Муфтият айланасындагы чуулгандуу окуя тууралуу

975
0

Муфтият айланасындагы чуулгандуу окуя тууралуу

Муфтият – бул колонизаторлордун мусулмандар өлкөлөрүн басып алгандан кийин, дин кармангандарды колонизатолорго моюн сундуруу; дин атынан колонизаторлор кызыкчылыктарына дал келүүчү фатваларды чыгартуу; мусулмандар кайрадан Исламы менен ойгонбошу үчүн, мусулмандарды нукура дининен алдап-адаштыруу максатында түзүлгөн уюм. Орто Азия мусулмандарынын түздөн-түз колонизатору Россия болгондуктан, андагы муфтият тарыхынан кыскача айта кетебиз.

Россияда алгачкы муфтият императрица Екатерина IIинин доорунда, 1789-жылы Уфада түзүлгөн. Ал “Оренбургское магометанское духовное собрание” деп аталган. Мындан сырткары, Советтик мамлекет орногонго чейин, Россияда “Закавказские мусульманские духовные правления”, “Таврическое магометанское духовное управление” уюмдары иштеген. Алар падышалык россиянын кызыкчылыктарына кызмат кылышкан.

СССРдин атаандашы болгон Батыш лагердин “диний ишенимдер эркиндиги” идеялык чабуулунун кысымы астында, СССРде 1943-жылы “Духовное управление мусульман Средней Азии и Казахстана”, 1944-жылы “Духовное управление мусульман Закавказья” уюмдары түзүлгөн. Алар Советтер Союзунун диний саясатына кызмат кылышкан. Союз урагандан кийин, жасалма “эгемендүүлүк” алган республикалар өз алдынча муфтияттар түзүп алышты. Алар “светтик мамлекет” идеясынын жана региондо жаңыдан пайда болгон мамлекетчелердин кызыкчылыктарына кызмат кылып калышты. “Духовное управление мусульман Кыргызстана” ушул чынжырдын бир учу.

Азыр Россия өз колонияларында мусулмандарга карата “салттуу ислам” саясатын колдонот. Муну азырынча Батыш да макулдап турат. Анткени, качан мусулмандар саясатка аралашуу баскычына жеткенде, Батыш аларды демократиялык саясатка аралаштырып, исламий саясаттан чалгытуу үчүн, “мээлүүн ислам” идеясын колдонууга киришет. Ага чейин “салттуу исламда” катырып турууну каалайт. Муфтиятка “салттуу исламды” таңуулайт. Ал калыпка түшпөгөн мусулмандар менен муфтиятты ээрчигендердин ортосунда мазхабпарастык чырларын келтирип чыгарышат.

Жээнбеков доорунда мамлекет жана муфтият тарабынан – айрым билдирүүлөрдү эске албаганда – мазхабпарастык чырларына жан үрөп аракет кылынган жок (бул сөздө ушул иш гана назарда тутулуп жатат). Бул жаатта “фажирликтен көрө ажиздикти” тандаганы байкалды, албетте, бул алардын абийири жана ахирети үчүн жакшыраак болду. Ал эми бүгүнкү күндө мамлекет менен муфтиятта эмне болуп жатат?..

Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы диний абал ФСБнын түздөн-түз көзөмөлү астында. Батыш болсо кыйыр таасир этип турат. Ошондуктан, жаңы бийлик “салттуу исламды” катуу кармана турган, башка мусулмандарга иттей кутуруп чабуул кыла турган, мазхабпарастык менен мусулмандар арасына фитна сала турган кадрларды дин иштери комиссиясына жана муфтиятка алып келсе, каапыр кожоюндарынын көңүлүн алган болот (негизи, аларды эч качан ыраазы кыла албайт). Ошондуктан, Акин Токталиевдин жумуштан алынышын президент же анын аппарат башчысы менен болгон жеке мамилеге байлап болбойт. Себеби, Акин Токталиев, каапырлардын назарында “мээлүүн ислам” өкүлү, ошондуктан, ал Россия бийлигине жакпайт, ал эми Батыш ою боюнча, анын кызматка келишине эрте. (Белгилей кетсек, акыркы күндөрдөгү жоолук маселеси А. Токталиевдин кызматтан кетирүүгө негизги себептерден болуп калды, бул дин душмандарынын парда артындагы келишүүсү аркылуу болду). Максат ажы болсо “Таблиг” жамаатынын өкүлү катары таанылган. А “Таблиг” жамаатына Россия тыюу салган. Ошондуктан, Акин жана Максат ажылар эл аралык саясаттын курмандыктары болуп калды десек жаңылышпайбыз. Муну Акин Токталиевдин ордуна тандалган кадрдын ишмердүүлүгүнөн о.э. Максат ажыны чукулап жаткан адамдардын амалынан да баамдоого болот. Дин иштер комиссиясынын жетекчилигине мурун ИИМдин 10-бөлүмүндө мусулмандарга каршы эксперт болуп иштеген адам келди. Ал эми, Максат ажыны айыптоолордун бири “Матурудий акыйдасын бурмалады”, “салафизм-вахабизм идеясын жайылтты” деген тухмат болууда. Негизи, бул каапыр кожоюндарды жана жергиликтүү дин душмандарын ыраазы кылуучу шылтоо. Анткени, мунун маңызы “биз салттуу исламды бетке кармап алып, ага моюн сунбаган мусулмандарга каршы күрөшөбүз, мусулмандар арасына мазхабпарастык фитна таркатабыз” деген маанини туюнтат. Эгер ушул саясат улана берсе, анда Акаев доорундагыдай болуп, кайсы бир мусулман жамааттарга негизсиз тыюу салынат (мислалы, Хизбут-Тахрирге тыюу салынганы сыяктуу Таблиг жамаатына тыюу салынат); Бакиев доорундагыдай жасалма шылтоолор менен мусулмандар камакка алынат (мисалы, Ноокат окуясы),  аалымдар өлтүрүлөт (мисалы, Рафик Камалов өлтүрүлгөнү сыяктуу); Атамбаев-Сариев доорундагыдай “побег из тьюрмы” ж.б. терракттар уюштурулат, мусулмандарга камак жазалары катаалдашат. Ал тургай, бул акыры барып мусулмандар ортосунда жаңжалдар чыгарууга жетиши мүмкүн.

