтын жана күмүшкө байлашыштуу өкүмдөрдү өзгөрүлгүс кылып койгон. Кундун акчасын белгилүү бир өлчөмдө алтындан болушун белгилеген. Ошондой эле, уурунун колун кесүүдө, ал уурдаган  алтындын көлөмүн да белгилеген. Пайгамбар A Йемен элине жазган катында  мындай деген

وَأَنَّ فِي النَّفْسِ المُؤْمِنَةِ مِاْئَةً مِنَ الإِبِلِ، وَعَلَى أَهْلِ الْوَرَقِ أَلْفُ دِينَارٍ

«Момундун куну жүз төө акча адамдарына миң динар». Ибн Кудама Аль-Мугниде Амр бин Хазм Расулуллах A Йемен элине жазган кат тууралуу окуяны айтып өткөн. Расулуллах A Йемен элине жазган кат жөнүндө Аль-Насаинин риваятында (акча адамдары) ордуна (алтын адамдары үчүн  үчүн миң динар) деп келген. Пайгамбар A айтты:

لا تُقْطَعُ يَدُ السَّارِقِ إِلاَّ فِي رُبْعِ دِينَارٍ فَصَاعِداً

«Уурунун колу, төрттөн бир динар жана андан жогору болгон учурда кесилет». (Муслим риваяты, Аиша Iдан риваят кылынган). Динар дирхамдардагы белгилүү бир өкүмдөрдүн мындай мүнөздөмөсү, алтындан болгон белгилүү бир салмактагы динарды жана күмүштөн болгон белгилүү бир салмактагы дирхамды нерселер жана күч-аракеттер өлчөнүүчү акча бирдиги экендигин көргөзүп турат. Демек, бул акча бирдиги негизги накталай акча бирдиги болуп саналат. Шариаттын өкүмдөрүнүн алтын жана күмүшкө байланышы – бул акча алтын жана күмүш гана экендигинин далили. Ал экөөнөн башкасы эмес. Ошондой эле, Аллах Субханаху ва Таала зекетти накталай акча менен болуусун буйруганда, алтын жана күмүштөн болуушун буюрган. Андан башкасына эмес. Зекеттин нисообу (өлчөмү) алтын жана күмүштөн болуштугун белгилеген. Накталай акчанын зекетин алтын жана күмүш менен эсептөө негизги акча бирдиги накталай алтын жана күмүш экендигин билдирет. Ошондой эле, акча алмашуу операциялары боюнча алмашуу өкүмдөрү жалаң алтын жана күмүш менен келген. Исламда айтылган бардык каржылык алакалары алтын менен күмүшкө негизделген өкүмдөр менен келген. Алмашуу – бир валютаны экинчи валютага сатуу, же бир валютаны ошол эле валютага сатуу, же бир валютаны башка валютага сатуу, башкача айтканда, алмашуу накталай акчаны накталай акчага сатуу. Шарияттын алмашуу алакасын белгилөөсү – бул жалаң накталай акча алакасы болуп саналат. Ачык-айкын шарий далилдер акча бирдиги алтын жана күмүштөн болуш керектигин көргөзүп турат. Андан башкасын эмес. Ошондой эле, Аллах Субханаху ва Таала зекетти накталай акчага буюрганда, анын алтын жана күмүштөн болуусун буйруган. Андан башкасын эмес. Зекеттин нисобун да алтын жана күмүш менен белгиледи. Зекеттин акчасын алтын жана күмүш менен эсептөө, акча алтын жана күмүш экендигин билдирет. Ошондой эле, акча алакаларындагы өкүмдөр да жалаң алтын жана күмүш менен белгиленген. Исламда көрсөтүлгөн бардык каржылык операциялар алтын менен күмүшкө негизделген. Алмашуу – валютаны валютага сатуу, же бир валютаны өзүнө эле сатуу. Же бир валютаны экинчи валютага сатуу. Башкача айтканда, алмашуу – бул накталай акчаны накталай акчага сатуу. Шарияттын алмашуу алакасын белгилөөсү – бул жалаң гана акча алакалары болуп саналат – алтын жана күмүш алкалары, андан башкасы эмес. Нак акча алтын жана күмүш гана болушу керек экендигинин ачык далилдери: Пайгамбар A айтты:

«وَبِيعُوا الذَّهَبَ بِالْفِضَّةِ وَالْفِضَّةَ بِالذَّهَبِ كَيْفَ شِئْتُمْ»

«Алтынды күмүшкө, күмүштү алтынга каалаганыңарча  саткыла». (Аль-Бухари риваяты, Абу Бакра Gдан риваят кылынган. Ушул кыяста эле Муслим Убаадата бин Саамит Gдан риваят кылган). Пайгамбар A айтты:

«الذَّهَبُ بِالْوَرِقِ رِباً إِلاَّ هَاءَ وَهَاءَ»

