Кыргызстан-Тажикстан чегара окуялары тууралуу
Жаңжалдын империалисттик саясатка тиешелүү жагы
СССР ыдырагандан кийин да Россия Орто Азия өлкөлөрү үстүнөн түздөн-түз колонизаторлугун сактап калган. АКШ болсо андан тартып алуу аракетинде. Бул жаатта жалпы Батыш АКШны колдойт. АКШ алгач Тажикстандагы жарандык согуштан (1992-97-жж.) пайдалануу менен Тажикстанды тартып алууну ойлогон. Бирок, ал Россия пайдасына чечилген. Кийин Ооганстанда “Талибанды” бийликке алып келүү менен Россия колонизаторлугуна аскерий кооп туудурган, бирок, Америка менен Талибандын каршылашып калышы себептүү бул коркунуч жоюлган. Андан бери Америка аймакта саясий-экономикалык ири долбоорлорду ишке ашырууга аракеттенип келет. Бул долбоорлор Борбор Азия мамлекеттерин өз ара интеграциялоого каратылган. Бирок, эгер Орто Азияда мамлекеттер аралык же жарандык согуштар тутангыдай болсо, башка долбоорлорду таштап, Америка бул согуш отторун жалындатууга кызыкдар. Себеби, ал согуштар Россия колониялары тутумунда туруксуздуктарды келтирип чыгарып, Россия колонизаторлугун алсыратат жана АКШнын аймакка ар тараптуу кирип келүүсүнө шарттарды жаратат.
Россия болсо, өз колониясындагы өлкөлөрдү бириктирип кармап турган идеологиясы болбогондуктан, карамагындагыларды күч менен кармап турат. Терроризм жана экстремизм коркунучу менен коркутат, чегара чыр-чатактарын чыгарат, мигранттарды кысат ж.б.у.с. Буга чейин Тажикстанды ЕАЭБге киргизиш үчүн, чегара окуялары аркылуу басым жасап, Кыргызстандан пайдаланып келген эле. Мунусунда башкача болду.
Бу жолу Россия Тажикстан бийлигин Кыргызстанга тукуруу аркылуу “бир ок менен эки коён атмакчы” болду. Биринчиден, белгилүү болгондой, АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгып кетмекчи. Ал үчүн, алып чыгып бараткан контингентин Пакистан сыяктуу өзүнө караштуу мамлекеттерге жайгаштырганга караганда, Россияга караштуу мамлекеттерге жайгаштырганы пайдалуу. Себеби, мындайда Россия колонияларын тартып алууда дагы бир кадам алга жылган болот.
“New York Times” басылмасы 15-апрелде АКШ расмийлери Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен базадан пайдалануу сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөнүн кабарлады.
АКШ мамкатчысы Энтони Блинкен 22-апрелде Өзбекстандын жана Казакстандын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөнүн маалымдады.
Ушулардан улам, бул жаатта Россия өз кадамдарын таштап баштады. Себеби, Россия өзүнө караштуу жерлерде АКШ базалары болушун каалабайт. О.э. Афганистандан аскерлерин алып чыгып кеткенден кийин да, Америка өзүнө караштуу Афганистандын жаңы бийлиги жана алдын ала алып келип койгон куралдуу жамааттар аркылуу Россия кызыкчылыктарына кооп туудурушунун каалабайт. Бул региондогу кызыкчылыктар согушунда Тажикстан Россиянын чегарасы болуп саналат. Ошондуктан, 26-27-апрель күндөрү Россия коргоо министри Тажикстанда болду жана аскерий келишимдер түзүп кетти.
