Доллар – колонизаторлук саясаттын куралы катары

446
0

Доллар колонизаторлук саясаттын куралы катары

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана көптөгөн өлкөлөрдө валюталар кунун жоготуп, аны сактап калуу үчүн доллар менен интервенция жасап келишет. Жыл башынан бери Кыргызстанда доллардын курсу 15-16 сомго көтөрүлүп, дээрлик 85 сомго жетти. Доллардын наркына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлар да кымбаттады. Улуттук валютанын курсун туруктуу сактап туруш үчүн Улуттук банк жыл башынан бери 20дан ашык интервенция жасады. Буга карабай өлкөдө жыл сайын доллардын курсу көтөрүлүп жатат. Кыргызстандын улуттук валютасы 1993-жылдын 10-майында Эл аралык валюта фонду тарабынан 1 доллар 4,15 сомго барабар кылып белгиленген эле.

Бул маселени чечүү үчүн айрым саясатчылар алтын акча түзүмүн сунуштап келет. Алдыда доллардын эл аралык колонизаторлук куралы экендиги жана анын ордуна келе турган алтын акча түзүмү тууралуу баяндайбыз.

Негизинен Кыргызстанда доллардын курсу төмөнкү төрт нерсе себептүү көтөрүлүп жатат:

А) Инфляция; Инфляция – бул сатып алган нерсе жана кызматтар баасынын өсүшү. Мисалы, өткөн жылы этти 300 сомго алсаңыз, быйыл 50% кымбаттап, 450 сомго алып жатасыз. Түпкүлүгүндө ошол эле этти алып жатасыз, бирок акчаны көп сарптадыңыз. Инфляция жүрүп бараткан унаага окшойт, кээде көрсөткүч тез көтөрүлөт, кээде жайыраак. А бирок, дайыма көтөрүлүп турат. Мунун себеби, дүйнө доллар системасына байланып калганында. Мисалы, Кыргызстан 100 млн доллар кредит алса, үстөк пайыз кошулуп, аны 101 млн кылып төлөгөнгө туура келет. Бир миллион долларды кайдан табат? Албетте айланып барып эле Американын федералдык резервинен алат. Демек, Америка федералдык резерви дагы 1 млн доллар басып чыгарат. Мындай көрүнүш ар бир өлкөдө жана ар дайым кайталанып тургандыктан, жыл сайын инфляция болуп турат. Муну “табигый” инфляция деп атап коюшкан.

Кыргызстанда 2013-жылы инфляциянын көрсөткүчү 0,4% болсо, 2020-жылы 7,9%га жетти. Башкача айтканда, товар жана азык-түлүктүн баасы 7,9%га кымбаттады. Инфляция көрсөткүчүнүн мындай азайтылып эсептелишинин себеби, бардык товарлардын корзинасы түзүлүп, анын ичинен эң аз кымбаттаган товардын баасы менен эсептелишинде.

Б) Импорттун өсүшү, экспорттун азайышы; Белгилүү болгондой Кыргызстандын экономикасы дайыма тескери сальдо менен чыгат. (сальдо – экспорт менен импорттун айырмасы). Мына ушул тескери сальдо негизинен доллардын сыртка чыгып кетишин түшүндүрөт. Т.а экспорт көп болсо, доллар өлкөгө көбүрөөк кирет. Ал эми импорт көп болсо, доллар сыртка көбүрөөк чыгып кетет. Натыйжада өлкө ичинде долларга болгон таңкыстык күчөп, анын курсу көтөрүлөт. 2019-жылы Кыргызстандын башка өлкөлөр менен товар алмашуусу 6 млрд 869,3 млн долларды түзгөн. Мунун 1 млрд 965,5 млн доллары экспорт, 4 млрд 903,8 млн доллары импорт. Экспорттун 25,4%ы алтынга байланыштуу. Башкача айтканда Центеррага окшогон чет элдик компаниялардын пайдасы. Демек, импорттук товарларды сатып алуу аркылуу сыртка чыгып кеткен доллардын сомдун курсуна тийгизген таасири абдан чоң. Бул өз кезегинде жарандарда долларга болгон талапты күчөтөт.

В) Сомго болгон суроо-талаптын азайышы, долларга болгон суроо талаптын өсүшү; Себеби доллардын курсу ишенимдүүрөөк болуп, калк арасында сатып алуу, акча сактоо иштери доллар менен жүргүзүлүп жатат. Натыйжада сом кадырсызданып, доллардын курсу көтөрүлүп барат.

