Шри-Ланка коронавирустан каза болгон мусулмандардын мейиттерин өрттөөнү улантарын баса белгиледи

337
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Шри-Ланка коронавирустан каза болгон мусулмандардын мейиттерин өрттөөнү улантарын баса белгиледи

«Франс 24» веб-сайты хижрий 1442-жылы 25-жумадулаввал, миладий 2021-жылы 9-январь күнү жарыялаган кабарда ушулар баса белгиленген:

«Кече жума күнү Шри-Ланка өкмөтү Covid-19дан каза болгон ар бир мейитти өрттөө жөнүндө милдеттүү токтомду аткарууну улантарын билдирди жана мусулмандарга өздөрүнүн диний эрежелерине ылайык мейитти жерге коюуга уруксат берүүнү талап кылган эл аралык чакырыктарды четке какты.

Расмийлер Саламаттыкты сактоо министри Пависра Ванниараччинин бул сөздөрүн келтиришти: «Бул токтом социалдык, диний, саясий же жеке себептерге карап өзгөрбөйт».

Өз кезегинде «Шри-Ланка Мусулмандар Конгресси» партиясы муну менен жаштарды кайдыгерликке үйрөтүп жатат деп өкмөттү айыптады. Адилет министри Муслим Али Сабрий да ушундан эскертти.

Бул партия баса белгилешинче, Covid-19дан каза болгондордун баары 222 адам болсо, алардын тең жарымынан көбү мусулмандар. Өлкө калкы 21 миллион, алардын 10 пайызы мусулмандар.

«Шри-Ланка Мусулмандар Конгресси» партиясынын маалымат катчысы Халмий Ахмад «Франс-Пресс» агенттигине айтышынча, Covid-19дан каза болуп жаткан мусулмандар Шри-Ланка калкына салыштырмалуу көпчүлүктү түзүүдө, «себеби, бул ооруну жуктурган мусулмандар каза болгондон кийин мейиттери өрттөлүшүнөн коркуп, дарылануудан баш тартышат».

Роя:

Баса белгилөө зарыл, Хизб-ут-Тахрир–Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты Шри-Ланкадагы мусулмандар туш болуп жаткан мындай зулумга жана мыйзам бузууларды бүткүл дүйнөнү кабардар кылуу үчүн кеңири көлөмдүү кампания уюштурду. Кампанияда Шри-Ланка өкмөтүнөн коронавирустан каза болгон мусулмандардын мейиттерин мажбурий өрттөө сыяктуу ыплас саясатты токтотуу талап кылынды. Ансыз деле бул өлкөдөгү мусулмандар жүз жылдардан бери дискриминация, жаманатты кылуу жана зомбулуктун курмандыгы болуп келишүүдө. Себеби, Шри-Ланкада улутчул бутпарас экстремист кыймылдар күчөп кеткен. Ага кошумча, мусулман өлкөлөрүндөгү залим режимдер бул өлкөдөгү мусулмандардын абалынан көз жумуп келишүүдө.

 

Роя гезити, №321, 2021-жыл, 13-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here