«Алтынды күмүшкө сатуу риба, колмо кол жана салмакка салмак менен гана сатуу риба эмес». (Муттафакун алайхи, Умар Gдан риваят кылынган). Андан тышкары, Пайгамбар A алтын менен күмүштү накталай акча болуштугун белгилеген жана аларды товарлар менен күч-аракеттер өлчөнө турган накталай акча катары болуштугун жолго койгон. Алтын жана күмүштүн негизинде алакалар жүргүзүлгөн. Ошондой эле, ал ушул валютага унция, дирхам, данк, карат, салмак жана динар стандарттарын киргизген. Булардын бардыгы Пайгамбарыбыз Мухаммад Aдын  убагында адамдар арасында белгилүү болгон. Пайгамбар A бул нерсени макулдаган. Бардык сатуу жана карыздар сахих хадистерде далилденгендей, алтын жана күмүш менен белгилеген. Пайгамбар Aдын алтын жана күмүштү накталай акча бирдиги катары кылган. Аллах шарияттын кээ бир өкүмдөрүн алтын жана күмүшкө байланыштуу кылып койгон жана зекетти алтын жана күмүш менен бериле турган кылып буйруган. Алмашуу жана акча алакаларын алтын жана күмүшкө чектеп койгон. Ушулардын баардыгы Исламда накталай акча бул алтын жана күмүш гана болуштугуна ачык далил болот». («Конституцияга киришүү» китебинен алынган цитата бүттү).

  1. Ислам мамлекетти бир гана алтын жана күмүштү акча катары колдондугун түзмө-түз көргөзүп турган шарий далилдерди көрөбүз. Пайгамбар Aдын алтын жана күмүштү акча бирдиги катары тастыктаган макулдугу Исламда акча бирдиги алтын жана күмүш экендигине жетиштүү шарий далил болмок. Бирок, Аллах Пайгамбар Aдын тастыгына чектелбестен риба, зекет, кун бабында ж.б акча алакалакарына байланышутуу бабтарда алтын жана күмүш менен белгиледи. Ошондуктан, Исламдагы шарий тараптан кабыл алынган акча бирдик бул шарий өкүм бар болуп турганда алтын жана күмүш гана болоорун көргөзүп турат. Башкача айтканда, Кыяматка чейин Исламдагы негизги акча бирдик бул алтын жана күмүш болот, андан башкасын акча бирдик катары белгилөөгө шарият жол бербейт.
  2. Умар Gдан төөнүн терисинен дирхам алууну көздөгөн деп риваят кылынган жана бул биз таббаний кылган нерсеге дал келген эки жол менен баяндалган:

– Аль-Баладхари Фаттух аль-Булдан (3/578) китебинде риваят кылган: Амр ан-Накид айтты, Исмаил бин Ибрахим айтты, Юнус бин Убайда, Аль-Хасандан айтты: Куфр эли болгон адамдар, бул дирхамдын адамдар арасындагы ордун билишкенде, алар аны жакшыртып сактап калышты: качан ал силерге келгенде алдадыңар жана аны буздуңар. Умар бин Аль-Хаттаб айтты: «Мен төөнүн терисинен дирхам жасоону кааладым». Ага: «Төө жок калат» деп жооп беришкенде. Ал аны жасоону токтотту.

– Хижрий 211-жылы көз жумган Абдул Раззак аль-Санъани «Тафсир Абд аль-Раззак» китебинде Маъмардан, Яхья болсо Айюбдан Ибн Сиринден риваят кылган. Умар ибн Хаттаб төөлөрдүн терисинен дирхам жасоону  каалады, алар: «Анда төө жок калат», – дешти. Ал аны жасоодон тыйылды.

Кээ бирөөлөр ушуну менен Исламда мамлекет өз валютасын алтын жана күмүш менен жасабоосу жана анын ордуна булгаары жана башка ушул сыяктуу нерселер менен накталай акча жасашы мүмкүн экендиги жөнүндө тыянак чыгарууга аракет кылышып, ушул риваяты далил кылууга аракет кылышат. Сиздин сурооңузда айтып өткөнүңүздөй, азыркы учурда адамдардын айрымдары алтын жана күмүш стандартына кайтуудан баш тартып, Умар Gдан риваят кылынган ушул сөзгө таянуу менен милдеттүү кагаз акча бирдиктерин жактырышат. Бул маселеге бир нече жол менен каршы жооп берүүгө болот:

А. Жогоруда айтылгандай жана түшүндүрүлгөндөй, Исламдагы акча бирдик бул алтын жана күмүш экендигин көрсөткөн шарий далилдер келтирилди. Бул далилдер Пайгамбар Aдын Исламда акча бирдиги алтын жана күмүш экендигин тастыктаган макулдугу, ошондой эле Аллах акча алакаларына байланыштуу көптөгөн шарий өкүмдөрдү алтын жана күмүшкө негиздеп буйругандыгы. Кантип анан ушул күчтүү далилдерди четте калтырып, Умар Gдан риваят кылынган ачык жана бекем далилдерге каршы келген сөздү далил катары колдонуу мүмкүн? Бул далил келтирүүдө шарий далилдерден туура корутунду чыгаруудан алыс болгон, таң калычтуу маселе эмеспи?!