Г) Рубль кунунун кескин түшүүсү; Кыргызстан менен Орусиянын соода алмашуусу 2019-жылы 1,9 миллиард долларды түзгөн. Бул жалпы сооданын дээрлик 30%на барабар. Ошондуктан, акыркы учурдагы рублдун кунсузданышы, Кыргызстанды айланып өткөн жок. Кыргызстан менен Орусиянын соода байланыштары көбүнчө рубль менен жүргөндүктөн кыргыз экономикасына залакасын тийгизди. Жыл башынан бери орус рубли долларга карата 11,4 рубль арзандаган. Буга кошумча Орусиядагы мигранттар жөнөткөн акча да өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизип турат. Маселен, 2019-жылы 2, 685 млрд доллар которгон. Пандемияга байланыштуу бул жылдын 8 айында 1,5 млрд доллар которулган. Белгилүү болгондой, бул каражаттардын негизги бөлүгү рубль менен которулат. Мына ушул жагдайлар өлкөдө доллардын дайыма кымбатташына таасирин тийгизип турат. Мындан улам бир катар жергиликтүү жана эл аралык саясатчылар доллардан баш тартып алтын түзүмүнө чакырып келет. Алтын акча түзүмү тууралуу кеп кылуудан мурун анын кулоо тарыхына учкай токтолуп өтөлү…

Алтын өзүнүн тарыхый акчалык ролун жогото баштаганына 75 жылдан ашты. Бул алтын стандарт системасы Биринчи дүйнөлүк согуш дооруна чейин өкүм сүрүп келди. Согуш мезгилинде, согушуп жаткан мамлекеттердин чыгымдары ресурстарынан эселеп ашып кетти. Ошол себептен улам, кошумча акча басып чыгаруу үчүн борбордук банктарга кайрылуудан башка чара калбады. Бирок, борбордук банктардын иш-аракети «алтын стандарты» шартында банкнотторду алтынга алмаштырып берүүнү кепилдөөгө гана чектелген. Мындан улам, өкмөттөр өздөрүнүн борбордук банкттарын бул алмаштыруу иш чарасынан баш тартууга үндөдү жана алтын стандарты түзүмүнө амал кылынбай калды. Буга 1929-жылы Америка Кошмо Штаттарында, кийин дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттерин камтып алган эл аралык экономикалык кризис кошумча сокку болду. 1937-жылга келип алтынга өз валютасынын баасын толук камсыздоочу каражат катары таяна турган бир да мамлекет калбады.

1939-жылы болсо Экинчи дүйнөлүк согуш башталды. Америка союздаш мамлекеттерге курал-жарак экспорт кылуу менен экономикалык кризистен чыгып алды жана бүткүл дүйнө жетекчилигин колго алууга ыңгайлуу учур жаралды.

Согуш аяктап калганда т.а. 1944-жылы Америка «Бреттон-Вудз» сүйлөшүүлөрүн уюштурду. Америка делегациясы валюта базарын көзөмөлдөө укугу федералдык, борбордук банкында болушу зарыл деген пикирде катуу туруп алды жана ушуга келишилди. Натыйжада доллар келечекте жалгыз акча бирдиги болуп калышы үчүн туруктуу валютага айланды. Конференциянын жыйынтыгында доллар алтынга алмашыла турган ортомчу валюта кызматын аткара турган болуп, 35 доллардын наркы бир унция алтын кылып белгиленди т.а. дүйнө «алтынга алмашуу эрежеси» системасы негизинде жашай турган болду. Бул алтын менен доллар түзүмүнүн ортосундагы доор болуп калды.            Натыйжада, алтындан жетекчилик тизгини тартылып алынып, өзүнүн төмөнкү эки негизги милдетинен кол жууду:

Биринчиси – алтын соода операцияларында негизги төлөм каражаттарынан ажырады.

Экинчиси – алтын валюталар баасын камсыздоо каражаты катары иштетилип, валюталардын баасы алтын менен камсыздалгандыгына карап белгиленбей калды.

Белгилүү болгондой экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы менен Америка дүйнөдөгү алтындын үчтөн эки бөлүгүн т.а. 25 миллиард долларлык алтынга ээ болгон. Кийин Кошмо Штаттардын алтын запастары кемий баштады, дүйнөдөгү доллар запастары болсо көбөйүп кетти. 1960-жылга келип Америкада алтын запастары 18,8 миллиард долларлык болсо, чет элдеги доллар запастары 18,7 миллиард болду. 1965-жылга келип Американын алтын запасы 14 миллиардга түшүп кетип, чет элдеги доллар запасынын көлөмү 25,2 миллиардга көтөрүлүп кетти.