Россия аткан экинчи “коён” мындай болду. Маалым болгондой, Кыргызстан президенти 11-12-мартта Өзбекстанда болуп, ири келишмдер түзүп кайткан эле. Кийин УКМК жетекчиси 24-25-марттагы сапарында Өзбекстан-Кыргызстан чегара маселелери 100% чечилгенин айтып келген. Бул келишимдер АКШнын Орто Азия өлкөлөрүн өз ара интеграциялоо долбоору алкагында болгондуктан, бул Россиянын каарын келтирди. Ошондуктан, алгач Россиянын оппозициядагы кадрлары тарабынан Кыргызстан-Өзбекстан келишүүлөрүнө каршылыктар көтөрүлдү. Андан соң, Кыргызстан-Тажикстан чегара маселесинде Россия Тажикстанды колдоо аркылуу Кыргызстан бийлигин жазалап коймокчу болду. О.э. бул аркылуу Өзбекстан жана Казакстан бийликтерин Россия каалоолоруна каршы иш-аракет кылуудан коркутуп коюуну көздөдү.
18-апрелде, Баткен районунун тургуну Эсенбай Мажитов Россияда орус укук коргоо кызматтары тарабынан кармалды. Буга Тажикстандын ага карата издөө жарыялаганы себеп болду. Бул Россиянын чегара маселесинде Тажикстанды колдой баштаганын каңкуулайт эле. Мурун Кыргызстанды колдоп жатканда болсо, февраль айында Кыргызстандын издөөсү негизинде Тажикстан жараны кармалган болчу.
Чегара жаңжалы башталган 28-29-апрель күндөрү Тажикстанда ОДКБ мүчөлөрүнүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны болуп өттү. Анда чегара окуяларын токтотууга эч кандай аракеттер болбоду. Демек, бул ОДКБ жетекчиси болгон Россиянын бул жаңжалды колдогонун түшүндүрөт.
29-апрелде Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова чек арадагы акыркы кырдаалга көз салып турганын билдирди. Демек, бул окуя Россия көзөмөлү астында турганын билдирет. Ушул жана бул сыяктуу фактылар окуянын колдоочусу жана уюштуруучусу Россия экенин айгинелеп турат.
Бирок, Батыш өз кадрлары аркылуу бул окуяны өз кызыкчылыктарына бурууну ойлоду. Алгач калктын туйгусунан пайдаланып, мамлекетти согушка киргизүүгө мажбур кылмакчы болду. Өзүнө караштуу мамлекеттерди Кыргызстанга тымызын колдоо көрсөтүүгө түрттү. Бирок, Кыргызстанда бул максатты ишке ашыра турган кадрлары жок болгондуктан, мунун өтөсүнө чыга албады. Ал тургай, батышчыл генералдар да Россиядан коркуп, бул ишти аткарууну мойнуна албады. Эгер мойнуна алса, Батыш андан “улуттук баатыр” жасамак эле, бирок, ал генералдар Россия колу менен өлтүрүлүп жиберилишинен коркту. Бийлик болсо согуштан качты, анткени, жаңжалдын артында Россия турганын көрдү. Анын сценарийине каршы чыгып алса, бийликтен кулатылып, ордуна башка малайын алып келип коёт деп чоочуду. Ал тургай, Россия да, Тажикстан да белгиленген сценарийдин акырына келип токтошун билип туруп да коркушту. “Элди ойлодук” дегени калп. Элге ушунчалык кайгы-касырет тарттыргандар ошолор, эгер элди ойлогону чын болсо, анда алар мындагы өздөрүнүн жоопкерчиликтери тууралуу да айтышат эле го…
Азыр Батыш маалымат чабуулуна өттү. Анын өлкөдөгү адамдары ООН баш болгон эл аралык уюмдарга кайрылуу тууралуу демилге көтөрүп башташты. Муну менен Россиянын канкор колонизатор экени дагы да ачылат жана калктын андан жүз үйрүүсүнө шарттар жаралат. (Аллахтын хикматы менен, бул окуя аркасынан мурун Россияны жактап жүргөн адамдарда да ага карата жек көрүүлөр пайда болду).
Жаңжалдын жергиликтүү саясатка тиешелүү жагы
Буга чейин, Садыр Жапаров Россияга барып келгенден кийин, Россиянын Тажикстанды ЕАЭБге кирүүгө мажбурлоо аракети алкагында, Кыргызстан тарап бир нече иштерди кылган эле. Бул нерсе ансыз да каржалып турган Тажикстан калкына кыйла кыйынчылыктар жараткан. Албетте бул өз кезегинде Э. Рахмонов бийлигинин силкинүүсүнө алып келет эле. Рахмонов учурдан пайдаланып, өз аброюн тикелөөнү жана жаңы жаралган кыйынчылыктарды жоюуну көздөдү.