Б. Эки жол менен айтылган бул риваятта риваят чынжыры тарабында да көйгөй бар.

Бул эки риваяттын чынчырында бир үзүлүш бар, анткени Умар ибн Хаттабдан биринчи риваят кылуучу Хасан аль-Басри болгон жана ал Умар Gну көрбөй калган. Ал Азирети Умардын халифалыгынын аягында өлүмүнөн бир аз мурун төрөлгөндүктөн, андан алган эмес. Экинчи риваятта айтылган риваятчы Ибн Сирин жана ал дагы Умар ибн Хаттабды көргөн эмес жана ал андан риваят кылган эмес, ал Умардын халифатынын аягында төрөлгөн деп айтылат, дагы бир риваятта Усман халифалыгында төрөлгөндүгү айтылган.

В. Пайгамбарыбыздын сахих далилденген хадистеринен айырмаланып, жеткирүү тизмеги үзүлүп калган ушул риваяттарды кабыл алуу канчалык туура?!

Ал-Хассан Басринин риваяты: Умар бин Аль-Хаттаб G айтты: «Мен төөнүн терисинен дирхам жасоону кааладым». Башкача айтканда, маселе Умардын кандайдыр бир иш-аракет жасоодо «каалоосу» болуу чегинен чыккан жок жана ал аны жасаган да жок… Ошондуктан, алтын жана күмүштөн башка  нерсени акча бирдиги катары уруксат берген далил катары бул несеге кандай таянабыз? Башкача айтканда, Исламдагы акча бирдиги тууралуу Куран Каримдеги жана Расулуллахтан риваят кылынып далилденген ачык-айкын далилдерди алуунун ордуна, ачык-айкын болбогон Умар Gдан риваят болгон «каалоо» сөзүнөн далил алуу кандай болот?! Бул таң калычтуу нерсе эмеспи?!

Г. Туура жолдогу Халифалар Расулуллах сыяктуу алтын жана күмүштү накталай акча катары колдонушкандыгы тастыкталган. Башкача айтканда, Умар Gнун халифалык доорунда колдонулган акча бирдиги алтын динар жана күмүш дирхам болгон. Пайгамбарыбыздын учурунда жана Умар G баш болгон рошид Халифтер мезгилинде алтын, күмүш негизги акча бирдиги катары колдонулгандыгын көргөзгөн туруктуу шарий далилдерди таштап, Умар G төөлөрдүн терисинен дирхам алгысы келген деген риваяты далил катары кантип алабыз?! Башкача айтканда, анын «каалоосу» жөнүндө риваятты кантип алабыз? Анын халифалык доорунда алтын жана күмүштү накталай акча катары пайдаландыгы иш-аракетинен далилденген нерсени кантип таштайбыз? Аллах бардык сахабалардан ыраазы болсун.

Ошентип, Умар Gдан айтылган риваятты далил катары алуу туура эмес. Ошондой эле, Исламда мамлекет кандай акча бирдигин алуу тууралуу бир өкүм белгилеген эмес дегенге да далил боло албайт. Ошондой эле, күчтүү жана ишенимдүү далилдерге каршы далил боло албасы айдан ачык болуп жатат…

  1. Жогоруда айтылгандарга кошумча бул нерсе дүйнөдө алтын жана күмүш стандартын колдонуудан баш тартып, милдеттүү кагаз акча бирдигин колдонууга алып келет. Мунун натыйжасында өзгөрүлүп турган алмашуу курстары, АКШ доллары базарларды көзөмөлгө алуусуна, алсыз өлкөлөрдүн валюталарына зыян келтирүү жана алардын сатып алуу жөндөмү өтө жогорку темптер менен төмөндөөсү сыяктуу ж.б. ири зыяндарды келтирип чыгарат. Акча-кредиттик, каржылык жана экономикалык аспектилерди караган ар бир адамга белгилүү зыяндар. Бул ири зыяндардан жана ири капиталисттик өлкөлөрдүн, айрыкча Американын көзөмөлүнөн кутулуу мүмкүн эмес. Андан арылуу бир гана  алтын жана күмүш эрежесине кайтып келүү менен ишке ашат. Ошондой эле, дүйнөнү кафир колониялык өлкөлөрдүн, айрыкча Америка кагаз акчасынын үстөмдүгүнөн жана глобалдык экономиканын көзөмөлүнөн сууруп чыгып алтын жана күмүш стандартына кайтууга тартуу менен ишке ашат. Бул нерсени ишке ашырууга бир гана Халифалык мамлекети жөндөмдүү, Ин шаа Аллах.

Жогоруда айтылгандардын бардыгы Халифалык мамлекеттинин негизги акча бирдиги бул алтын жана күмүш экендигин ачык-айкын далилдеп турат, андан башкасын эмес. Аллах Билүүчү жана Даанышман.

Боордошуңар Ата ибн Халил Абу Рошта                                                24-мухаррам, 1442-х.

12-сентябрь, 2020-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here