Буга кошумча Францияда 1958-жылы Де Голл (Франциянын 1959-1969 жылдардагы президенти) бийликке келер замат өзүнүн пландаштырган ишин аткарууга киришти. Оболу Франциянын ядролук күчүн түздү. Кийин – 6 миллиард долларга жакын акча запастарын топтой алды. Эски франкты жаңысына алмаштырды. Ошентип, мамлекетте нак акчага болгон керектөөдөн көбүрөөк өлчөмдөгү алтын запастары пайда болду. Булардын баары Америка долларына сокку берүү үчүн болду. Франция алтын түзүмүнө чакыра баштады. Бул эл аралык алтын менен мамиле кылуу эрежесинин ордундагы долларды алмаштырууну талап кылуу деген сөз эле. Де Голл 1965-жылы 14-февральдагы сөзүндө: “Доллар мурда алтын менен камсыздалган эле, азыр болсо 20%дык алсыз курс менен камсыздалган. Ошондуктан, эгер мамлекеттер өздөрүнүн доллар запастарын алтынга алмаштырууну каалашса, Америка албетте алмаштырууга кудурети жетпейт. Демек бул системаны алтын түзүмүнө алмаштыруу зарыл» – деген эле.

Мындай жагдайдан кутулуу үчүн Америка ар түрдүү күчтөрдү, факторлорду, жолдорду өзүнө моюн сундуруп, доллардын айбатын, макамын, кубатын сактап калуу үчүн көптөгөн иш-чараларды өткөрдү. Бул аракеттеринде «Бреттон-Вудз» конференциясында жана андан кийин түзүлгөн Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк, Эл аралык сот сыяктуу мекемелер аркылуу башка өлкөлөргө басым өткөрүүдө майнаптуу пайдаланды. Ошентип, Америка президенти Никсон 1971-жылы башка капиталист шериктеринин ортосундагы келишимдер менен милдеттенмелерди бир четке сүрүп, долларды алтынга алмаштырып берүү түзүмүнө амал кылууну жокко чыгарды.

Доллардын саманга айланып калуусун алдын алуу үчүн Америка товар жана кызматтарды долларга байлоого шашылды. Бул үчүн дүйнө базарларындагы мунай соодасында долларды негизги бирдик кылууга аракет кылды. 1973-жылы Саудияны мунай өндүрүүсүн төмөндөтүүгө көндүрүп, мунайга болгон баанын көтөрүлүшүнө өбөлгө түздү. Натыйжада доллар кыйматы менен мунай баасынын ортосундагы байланыш бекемделип, нефтедоллар термини пайда болду. Чынында, Америка бул экөөнүн ортосундагы бекем алаканы дүйнөдөгү финансылык жана экономикалык алакаларды көзөмөлдөө үчүн бир каражат катары колдонгон. Ошондуктан, 1975-жылы бул келишимге башка мунай өндүрүүчү мамлекеттерди да мажбурлап кошту.

Мунайга болгон талаптын жыл сайын өсүүсү доллардын ашыкча көлөмдө басып чыгылуусун шарттады. Анткени, өндүрүлгөн мунай соодасы доллар менен жүргүзүлгөндүктөн, анын кубатын бекемдөөчү факторго айланып калган.

Кийин АКШ долларды ар кандай чектөөдөн азат кылды. Анын экономикалык өсүүгө т.а товар жана кызматтарга байланыштуулугун үздү. Бул президент Рейгандын 1983-жылдагы токтому аркылуу ишке ашты. Ошондо АКШнын долларды басып чыгаруусу экономикалык өсүүгө караганда бир нече эсе көбөйүп кетти. Мисалы, экономика 3-8% аралыгында өскөндө, акча байлыгы 50% жана андан жогору көрсөткүчкө жетти. Бир тараптан долларды алтындан ажыратуу, экинчи тарапан экономикалык өсүүдөн азат кылуу натыйжасында виртуалдуу же кыялдуу экономика деген нерсе жүзөгө келди. Жөнөкөй айтканда, доллар товарлар менен да, өндүрүш менен да, кызматтар менен да өлчөнбөй турган болду. Ал эми, доллардын ортомчулук алаканы аткарып берүүдө чеги жок болуп, азыркы учурда жүгүртүүдө 5.4 триллиондон ашыгыраак доллар бар. Мунун Америка өндүрүшүнө же кызматтарына эч кандай тиешеси жок. Көңүлдү бура турган нерсе күнүмдүк чет элдик акча жүгүртүүлөрдүн 84.9%ы доллар менен жүгүртүлөт. Американын өзүнө тийиштүү өлчөмү мунун жарымынан азыраагын гана түзөт.

