Орусия менен Кыргызстандын башкы дипломаттары жолугушту

214
0

Орусия менен Кыргызстандын башкы дипломаттары жолугушту

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин (ТИМ) жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Орусиянын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда ТИМ башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана аймактык кырдаал боюнча пикир алмашты. Лавров өз сөзүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын иш-аракетин кубаттап, эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин улантуу зарыл экенин белгиледи.

Ал эми Лавровдун Тажикстандык кесиптеши менен болгон жолугушууда аскердик-техникалык кызматташтык, тажик куралдуу күчтөрүн калыптандырууга көмөктөшүү маселелери козголду. Ал ошондой эле жакында Орусия жана Тажикстан Ооганстан менен чек ара пунктун реконструкциялоо тууралуу өкмөт аралык келишимге кол коюшарын кошумчалады. Ал ишти Москва каржыламакчы.

Белгилей кетсек, АКШнын контингенти Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгып кетүүгө тийиш. Мындан айкын болгондой, Кыргыз-Орус жолугушуусу формалдуу гана мүнөзгө ээ болуп, негизги маани Тажик тарапты өз таасирине алуу менен АКШ базасын аймакта ачуусуна каршы туруу болуп эсептелет.

“Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму”, мурунку “Ташкент пакты” – аймактык уюм болуп, “тынчтыкты сактоо, аймактык жана дүйнөлүк коопсуздукту жамааттык негизде сактоо” милдетин алган. Уюм 1992-жылы 15-майда Ташкентте, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын катышуусунда түзүлгөн.

1993-жылы Азербайжан, Белоруссия жана Грузия кошулуп, кийин Азербайжан, Грузия Өзбекстан бул уюмдан чыгып кеткен. Учурда 6 өлкө уюмдун катарын толуктап турат. 2002-жылы 7-октябрда Кишинёвдо (Молдова) уюмдун уставы бекитилип, 2003-жылы 18-сентябрда күчүнө кирген жана 2004-жылы 2-декабрда БУУ тарабынан тастыкталган.

ЖККУнун курамында 26 миң туруктуу аскер жана 4 миңден ашык тынчтыкты сактоочу аскерден турган 10 батальон, жамааттык коопсуздукту камсыздап турат. Анын 3 батальону Россияга, экөө Казакстанга, калган өлкөлөргө бирден батальон тиешелүү. Аба күчтөрүнөн 10 аскердик учак жана 14 тик учак Кыргызстанда Орусиянын авиа базасында жайгашкан. ЖККУнун жалган жашырылган максаттары «аймактык бүтүндүктү сактоо» жана «эл аралык терроризмге каршы күрөшүү» болуп эсептелет.

2005-жылы Өзбекстандын сунушу менен кабыл алынган кеишимге ылайык, ЖККУ мүчө мамлекеттен тышкарыда да мамлекеттик төңкөрүштөргө каршы аскердик операцияларды жүргүзө алат. Бул өз учурунда Армения-Азербайжан жана Кыргызстан-Өзбекстан-Тажикстан ортосундагы чыр-чатактарга аралашууга шарт түзөт.

Жогорудагы маалыматтардан келип чыгып айтсак, ЖККУ региондо негизги эки кызматты аткарат. Биринчиси, бул уюм Орусияга өзүнүн мурунку колониясындагы таасирин сактап, анын кызыкчылыктарын камсыздап берет. Бул өз кезегинде, башка державалардын регионго аскерий аралашуусун тыйып коёт.

Экинчиси, Эл аралык кербен менен бирге “терроризм” шылтоосу астында региондогу мусулман калкка каршы күрөшөт. Тагыраагы, Исламды толук колдонууга аракет кылган мусулмандарды сындырууну көздөйт.
Мындан тышкары, Орусия региондогу аскерий базалары т.а Кыргызстан менен Тажикстанда жайгашкан базалары аркылуу жана Казакстанда жашыруун сакталган аскердик курал-жарактары аркылуу да өз таасирин сактап турат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here