Чыгыш Түркстанда мусулман болуу эмнени түшүндүрөт?!

223
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Чыгыш Түркстанда мусулман болуу эмнени түшүндүрөт?!

 Устаз Асия

Топурагы мазлум мусулмандардын көз жаштары жана пакиза кандары менен суугарылган өлкө. Ысымы айтылышы менен эле көз алдыңда репрессиялардын, кыйноолордун, адам өлтүрүүлөрдүн жана кыргындардын элеси пайда болгон өлкө. Кытай режими «маданиятташтыруу жана кайра таалим берүүнү» шылтоолоп мусулман калкка каршы эң үрөй учурган кылмыштарды жасап, бүтүндөй камак лагерине айланган өлкө. Бул камакка алуулар жана коркутуулар таптакыр токтобой жаткан, бул камоолорсуз жана коркутууларсыз адамдар кудум жашай албаган, кудум алар үчүн бул нерселер аба жана азык сыяктуу зарыл болгон муктаждыкка айлантылган өлкө. Качан коммунист полиция келип, камакка алышын билбейсиң… Бул кайсы өлкө?! Тааныган болсоңуз керек?! Албетте, бул залим Кытай мамлекети басып алган – Чыгыш Түркстан.

Ушунча зулумдар кандай болорун адам элестете албаса керек?! Ал жерде адам кантип жашашы мүмкүн?! Чыгыш Түркстанда жашоо бир коркунуч болуп, аны түшүңдө да көргөндөн коркосуң. Бирок, миллиондогон уйгур мусулмандар мына ушундай оор зулум астында жашап келишүүдө.

Чыгыш Түркстандагы мусулмандын жашоосу өлүм менен барабар. Сен мусулмансыңбы, анда, диниңди жада калса жүрөгүңдө да сактай албайсың. Себеби, коммунисттик режим «дин – апийим, ал террористти даярдап чыгарат» деп Исламга ачык согуш жарыя кылды. Ушул негизде бул кудайсыз режим Куръан нускаларын өрттөдү, мечиттерди бузуп, клубдарга айлантты жана Исламдын ар кандай көрүнүшүнө тыюу салды. Ал Исламга каршы күрөшүү үчүн ар кандай ыкманы кодонуп жатат… Мусулмандарды мечиттерде эле эмес, ал тургай, үйлөрүндө да намаз окууга тыюу салууда… Учурашканда исламий саламды колдонууга да тыюу салды. Рамазан айында орозо кармоого тыюу салып, мусулмандарды күндүзү расмийлердин көз алдында жеп-ичүүгө мажбурлоодо. Мындан баш тарткандарды «террорист» деп айыптап, камап жатат. Камак лагерлеринде болсо, мусулман туткундарды түрдүү ыкмалар жана каражаттар менен тынымсыз жырткыч кыйноолорго салууда. Ал тургай, бул макаланы окуп жатканыңда да уйгур мусулмандары үрөй учурган кыйноолорду баштарынан өткөрүшүүдө.

Камак лагерлеринен сырттагы мусулмандардын абалы да лагердин ичиндегилерден жеңил эмес. Алардын баары мажбурий эмгек лагерине тартылган. Мисалы, ири заводдордо же плантацияларда арзыбаган акчага же бекер кулдай иштетилүүдө. Таалим жаатында мусулмандар коммунисттик назарияны окууга мажбурланышууда… Көчөлөрдө ар элүү метрде күзөтүү камералары, ар үч жүз метрде адамдын документин текшерген пункттар орнотулган… Мусулмандар өз үйлөрүнө кирерде да, чыгарда да тинтүүгө кабылышат.