Бүгүнкү күндө виртуалдык экономикада 500 триллион доллар болушу мүмкүн, бирок, анын каптамасында реалдуу экономикада 5 триллион доллардык да товар жана кызматтар жок. Башкача айтканда, акча экономикадан ажыратылган абалда биржаларда көбөйүп жатат. Ири проблемалар жүз берген учурда реалдуу экономика менен виртуалдык экономика ортосунда өтө чоң жарака бар экендиги ачылып калууда. Мисалы, коронавирус жайылганда, бир тараптан өндүрүшкө сокку берген болсо, экинчи тараптан медициналык жабдыктар, дарыгерлердин маянасы, маскалар, дары-дармектер жана жаңы ооруканалар сыяктуу муктаждыктарды пайда кылды. Триллиондогон доллар жөнүндө сөз кылып жаткан мамлекеттер бул муктаждыктар алдында кыйын абалга дуушар болуп калды. Себеби, виртуалдык экономикага көз чаптырсак ондогон триллион доллар бар экендигин көрөбүз, бирок реалдуу экономикада адамдардын негизги муктаждыктарына жете турган товар жана кызматтар жок. Мына ушундан АКШ жана башка Европа мамлекеттеринде кризис жүз бере баштады. Эгерде бул ишке көңүл бурсак, Америка жана Европа мамлекеттери негизинен пайыздар, кредиттер, карыздар жана үлүштөр негизине курулган биржа базарлары кулашынан коркуп жатышат. Мисалы, Уолл-Стритте жана Лондон биржасында үлүштөр баасы 30 пайызга түшүп кетиши булар үчүн түзүмдүн кулашы дегени. Анткени, виртуалдык экономика менен реалдуу экономика ортосундагы бул айырма ашкере болушу т.а. виртуалдык экономикадагы акчалар канчалык көп болсо да, адамдардын реалдуу керектөөсүнө жетиштүү эместиги ашкере болушу бул системанын кулашын түшүндүрөт.

Учурда Американын алтын кору болгону 8 миң тоннага жетет. Ошентсе да Америка доллар аркылуу дүйнөлүк мамилеге көзөмөл кылып жатат. Анткени, дүйнө өлкөлөрү өз резервдерин АКШнын ушул кагаз акчалары менен толтуруп кармап турушат. Маселен, өткөн жылдын аягында 146 дүйнөлүк борбордук банктардын резервинде доллар 64%ды түздү. Экинчи оорунда 20% менен евро, жапон йени жана фунт стерлинг 5%. Ал эми Кытайдын юаны 1%га жетпеген көлөмдө. Мындай абал өз кезегинде АКШга текебер саясат жүргүзүүсүнө шарт жаратты. Орусия, Кытай, Европанын доллардан баш тартуу аракеттери негизинен мына ушул резервдеги долларлар айынан ийгиликсиздикке учурап келет. Алар өздөрүнүн резервинде сакталган доллардан баш тартуу тобокелдигине бара алышпайт.

Ушуну да унутпашыбыз керек, дүйнө үстүндөгү карыздар өлчөмү 2020-жылы 255 триллион долларга жетти. Ал эми Америка өкмөтүнүн карызы 2017-жылы 20,25 триллион болсо, 2018-жылдын аягында 21. 52 триллион долларды түздү.

Мындан улам, АКШ доллардын өмүрүн дагы бираз узартуу үчүн акыркы жылдары жаңы иш-чараларды издей баштады. Айрым аналитиктер ФРС Дүйнөлүк банк менен Валюта фондунун ролун өзгөртүп, ашыкча долларды жакыр өлкөлөргө карыз берүү долбоорун баштаганын айтып чыгууда. Эгер дүйнөдөгү 170 борбордук банк менен мындай келишим түзүлсө, ФРС жылына  дагы 10 триллиондон ашык доллар басып чыгармакчы.

Бирок, мындай аракет Америка казына министри атагандай “алсыз доллар” абалына өтөт. Бул дегени дүйнө мамлекеттери соода жаатында доллар менен алака кылбай калгандыгын жана резервдериндеги долларларынан да кол жууп калгандыгын билдирет. Ошондой эле ээлик кылышкан Америка казына облигацияларынан да кол жуугандыктарын түшүндүрөт. Доллардын кунсузданышы менен бул мамлекеттер эбегейсиз байлыктарынан кур жалак калышат!

