ТАЖИКСТАН КЫТАЙДЫКЫ. КЫРГЫЗСТАНЧЫ?..

423
0

Тажикстан Кытайдыкы. Кыргызстанчы?..

«Азаттык радиосунун» Тажикстандагы бөлүмү маалымдашынча, акыркы эки апта ичинде Кытайдын бир канча ММКлары аймактык талаптар боюнча кеминде төрт макала жарыялашкан, ошондой эле, Кытай мамлекеттик маалымат каражаттары Кытай менен Тажикстандын мамилелери жөнүндө жаңы китеп жарыяланганын маалымдашты.

«Азаттык радиосу» кабарлагандай, тарыхий темаларда материалдарды жарыялап келген кытайлык «Гүл – тарыхтын күзгүсү» маалыматтык порталы 3-январда жарыялаган макалада: «Тажикстан ар дайым Кытайдын бир бөлүгү болуп келген», делет. Эч бир тарыхий документке шилтеме жасалбаган бул макалада Тажикстан гана эмес, бүткүл Орто Азия Кытайга таандык болгон деген пикир айтылган. «Цинь жана Тан империяларынын доорунда Тажикстан Кытайдын бир бөлүгү болгон. Кийинчерээк Кытай Хутандан тартып Перс империясынын чыгышына чейинки жерлерди басып алган, бул аймак бүгүн Орто Азия деп аталат», делет макалада. Макаланын автору далил катары ушул аймакта «Каюан тунбао» теңгелери табылганын жүйөлөгөн.

«Взгляд» гезити жазышынча, СССР кулагандан кийин көз карандысыздыкты алган Орто Азия республикалары арасында Тажикстан бийлиги Кытайга эң көп жан берүүлөргө (уступкаларга) барган. Тажикстан Кытайга 1,1 миң чарчы километр берген, бул Тажикстандын жалпы аймагынын 0,77 пайызын түзөт. Ошондой эле, Казакстан менен Кыргызстан да Кытайга жер бергени айтылат.

Мына ушундай көрүнүштө Кытай ММКлары Орто Азия Кытайга таандык деп каңкуулап жатышат. Бул макалаларда айтылгандарды Кытай бийлиги ырастабаган, ал тургай, айрымдарын төгүнгө чыгарган болсо да, Кытай өз территориясын кеңейтүүгө абдан кызыкдар жана бул үчүн стратегия түзүп, аны баскычма-баскыч ишке ашырып келе жатат.

Бүгүнкү күндө колония кылуунун жаңы ыкмасы пайда болду, бул – карыз берүү саясаты. Кытай да максатына жетүү үчүн ушул саясат менен куралданды. Бүгүн биздин жалпы карызыбыз 5 миллиард долларга жакындашып калды, анын 2 миллирд долларга жакыны – Кытай карызы. Кытай бул карыз үчүн тоо кенибизди же жерибизди алууга кызыгат.

Кытайдын дагы бир колониялык саясатынын бири – бул инвестиция, шериктеш болуп иштештүү. Мисалга алсак, Кытай кайсы бир жол тилкесин оңдоо үчүн бизге карыз берет, кийин кайра эле Кытай компаниялары аткаминерлердин оозун майлап, тендерден утуп чыгышат, жолду оңдоо долбоору менен каражатты колуна алышат. Чуулгандуу ТЭЦ окуясы да жаркын мисал болот. Өлкөбүздө мындай долбоорлор өтө көп жана ишмердик кылып жаткан Кытай компаниялары да аз эмес. Кытай компаниялары, өзгөчө тоо кен жаатындагы компаниялар өзүлөрү менен кошо кытай жумушчуларын кошо алып келишет. Бул жумушчу кытайлар өлкөбүздөгү келечек «чайна таундардын» пайдубалы десек жаңылышпайбыз. Кытай аларды иштетүүнү гана көздөбөстөн, аларды ошол жерлерде калтырып, жергиликтүү калкка айлантууну көздөйт. Азыр кен казылып жаткан сай-сайларда ушул «чайна таундардын» учкундары пайда боло баштады.

Албетте адал-арамды ылгабаган, кыймылдаган нерсенин баарын жеген кытайды, анын саясатын элибиз жек көрөрү анык. Ошондуктан Кытай бул «мүчүлүштүктү» жоюу үчүн сакафий жаатта иш-аракеттерди күчөттү. Мисалы элдик, коомдук делген КТРК, ЭЛТР каналдарында Кытай көрсөтүүлөрү, фильмдери берилиши ырбады. Андан тышкары, Кытай китептери кыргыз тилине которула баштады. Жакында эле Кыргызстандын элчиси Бактыгүл Каламбекова кыргыз-кытай маданият байланышын алга сүргөнү жана Си Цзиньпиндин мамлекеттик башкаруу жөнүндөгү китебин кыргыз тилине которгону үчүн Кытай жогорку сыйлык менен сыйлады. Бул да болсо сакафий чабуулдун бир бөлүгү.

Эки жылдай мурун Кытай тарыхчылары өлкөбүзгө келишкенде, булар жөн келишкен жок, алар Кыргызстан Кытайдын жери болгон деген тарыхий «далилдерди» табуу (жасалмалап коюу) үчүн келишти десек, айрымдар «бөйрөктөн шыйрак чыгарбагыла, тарыхчылардын саясатка тиешеси жок» дешкен. Бирок Кытай тарыхчылары турганда жерибизде жогоруда айтылган «Каюан тунбао» теңгелери же башка «далилдер» табылбастыгына ким кепил, бул теңгелер Тажикстандан чыгыптыр го?!

Кытай бир гана экономикалык, сакафий чабуул менен чектелбейт. Ал саясий өңүттө да таасирин жаюуга аракет кылууда. Кече жакында эле айрым депутаттар Кытайды мактап, аларды коргоп чыгышканы эсибизден кете элек. Кытай бийлиги Кыргызстан жарандыгын алган кытайларды ишке салып, же түз эле саясатчыларды сатып алуу, же аларды финансылык жактан колдоо аркылуу саясатка таасир кылып, өзүнүн кызыкчылыгын коргоп, алга сүрүшү турган кеп, жада калса, бул нерселерди көрө баштадык.

Мунун баарына эмне жол берип жатат? Капитализм жол берүүдө. Бүгүнкү капитализм (демократия) системасы колониализмге мыйзамдуу жол ачат. Кытайдын бизге карата саясаты муну ачыктоодо. Капитализмге ылайык, анын бардык саясаты мыйзамдуу.

Ошондуктан Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакафий, саясий баскынчылыгына каршы туруубуз керек, бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл.

Эске салсак, 8-кылымда мусулмандарды жамдап турган Халифалыктын тушунда, мусулмандар түркий элдер менен биригишип, Таласта кытайлар менен салгылашып, аларды кууп чыккан. Ошондон тарта кытайлар миң жылдай Орто Азиягы кадам шилтешпеген. Бүгүн да мусулмандар биригип бул душманга каршы турушпаса, өз-өзүнчө болууну токтотушпаса, Кытайдын мизин кайтаруу мүмкүн эмес. Бирок мусулмандарды эмне бириктирет, эмне эриш-аркак кылат? Демократиябы, мекенчилдикпи, улутчулдукпу? Бул идеялардын баары мусулмандарды бириктирүүгө эмес, тескерисинче ыдыратууга, бузууга кызмат кылбадыбы?! Демек, бизди бир гана Ислам бириктирет!!!

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here