Муслима аялдардын абалына келсек, алардын ахвалы баарынан оор. Кытай режими каалаган учурда муслималарды да камакка алат жана «ишенимин оңдоону» айтып лагерлерге жөнөтөт… Ал жерде муслималар да кыйноого алынып, ал тургай, намыстарына жамааттык кол салуу болот. Кош бойлуулукту алдын алуу жана төрөбөс кылуу үчүн аларга ар кандай препараттар мажбурий колдонулат, эркектер алдында авраттарын көрсөтүүгө мажбурланат. Лагердин сыртында режим муслималарга жоолук оронууга тыюу салган, узун кийим заматта кыскартылат. Бийлик жолдошторун камакка алгандан кийин алардын үйүнө кытайлык эркектерди жайгаштырып, камак мөөнөтү аяктаганга чейин алар аркылуу аялдарды көзөмөлдөп турат.

Ооба, булар жалган да, ойлоп табылган окуя да, кыял же тарыхий жомок да эмес. Жок, бул биздин кылымыбызда т.а. Батыш аялдардын укуктарын коргорун айтып жаткан заманда эң көп жасалып жаткан кылмыштар. Бул уйгур муслималардын негизги укуктарын коргосо болобу?!

Чыгыш Түркстандагы мусулман балдардын абалы да өтө кейиштүү. Аларды оор тагдыр күтүүдө. Алар тирүү жетимге айланышкан… Ата-эненин кам кордугунан жана мээриминен кур калышкан. Кимдин эле жүрөгү мындай абалды көтөрө алсын?! Алар да балдар үйүндө камакка алынып, мамлекет тарабынан «кытайлаштырылууда». Башкача айтканда, Ислам дининин душманы катары өстүрүү жетиштирүү үчүн өз дининин жана улутунун маданиятын тааныбаган коммунисттик рухта тарбияланышууда… Кытай режими аларды Ислам жана мусулмандарга каршы кылмыштарда жардам берген кулдарга айлантууда.

Жогоруда айтканымдай, бул жалган да, тарыхий жомок да эмес. Бул сабырдуу уйгур мужахиддеринин мубарек өлкөсүндө жана бүткүл мусулман башчыларынын сүкүтү астында болуп жаткан реалдуу окуялар. Чындыгында, бул өлкө мусулмандары тартып жаткан зулумдар ар кандай инсаний чектен чыгып кетти, элестеткис даражага жетти. Бул азап-кыйынчылыктар качан токтойт?! Ким токтотот?! Ким залим Кытайдан өч алат?! мусулмандарга каршы геноцидди көрүп-билип туруп, «бул абалдан кабатырда экендигин билдирүү» менен гана чектелген Бириккен Улуттар Уюмубу?! Мусулмандар ири кылмышкер мамлекеттерди колдоп-кубаттап, унчукпоо менен алардын зулумдарына жардам берип жаткан бул уюмдан жардам күтүшөбү?! Булардын бардыгы мусулмандар акимдери сокур, дүлөй, дудук, акылдары иштебеген саткын экендиктерин көрсөтүп турат! Алар өздөрүнүн күрсүлөрүнөн башка нерсени ойлобостугун о.э. Кытайдын мусулмандарга каршы кылмыштарын коргогондо эч бир уялууну сезбестиктерин көрсөттү!

Мусулмандардын азап-кыйынчылыгына чекит коё турган да, аларды кылмышкер кафирлердин зомбулугунан коргоп, динине амал кылуу жана ибадаттарын аткаруу мүмкүнчүлүгүн жаратып бере турган да – бул Халифалык. Расулуллах ﷺ кабар бергендей, имам-халифа – анын артында туруп согуша турган жана аны менен коргоно турган калкан. Т.а. халифа мусулмандарды залимдердин жамандыгынан коргойт. Ушундай болгон соң, мусулмандар бул акыйкатты качан түшүнүп жетип, Хизб-ут-Тахрир менен биргеликте Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылышат?! Акыры, Халифалык Аллах Тааланын убадасы болсо… Аллах Өз убадасына эч качан тескери иш кылбайт.

 Роя гезити, №339, 2021-жыл, 19-май.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here