Бул кезге келип, Кыргызстандагы россиячыл жана батышчыл оппозиционерлер Өзбекстан-Кыргызстан маселелери жаатында бийликтин кадырына сокку уруп үлгүргөн эле. О.э. Дүйнөлүк банктын басымы астында Садыр Жапаров электр энергиясын кымбаттатуу тууралуу айтып, бул бийликтин кадырын ого бетер түшүрүп жиберди. Исламга каршы аракеттери бийликти мусулмандар колдоосунан кол жуудурду. Эми Тажикстан-Кыргызстан чегара маселеси да алсыраган бийликти ого бетер алсыратып, Кыргызстанды Тажикстандын талаптарына көнүүгө мажбур кылат эле. Ошондуктан да, эң эле алгач, Тажикстан чыр-чатакты “Головнойдон” баштады. Себеби, ал тууралуу премьер-министрдин айткан сөзү бар болчу. Андыктан, бул да бийлик беделине оор сокку болуп тийиши үчүн, ишти ушул жерден баштады. Ошентип, бийликтин Баткендеги аскерий машыгуулары, Ташиевдин провокациялык билдирүүлөрү шамалга учту. Жана ушулардан кийин, Кыргызстан бийлиги Россиянын да, Тажикстандын да бардык талаптарын кабыл алганы көрүнүп турат.
Ал эми, оппозицияга келсек, азыркы бийликтин ордун эңсеген россиячыл саясатчылар упай топтоо менен алек. Батышчылдар болсо, Батыш көрсөтмөсүнө ылайык, эл аралык коомчулукка кайрылуу менен шугулданууда.
Жарандык активисттер жана уюмдар эл аралык уюмдарга кат жолдошууда. Экс-президент Отунбаева “Өз тажрыйбама таянып колумдан келишинче көмөк көрсөтүп жатам. Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык коомчулукка туура маалымат берилип, түзүлгөн кырдаалды элге туура түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”, – деди.
ЖК Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басарлары Абдывахап Нурбаев жана Каныбек Иманалиев Европарламенттин Борбор Азия өлкөлөрү менен достук тобунун төрагасы Фульвио Мартусчелло менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. А. Нурбаев: “Европарламент өкүлү бул жагдайга эл аралык коомчулук көңүл бурушу керек экенин билдирди”, – деп айтты. О.э. 3-майда ал комитетте эл аралык коомчулукка кайрылуунун долбоору даярдалганын, бирок, паламенттеги жабык жыйында катуу талаш-тартыш болуп жатканын айтты. (Бул демилгечилердин негизгилери, жакында июнь окуяларын териштирүү ар кылуу бутага алынган “убактылуу өкмөттүн” мүчөлөрү жана аларга караштуу адамдар болууда).
Оппозиция “Эл аралык коомчулук” делип жаткан ири уюм жана мамлекеттер Тажикстан компенсация төлөшү керектигин, айып тартышы керектигин көтөрүп, ошону кылып берет деп үмүт артышууда. Алар эч качан андай кылып беришпейт, бирок, ушул темаларды улам чукуп, калктарды кайра-кайра кайраштыра беришет. Максаты, жергиликтүү туруксуздуктар же согуштар келтирип чыгаруу менен бийликке өз малайларын алып келүү.
Азыркы бийлик болсо, эл аралык коомчулуктун аралашуусуна каршы турууда. Себеби, бул Россиянын көп былыктарын ачып коёт. Россия болсо дагы да каарын төгөт. Ушундан улам, К. Ташиев ““Биз азыр бул үйлөрдүн кайсы бир чыгымын көтөрүп бер деп Тажикстанга кайрылбайбыз. Өз мүмкүнчүлүгүбүз менен өз элибизге үй курабыз. Эгерде кайсы бир убакытта тажик тарап кылган иштерине өкүнүп, келтирилген зыянды толтурам деп кайрылса, аны карайбыз. Азыркы учурда биз алардан жардам бер деп суранбайбыз”,- деди. (А оппозиция жардам сураш эмес, талап кылыш керек деп жатат).
