Капитализм өкүмдарлыгы жана анын адамзатка алып келген балээлери
Капитализм акыйдасы он сегизинчи кылымдын аягында, Европадагы чиркөө менен муфаккир философтор ортосундагы күрөштүн натыйжасында пайда болду. Ошондон баштап Европанын көптөгөн мамлекеттери аны кабыл алды. Көтөрүлүштөрдөн кийин АКШ да ошол мамлекеттер катарына кошулду. АКШ учурда бул пикирдин негизги коргоочусу болуп эсептелет. Бул пикирди жан үрөп дүйнө жүзүнө жайып жатышат. Дүйнөнүн ар бир четинде, чыгыштан-батышка чейин капитализмдин чептери бар. Ошону менен бир катарда бул пикир – оңдоп-түзөөгө жарабай турган бузуку пикир. Капитализм адамзаттын башына көптөгөн балээлерди алып келгени бүгүнкү күндө эч кимге жашыруун сыр болбой калды.
Капитализм мабдасынын негизги фикраты – динди мамлекеттен ажырата турган илманийлик. Бул фикрат адамдын кадырын түшүрүп, аны фитрий болгон тадайюн гарыйзасынан ажыратты. Капитализмдин илманий акыйдасында Жаратуучунун бар же жоктугу талкууланбайт. Бар болсо да, Анын бийликке же мамлекеттик башкарууга о.э. адамдардын иштерине эч кандай тиешеси жок деп окутат. Капитализмдин батыл, бузуку пикири Жаратуучу жөнүндө ушундай сөз кылат. Алардын айтымында, Өз махлуктарынын жашоосун тартипке салууга Аллахтын эч кандай тиешеси жок.
Капиталисттик мабда динди жашоодон, ошону менен бирге мамлекеттен ажыраткан соң, дүйнө иштерин адамдардын өздөрү тартипке салышы, мыйзамдар адамдар тарабынан иштелип чыгышы керек болуп калды. Натыйжада бардык иштер нукура маддий (материалдык) кызыкчылык негизине курула турган, алдуулар алсыздарды эзе турган, байлар кембагалдарга өкүмдар болгон ач көз түзүм пайда болду. Мына ошол ач көздүктөн келип чыгып, башка мамлекеттерди колония кылуу капиталисттик мамлекеттердин табиятына айланды. Мисалы, капитализмдин анабашы болуп эсептелген АКШ ар түрдүү шылтоолор менен Афганистан жана Иракка бастырып кирди. Африкадагы Сомали, Судан, Мали, Конго жана Эфиопия мамлекеттери да колонизаторлордун зулумунан азап тартууда. Капиталисттер ал мамлекеттердин байлыгын талап-тоноо үчүн ар түрдүү шылтоолор менен аларга согуш ачышат же ички жаңжалдарды уюштурушат. Мунун натыйжасында канчалаган бейкүнөө адамдар курман болуп, канчалаган адамдар качкынга айланышты.
Жеймс А. Лукас жазган макалада келишинче, АКШ тарабынан уюштурулган согуштар, аскерий төңкөрүштөр жана разведкалык операциялардын акыбетинде 37 мамлекетте 20 миллиондон ашык адам курман болгон. Ал муну “согуштан кийинки доор” деп атады. Бул иликтөөгө Ливан, Сирия, Яман жана Ливиядагы согуштардын курмандыктары кошулган эмес.
АКШ экинчи дүйнөлүк согуштан бери дүйнө жүзүндөгү согуш жана кагышууларда 20 дан 30 миллионго чейинки адамдын өлүмү үчүн жоопкер деп табылды. Иликтөөнүн натыйжасы төмөнкүдөй:
Афганистан- 1-1,8 миллион киши
Ангола – 750 миңдей киши (1961-77-жылдар)
Боливия – 400 миң киши(1977– жыл)
Камбоджа – 2,5 миллион киши
Чад – 40 миңден 200 миңге чейин (2001-2003–жылдар)
Чили – 3 миң киши, (1970–жылдар)
Кытай – 900 миң киши
Колумбия – 20 миң киши
Куба – 4 миң киши
Конго – 10 миллион киши, 20 жылда (Леополд геноциди)
Доминикан– 3 миң киши
Чыгыш Тимор – 200 миң киши
Сальвадор– 75 миң киши
Гренада – 277 киши
Гваматела– 200 миң киши
Гаити – 100 миң киши
Гондурас – 400 киши
Венгрия – 3 миң киши
Индонезия – 500 миңден – 3 миллионго чейин
Иран– 262 миң киши (1988-жыл)
Ирак– 105 миң киши, (1988-жылга чейин)
Ирак- 560 миң жаш бала, 340 миң киши (2003-жылга чейин)
Ирак- 654 миң киши
(Израиль)-Палестина согушунда – 200 миң киши
Түндүк жана Түштүк Корея согушу– 4,5 миллион киши
Лаос – 240 миң киши
Непал – 12 миң киши
Никарагуа– 25 миң киши
Пакистан– 3 миллион киши
Панама – 4 миң киши
Филиппин – 100 миң киши
Түштүк Америка, Кондор операциясы –13 миң киши
Судан – 2 миллион киши
Вьетнам – 3,4 миллион киши
Югославия согушу– 105 миң киши
Мындан тышкары, азыркы оор экономикалык кризис, жакырчылык жана ачарчылыкка да капитализм жоопкер экендиги акыйкат. Себеби, мындай оор экономикалык шартта ар бир секунда сайын бирден адам ачкачылыктан өлүп жатат. Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду капитализмдин негизги куралдары болуп, алар өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги, анын ичинде исламий мамлекеттердеги начар экономикалык абалдан жоопкер.
