Сурабалдиева: “Пандемияда элдер кырылып жатканда бизнес жасашкан”

225
0

Сурабалдиева: “Пандемияда элдер кырылып жатканда бизнес жасашкан”

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева COVID-19 пандемиясы учурунда Кыргызстанга келген жардамдардын бөлүштүрүлүшүн изилдөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алдын ала жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады.

Анын айтымында, Кыргызстанга сырттан келген гуманитардык жардамдарды жеп коюшкан, эл кырылып атканда кырсыктан бизнес жасаган фактылар бар.Ошондой эле айрым жетекчилердин тийиштүү документтерди кечиктиргенинен улам дары-дармек жетишсиз болуп, башаламандык жаралган.Мындан сырткары оору боюнча чыныгы сандар жашырылып, адамдардын өлүмүн азайтып жазышкан.Элге айткан сандар менен чындап илдеттен каза болгондордун ортосунда миңдеген айырма чыгат.

Сурабалдиева буга чейин Кыргызстанда коронавирус күчөп турган жай мезгилинде Кытайдан келген күмөндүү дарылар таратылганын айткан. “Отчетто канча дары каражаты түшкөнү, алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес жана препараттар сыноодон өтпөгөн”, – деп билдирген вице-премьер.

Саламаттык сактоо министрлиги кеп болгон каражаттар гуманитардык жардам катары келгени үчүн бейтаптарга кошумча берилгенин билдирген.
Ал эми, Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Айгүл Жакубекованын айтымында, мекеме гуманитардык линия аркылуу келген медициналык буюмдарды жана дары-дармектерди каттоого алууну карабайт.

Жогорудан маалым болгондой, Кыргызстанга чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан келген дары-дармектер, вакциналар текшерилбей туруп эле калкка колдонууга берилип келген. Алардын айрымдары Кыргызстанга окшогон жакыр калктарга сыноодон өткөрүү үчүн келген болсо, айрымдары бир ооруга дабаа болгону менен башка ооруну пайда кылышы айтпасак да белгилүү.

Буга кошумча, Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан пандемия шартында 346 млн доллар карыз жана кредиттерди алган. Анын бир бөлүгү болсо жогоруда чиновник айткан аткаминерлер сол чөнтөккө солоп кеткен. Ал эми, карыз берген тараптар кандай шарттар менен акча бөлгөнү азырынча ачыктала элек.

Жыйынтыктап айтканда, капитализмдин табиятына ылайык, капиталисттер оорудан да акча иштеп калуунун үстүндө баш катырышты. Айрыкча, дүйнөдөгү экинчи кирешелүү тармак катары саналган фармацевтика компаниялары дүйнөнү киреше майданы кылып алды. Алар коркууга түшүп калган калктарга вакцина жана башка дары дармектерди өткөрүү менен өздөрүнүн кирешелерин арттыруу үстүндө долбоорлорду иштеп жатат. Алардын пайдасынан жергиликтүү фарм компаниялар да үлүш алып калууга ашыгууда. Кыргыз бийлиги болсо ушул капиталисттердин куралына айланып, элине кыянаттык менен дары-дармектерди сыноодон өткөрүүдөн да кайра тартпай жатат.

Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдонуп жаткан колонизатор капиталисттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылган бийликтин иш-аракеттерине сактык менен мамиле кылышыбыз шарт. Муну менен катар өз Исламыбызга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушка ашырууга шашылалы. Анткени, Исламдын Саламаттыкты сактоо тармагы пайданы эмес, ооруну дабалоону максат кылгандыктан, ар кандай пандемия же жугуштуу ооруларга каршы ийгиликтүү күрөшүп келген. Демек, биз үммөттү жана адамзатты бүгүнкү күндүн балээлеринен Ислам мабдасын толугу менен жашоого алып келүү аркылуу гана азат кыла алабыз!

Мумтаз Маверанахрий 

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here