Путин: “Кыргызстан ар дайым ички саясатын Батыш калыбы менен жөнгө салмакчы болгондо чехарда болот”

395
0

Путин: “Кыргызстан ар дайым ички саясатын Батыш калыбы менен жөнгө салмакчы болгондо чехарда болот”

Россиянын президенти Владимир Путин басма сөз жыйыны учурунда журналисттин: “Кыргызстан жана Белорусиядагы окуялар себептүү 30 жаштагы КМШ уюму орто курактагы кризиске туш келбейби?” – деген суроосуна жооп берип: “Кыргызстан ар дайым ички саясатын Батыш калыбы менен жөнгө салмакчы болгондо, чехарда (эшек секирмей оюну) болот”? – деди.

Путин Кыргызстандагы башаламандыктар буга чейин да болуп келгенине ишара кылып: “Дайыма ички саясий турмушун Батыштын калыбы менен жөнгө салууга аракеттенип алдыга чуркашат. Бирок, Кыргызстанда саясий түшүнүктүн деңгээли, саясий институттардын өнүгүшү маселен, Франциядагыдай же Германиядагыдай эмес да”, – деди.

Путин Кыргызстанда күтүлүп жаткан референдумга карата өзүнүн, балким, Россиянын саясий мамилесин билдирди. Ал Кыргызстанда президенттик башкаруу (диктатура) болушун каалайт.

Кыргызстан да – Украина, Белорусия сыяктуу – Батыш менен Россиянын ортосунда калган кезектеги мамлекет болгону турат. Кыргызстанда эки тараптын тең саясий электораты бар. Россиянын саясий чөйрөсү да талкаланып, саясий кызыкчылыктары Батыш хазараты менен биригип барууда.

Россия Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй КМШ мамлекеттеринин ички саясатындагы таасирин жоготуп барууда. Буга Россиянын эл аралык саясаттагы таасири алсырап жатышы о.э. андагы экономикалык жана инвестициялык чөйрө начарлап бара жатышы себеп болууда.

Негизи, Россиянын өзүнүн ички саясаты деле Кыргызстандыкынан жакшы эмес. Андагы саясий жана экономикалык абал Путин ойлогондой, же жашырууга аракет кылып жаткандай эмес. Демек, алсырап бара жаткан жетекчи мамлекеттин колония кылуу же кол астындагы колонияларын кармап калуу механизмдерин жоготушу табигый көрүнүш.

Путин башкаруудагы кемчиликтери себептүү стратегиялык мааниге ээ болгон аймактарды же бүтүндөй мамлекеттерди колдон чыгарып жатканын жашырууга аракет кылып, муну ал мамлекет башчылардын кыянатына, алардын ички саясатына Батыш мамлекеттери аралашып жатканына шылтамакчы болуп жатат. Бирок, Россия чөгүп бара жатканы ачык көрүнүп турган акыйкат! Өз мамлекетинин туруктуулугун, экономикалык жана саясий өнүгүүсүн ойлогон саясатчылар же саясий топтор Россия менен бирге өнүгүүдөн үмүттөнүшпөйт. Ушундан келип чыгып, мамлекеттик саясатты да ага байлоого шашылышпайт.

 Кыргызстанда чындап эле саясий майдан кызуу бойдон турат. Т.а. Кыргызстандагы саясат кайра кызып жатат десек туура болот.

Эй мусулман, даъватчы боордоштор! Кырдаал курчуп бара жатат. Ар кандай ыплас күчтөр пайда болду жана алар коомубузга жайылып барууда. Алардын ыплас максаттарына исламий идеология аркылуу биз гана тоскоолдук жарата алабыз. Себеби улутчулдук, мекенчилдик жана трайбализмдин өнүгүшү белгилүү бир мөөнөттө жарылуучу мина сыяктуу болот. Убагы келгенде бул минадан ар кандай бузуку күчтөр пайдаланышы мүмкүн!

Коомду мындай бузук түшүнүктөрдөн тазалоо үчүн исламий түшүнүктөрдү, диний мухитти жана бири-бирибизди мухасаба кылуу менен жамаий рухту (Аллахка байланууну) күчөтүү важиб! Колдон чыгарылган ар бир таза мухиттин ордун куфрга негизделген бузук түшүнүк жана мухиттер ээлеп алышат. Андан кийин биз адамдарга кайрылсак, алар куфрга адаттанып калышканы себептүү, башына селде оронуп алган батышчыл демократтарга же улутчулдарга айланып калышат! Эй боордоштор, тарыхтан сабак алып жана Аллахтан коркуп динибизге бекем жабышалы!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here