Эл аралык азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) коомдорго коркунуч туудуруп жаткан ушул ачарчылык боюнча терең тынчсыздануу билдирип: “Дүйнөнүн түрдүү аймактарында, айрыкча, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү 820 миллиондон ашуун адам тамак-ашка болгон негизги муктаждыгын кандыра албай жатат. Негизи, азык-түлүк жаатында кеңири масштабдуу жардамдар берилип жаткан болсо да, ачарчылык жана жакырчылык дагы деле уланууда”, – деди. Акыркы 3 жылдын ичинде ачарчылыктан кыйналып жаткан адамдардын саны 10 миллионго көбөйгөн. Проблема азык-түлүк ресурстары аздыгында эмес, жакырчылыктагы чыныгы проблема азык-түлүк жана байлыкты туура эмес бөлүштүрүүдө. Капитализм ачарчылык проблемасын чечпейт, тескерисинче адамдардын муктаждыгын ого бетер күчөтөт. Капитализм дүйнө жүзүндөгү миллиарддаган адамдардын коопсуздугун, бактысын жана жыргалчылыгын камсыздоо жаатында ийгиликсиздикке дуушар болду. Ал тескерисинче, жакырчылык, оору, согуш, ачарчылык жана урандыларды пайда кылды.
Капитализм социалдык тармакта да кризиске дуушар болду. Ал өзүнүн “эркиндик” чакырыгы менен башаламандыкка, бузук иштерге, анын ичинде бузукулук, мас кылуучу ичимдиктерге баш оту менен кирип кетүү, бир жыныстагылардын бири-бирине үйлөнүшү сыяктуу төмөндүктөргө себепкер болду. Мындай иштерге Батыш мамлекеттеринде күбө болуп жатабыз. Бул мамлекеттер мындай иштерди макулдайт, ошону менен эле чектелбестен, үчүнчү дүйнө мамлекеттерин ушул иштерди жайылтууга мажбурлайт. Буларга үй-бүлөлөрдүн бузулушу, никесиз төрөлгөн балдардын көбөйүшү, дүйнөнүн бардык жеринде болуп жаткан ахлаксыз иштер кошулууда. Мисалы, бүгүн дүйнөдө ар бир үчүнчү аял зордукталууда, Америкада бир күндө үч аял өздөрүнүн чогуу жашаган адамдардын колунан өлтүрүлүүдө, Европада ар бир онунчу аял зордукталууда. Англияда өткөрүлгөн бир иликтөөдө 18-34 жаштагы аялдардын 43 %ы коомдук жайларда сексуалдык ыдык көргөндүгү аныкталган. Саламаттыкты сактоо, үй-жай менен камсыздоо сыяктуу башка кызматтар болсо өзүңүздөргө белгилүү.
Булар капитализм идеологиясы жана анын бузуку, ыплас пикирлери себептүү пайда болгон балээлердин бир тамчысы гана. Бүгүнкү күндө ушул бузук идеологияны дүйнө жүзүнө “өнүгүү” деген маска артында жаюуга аракет кылып жатышат. Аны адамзат сокурдук менен ээрчий турган бир үлгү кылууга умтулушууда.
Мусулмандар жана бүтүндөй адамзат ойгонуп, коомдордо терең тамыр жайган бул проблемалар жана балээлер артында турган чыныгы себепти түшүнүп жетиши керек. Муну түшүнүп жетип, капитализмди четке кагышы жана Ислам башкаруусун орнотушу керек. Ислам бүтүндөй адамзат үчүн тынчтык, адилеттүүлүк жана кадыржамдыкты камсыздайт. Исламдагы экономикалык түзүм жакырчылык жана ачарчылык проблемасын жалпы исламий түзүмдүн ажырагыс бөлүгү катары чечет. Себеби экономика жана байлыкка тиешелүү мыйзамдар үйлөнүү, үй-бүлөлүк мамиле, саясат, баалуулуктар, ибадаттар, келишимдер сыяктуу башка мыйзамдарга байланыштуу.
Ислам жакырчылыкка каршы күрөшөт, Расулуллах A айтат:
“Кошунасы ачка болуп туруп, өзү ток болгон киши момун эмес”. Дагы башка хадисте:
“Кошунасы ачка экенин билип туруп, ток абалда таң атырган киши мага ыйман келтирбептир”, – деген. Ошондуктан, Ислам коомдогу ачарчылык жана жакырчылыкка каршы катуу күрөшөт о.э. аларга каршы күрөшүүнү Аллахка болгон ыймандын белгиси деп эсептейт. Ага экономикалқк проблема деп эмес, инсаний проблема деп карайт. Расулуллах A жакырчылыкты жоюуну ыйманга байлады жана Расулуллах A дан кийин рошид халифалар да мына ушул жол менен жүрүштү жана жакырчылык проблемасы болбогон коомду курууга аракет кылышты.
Тыянактап айтканда, Ислам ар бир адамдын негизги муктаждыктарын кандыруунун кепилдиги. Ислам дүйнө жүзүндө колдонулуп, анын үстүнөн өкүмдарлык кылган кезде жакырчылыкка каршы күрөшүп, аны жойгон. Себеби, Ислам адамды иштөөгө, ырыскы табууга жана ага аракет кылууга үндөдү. Туугандарга тиешелүү нафаканы фарз кылды. Зекет жана садакалардан о.э. умумий жана мамлекеттик мүлктөн жакырларга нафака белгиледи.
Абдурахман Адилов