Маселенин чечимине келсек, дүйнө мамлекеттери качан гана алтын менен күмүш акча түзүмүн турмушта колдонгондо гана маселе оң жагына чечилет. Эгер кагаз акча чыгарыла турган болсо анда анын запасында (мукабалында) алтын жана күмүш болуусу зарыл. Башкача айтканда, алтын жана күмүш банктардын резервинде товар катары сакталып акча катары айланып турушу зарыл жана эгер кагаз акча басып чыгарылса, ал канча алтын же күмүшкө барабар экендиги көргөзүлүүсү зарыл. Аны каалаган учурда ошол жазылган алтын же күмүшкө алмаштырып алат. Муну менен кожоюндук кагаз акчага эмес алтын жана күмүшкө таандык болот…

Алтын стандарт системасынын эң маанилүү касиети – башка акчаларга болгон алмаштыруу баасын туруктуу сактоо кудурети болуп эсептелет. Мында, алмаштыруу баасы акча бирдиги үчүн белгилеген нукура таза алтын салмагына сүйөнүп белгиленет. Мисалы, Британия өкмөтү бир фунт стерлингге эки грамм таза алтын белгилесе, Америка өкмөтү бир долларга бир грамм белгилеген деп алсак, эки мамлекет ортосундагы алмаштыруу баасы бир фунт стерлинг = эки доллар болот жана бул баа тең салмактуулук баасы деп аталат.

Акча бирдигинин баасы ички жана тышкы майданда бир кыл туруктуу турат. Алтын акча доллар сыяктуу бир гана мамлекетке тийиштүү болбогондуктан баа туруктуу сакталат. Мисалы, учурда сомдун өлкө сыртында күчү жок. Ал эми алтын акча болгондо, ал өлкө сыртында да өз кубатын ошол баада сактап кала алат.

Алтынга карата расмий баа белгиленгенден кийин, алтындын да, акчалардын да айырбаштоо баалары туруктуу болот.

Баарына чектөөсүз алтын алып кирүү жана алып чыгуу укугу берилет. Себеби, алтындын эркин кирип чыгышы, алмаштыруу баасынын туруктуулугун камсыздайт. Ал эми учурда болсо, буга тескери түрдө, акчалардын айырбашталуу курсу Эл аралык валюта кору тарабынан белгиленет. (Эл аралык валюта кору токтомдор Америка үстөмдүгү астында кабыл алынышы үчүн түзүлгөн. Себеби Американын бул фонддогу үлүшү 27,2%ды түзөт. Башкача айтканда уюм токтом кабыл алышы үчүн 75% добушка ээ болушу керек. Демек, АКШнын ыраазылыгысыз эч бир чечим кабыл алынбайт т.а валюта фондунун токтомдору Американын токтомдору дегени).

Жыйынтыктап айтканда, мына ушул алтын түзүмү аркылуу гана бир мамлекет кыйматы жок кагаз акча менен башка бир мамлекеттин байлыгын тоноп, алардын аракетин пайдалана албайт жана душмандык согуш отун тутандыра албайт. Башкача айтканда, адилетсиз мамиле жоюлат. Биз көрүп турганыбыздай, бул ишти кыла ала турган учурдагы дүйнөдө бир да мамлекет жок. Бул ишти кыла турган мамлекет – Халифалык мамлекети. Халифалык мамлекети бул ишти кылбай коюшу мүмкүн эмес. Анткени шарий өкүмгө ылайык, Ислам мамлекетинде алтын жана күмүш акча түзүмү иштетилет. Мына ушул түзүм гана бүгүнкү зулумдукту четке сүрүп чыгарат. Биз күбө болуп тургандай, бул түзүмдү колдонуудан канчалаган финасылык, экономикалык кризистер келип чыгып, анын натыйжасында адамдар кыйматы жок кагаз акча негизинде канчалаган мал-мүлктөрүн талатып-тонотушуп запкы тартып жатышат. Ошондуктан бул батыл түзүмдү кулатып, Исламдагы алтын жана күмүш акча түзүмүн тикелөө зарыл.

Эскерте кетсек: Ислам мамлекетинде келечекте толук мамилеге киргизиле турган шаръий акча бирдиги 4,25 грамм таза алтын динар негизинде жана 2,975 грамм таза күмүш дирхем негизинде болот.

Мумтаз Мавераннахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here