Ал эми президент Садыр Жапаров “Үчүнчү күчтөрдөн да чагымчылдар жаман” деп, кептин нугун Россиядан алып качып, жергиликтүү оппозицияга буруп жиберүүгө аракет кылууда.
Чегара жаңжалынын калктарга тиешелүү жагы
Канатташ жашап келген эки элдин өкүлдөрү экөө тең терең пикирлөөлөрү керек. Азыр алардын кафирге малай акимдери “улутчулдук”, “мекенчилдик” пикирлери жана туйгулары негизинде элдерди жетелей алууда. Бирок, терең үйрөнүлсө, булар кафирлердин мусулмандарды өз ара уруштуруп коюп, бөлүп башкаруу оюндарынан башка нерсе эместигин көрүшөт. Мисалы, кафирлер уюштурган жарандык согушта тажик улутундагы жарандар эле бири-бири менен согушуп калышкан. Кыргызстанда деле ар бир төңкөрүштө бир улут өкүлдөрү кагылышып калышууда. О.э. кафир колонизаторлор уюштурган оюндар себептүү, бир мекендеги улуттар өз ара чырдашып калууда. Муну ар бир акылдуу адам аңдай алат. Эгер эле мусулмандар өз мусулманчылыгын түшүнүшкөндө, кафирлер жана алардын малайлары мындай оюндарды кыла алышмак эмес. Себеби, малай акимдериңер кожоюндарына канчалык таянышпасын, баары бир, өз элисиз алар эч ким эмес.
Мына азыр эки бийлик тең маселе чечилгенин айтышууда. Бирок, маселе эч кандай чечилген жок. Себеби, ал маселени өзгөртүүчү тараптардан эч ким өзгөргөн жок. Колонизаторлор ошол бойдон, алар чегара маселелерин каалаган күнү өз кызыкчылыктарына ылайык жардыргыдай “бомба” кылып кармап турушат. Малай акимдер да ошол бойдон, таажы-тактыларын сактоо үчүн ар кандай фитналардан кайра тартышпайт. Калк да ошол бойдон, кафирлер менен алардын малайларынын “улутчулдук” сыяктуу бузук пикирлерин ээрчип жүрүшөт. Аллах Таала айтат:
} cÎ) ©!$# w çÉitóã $tB BQöqs)Î/ 4Ó®Lym (#rçÉitóã $tB öNÍkŦàÿRr’Î/ 3 {
«Аныгында, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Аллах аны өзгөртпөйт». [13:11]
Эй мусулмандар, ошондуктан ойлонгула! Эмнеге Мубарак Рамазан айында кафирге малай акимдериңердин фитнасына ээрчип кеттиңер? Эй тажикстандык мусулмандар, Орозо туттурбай, кетмен чаптырган акимдериңерден эмне жакшылык күттүңөр? Эй кыргызстандык мусулмандар, Рамазанда намаздарга тыюу салып, кумарпоздук кылган акимдериңер силерди жакшылыкка жетелейт деп ойлойсуңарбы? Эй кыргызстандыктар, силер Рахмонов бийлиги кыргыздарга эле кол салды деп ойлоп жатасыңарбы, негизи, ал тажик улутунан жүз миңдегендердин канына забын кылган! Азыр да анын зулуму айынан жаш энелер перзенттеринин жана өздөрүнүн жандарын кыйып жатышат! Эй мусулмандар, Россияга же Батышка кайрылып, каафирлерден ырайым күтпөй эле койгула, алар силер кайра каафир болуп кетмейинче, ар дайым аларга кул болуп жүрмөйүнчө, эч качан силерге ыраазы болушпайт.
Эй мусулмандар, эки дүйнө бактыңар Исламда экенин унуттуңарбы? Исламыңарга кайткыла, ал сийратта Аус жана Хазраж урууларынын дилин бириктиргендей, кыргыз жана тажик элдеринин да дилдерин бириктирет!
Абдулхакийм Караханий