Пакистан режими яхудий вужудун тымызын моюнга алууда

370
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пакистан режими яхудий вужудун тымызын моюнга алууда

Пакистан тышкы иштер министрлиги Эмираттарга Фалестин маселесинде «туруктуу жана конкреттүү келишим» түзүлмөйүнчө Пакистан яхудий вужудун моюнга албоо позициясында турарын баса белгиледи. Тышкы иштер министри Шахмухаммад Курайший бул сөздү Пакистандын түндүк-чыгышындагы Мултан шаарында өткөргөн басма сөз конференциясында айтты. Курайший мындай деди: «Мен Эмираттардын тышкы иштер министрине Пакистандын позициясын ачык билдирдим. Фалестин маселесинде туруктуу жана конкреттүү чечимге жетишмейинче мамиле орното албайбыз, дедим».

Роя:

Бул билдирүүдө яхудий вужуду жана анын бар болуу укугу моюнга алынган. Ислам жана мусулмандардын душманы болгон Америкага малайлык кылган Пакистан режими бул баскынчыларды моюнга алуудан жана алар менен мамилелерди нормалдаштыруудан баш тартып жатканы чыныгы принциптен келип чыккан эмес. Бул режимдин назарында Фалестин маселеси туруктуу жана конкреттүү чечимге жетишүүгө байланыштуу. Эгер ушул чечим-келишим түзүлсө, демек, Пакистан режими баскынчы вужудду мамлекет катары моюнга алып, алар менен мамилелерди нормалдаштырат. Умматка каршы тил бириктирген бул малай режимдин зээнинде яхудий вужуду мамлекет катары турат. Расулуллах ﷺдын Исра жеринин баскынчысын түп-тамыры менен жок кылуу жөнүндөгү бул жердин маселесинин шаръий чечимин бул режим оюна да келтирбейт.

 

Роя гезити, №319, 2020-жыл, 30-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here