Мусулман өлкөлөрүндө күрөшүп жаткан тараптар бул күрөштөр абдан кооптуу экенин качан түшүнүшөт?!

371
0

Мусулман өлкөлөрүндө күрөшүп жаткан тараптар бул күрөштөр абдан кооптуу экенин качан түшүнүшөт?!

«Ал-Жазира нет» сайты хижрий 1442-жылы 2-робиуссаний, миладий 2020-жылы 17-ноябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Оксфам уюму дүйнөдөгү ири мамлекеттер Ямандагы согушта Саудияга миллиарддаган доллар көлөмүндөгү курал-жарактарды экспорт кылып жатканын жана мунун тушунда мамлекеттер дүйнөдө эң чоң кризисти башынан өткөрүп жаткан ямандыктарга жардам катары бул каражаттын болгону үчтөн бир бөлүгүн бөлүп жатышканын сындады.

Оксфам уюму баса белгилешинче, чоң жыйырмалык мамлекеттери 2015-жылда Яман согушу башталгандан бери Саудияга 17 миллиард доллардан ашуун көлөмдө курал-жарак экспорт кылышкан. Ал эми, ушул согуш себептүү дүйнөдө эң чоң гуманитардык кризисти башынан өткөрүп жаткан Яман калкын колдоп-кубаттоого бул каражаттын болгону үчтөн бир бөлүгүн бөлүшкөн».

Роя:

Капиталисттик мамлекеттер материалдык пайда табуу максатында адамдарды кыргын кылган куралдарды сатуу үчүн мусулман өлкөлөрүндө жаңжалдарды козутуп жатканы бир мусибат болсо, жаңжалдашып жаткан тараптар аларга курал саткан колонизатор мамлекеттердин өкүлдөрү катары согушка кирип жатышканы эң чоң мусибат. Мындан да жаман кылмыш болушу мүмкүнбү?! Мусулмандар АКШ, Британия жана Франция сыяктуу колонизатор мамлекеттерден сатып алынган куралдар жардамында өлтүрүлүүдө. Булар мусулман өлкөлөрүндөгү колонизаторлуктун кызыкчылыктарына кызмат кылуу жана алардын пландарын аткаруу үчүн жасалууда. Бул нерсе бир тараптан колонизатор Батыштын кылмышкерлигин жана ахлаксыздыгын көрсөтүп жаткан болсо, башка тараптан мусулман өлкөлөрүнүн акимдери жана Батыш менен түздөн-түз же кыйыр түрдө мамиле кылган кыймылдар кандай малай экенин көрсөтүүдө.

 

Роя гезити, №314, 2020жыл, 25ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here