Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын демонстрациясы

226
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын демонстрациясы

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын мүчөлөрү Батыш Халабдын Атариб шаарында жума намазынан кийин «№2254-резолюция – козголоңду жок кылуу жана режимди бекемдөө резолюциясы» деп аталган жүрүш өткөрүштү. Жүрүштүн катышуучулары ушул плакаттарды көтөрүп чыгышты: «Американын саясий чечими – режимди жаңы жүз менен кайра тикелөө», «Американын саясий чечими – бир малайды башка малайга өзгөртүү», «Американын саясий чечими – козголоңду басуу жана режимге каршы көтөрүлгөн козголоңду жок кылуу».

Идлиб калкы да кудум ушундай жүрүш кылып, шаардын көчөлөрүн кезип чыгышты. «Талабыбыз – өч алуу» деген бул жүрүштө шаардык эки жигитти эч кандай айыпсыз өлтүрүшкөнү үчүн Хаят Тахрир Шамдын коопсуздук кызматкерлеринен өч алууга чакырылды. Демонстранттар Хаят Тахрир Шамга жана анын жетекчиси Жуланийге каршы чыгып, алардан Идлибден чыгып кетүүнү талап кылышты. Демонстрациянын башында катышуучулар коопсуздук кызматкерлери тарабынан каршылыкка учурашты, адамдарды таратуу үчүн октор атылды. Бирок, мунун артынан көп адамдар демонстрацияга келип кошулгандыктан демонстрация күчөп, катарлары түздөлдү жана демонстарнттар Идлибдин көчөлөрүн кезип чыгышты.

 

Роя гезити, №320, 2021-жыл, 6-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here