Бирок, саясат ушундай улана берсе, Батыш “диний ишенимдер эркиндигине кол салынып жатат” деген шылтоо менен, элди өзүнө тартууга киришип, демилгени колго алат. Бул аркылуу Россия колонизаторлугуна жана жергиликтүү бийликтин туруктуулугуна чабуул кылат. Ал азырынча унчукпай турат. Себеби, демилгени колго ала турган кадрлары даяр эмес. Мисалы, Элмурат Кочкор уулу сыяктуу кадрлары эл кабыл ала турган деңгээлде эмес. Ал эми, Акин Токталиев, Кадыр Маликов сыяктуу кадрларды колдоодон кооптонот. Анткени, алар Исламдын пайдасына иштеп кетиши мүмкүн. Эгер Батыш кадрлары даяр болгондо, муфтиятка өз кадрларын алып келгенге аракет кылмак, ага мүмкүнчүлүк болбосо, муфтияттын абийирин таптакыр кетирип, демилгени “мээлүүн исламчыл” саясатчыларга алып бермек.

Демек, эл аралык саясат алкагында дин комиссиясы жана муфтиятта өзгөрүүлөр болушу керек болуп калды. Эми мындан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да өз кызыкчылыктарына пайдаланууда. Маалым болгондой, Акаев доорунан бери эле, кайсы бийлик келбесин, белгилүү бир чиновниктер белгилүү бир тармактардын миллиондогон кирешелери үстүнө олтуруп алышат. Мисалы, энергетика тармагына бирөө, кен тармагына дагы бирөө ж.б.у.с. Муфтият кирешеси болсо президенттик аппарат менен дин иштер комиссиясынын энчисинде. Бул орунда муфтият чындап эле акчаны башка максаттарда иштетиптир жана аны жашыруу үчүн пара бериптир деп айта албайбыз. Себеби, бул подстава болушу да мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда, андай эмес деп да айта албайбыз. Анткени,  ар бийлик муфтиятты каалагандай пайдаланып келгени белгилүү о.э. эл арасында казыят, катибият кызмат орундары канча парага бааланары эчактан бери эле айтылып келет, демек, пара берүү ал тармакта адаттагы ишке айланган.

Ал эми бул окуянын муфтият ичиндеги жактарына токтолсок, бул муфтият ичиндеги амал талашуудан башка нерсе эмес. Күрсү талашкандар оболу каапыр кожоюндарын ыраазы кыла турган позицияларын билдиришет, анан мамлекеттеги “крышасы” менен келишет, андан муфтият тактысын талашат. Бул орунда муфтиятта иштегендердин баары ушундай деген маани эмес, муфтияттагы чечүүчү адамдар ушундай кеселдикке кириптер болушкан деген маани айтылууда. Эгер бул амал талашуучулар чындап матурудий акыйдасына күйсө, дин саясаттан ажыратылган светтик акыйдага ыраазы болуп олтурушмак беле? Эгер чындап Ханафий мазхабына күйүшсө, жоолук маселесинде даюстук кылып, чээндеринде жатышмак беле? Чээндеринде жатып алып, амал талашып кырды-бычак болушмак беле?

Эй мусулмандар, светтик мамлекеттин, анын муфтиятынын акыйкаты ушундай. Бирок, алардын мындай абалына кайдыгер кароого болбойт. Аларды кандайдыр бир дүйнө кызыкчылыгы жолунда эмес, жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу негизинде тергеп-тескөө керек.

Эй мусулмандар! Каапырлардын, алардын жергиликтүү малайларынын муфтият аркылуу мазхабпарастык фитналарын жайышынан этият болгула. Биз бир үммөтпүз. Биз баарыбыз биргеликте жаннатка кире турган фиркадан бололу. Үммөт ичиндеги Исламдан чыкпаган акыйда ээлери, жазм шаръий өкүмдөрдү инкар кылбаган мазхаб ээлери – алардын бардыгы жаннатий фиркадан. Акыйдада ашъарий, асарий, матуридий, каламий болобу – алар жаннатка кирүүчү фиркадан. Фикхий мазхабда Ханафий, Маликий, Шафиъий, Ханбалий ж.б.у.с.лар жаннатий фиркадан. Хизбут-Тахрир, Ихван, Таблиг, Салафийлер сыяктуу партиялар жана кыймылдар – жаннатий фиркадан. Калган Исламдан чыгып калгандар – жаханнам фиркалары. Друздар, нусайрийлер, исмаилийлер, бахаилилер ж.б.у.с.

Ушундан улам, эй жаннатий фирка ээлери, мазхабыңарды кармангыла, анткени, ал шаръий өкүм. Бирок, араңарга мазхабпарастык фитнасын киргизбегиле!

 Эй мусулмандар, “караңгы элге каапыр молдо, бузулган элге бучук молдо” болбостон, нукура Исламыңарды үйрөнгүлө! Мына ошондо светтик, мазхабпарастык деген балээлерден кутулуунун шаръий жолун таап аласыңар.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here