ИСЛАМДАГЫ БАШКАРУУ ТҮЗҮМҮ

312
0

ИСЛАМДАГЫ БАШКАРУУ ТҮЗҮМҮ

Мусулман адам ибадатын Ислам буйругандай аткарат, Ислам кайтаргандан кайтарат. Мисалы, мечиттерде намаз окуйт, адамдарды отко-сууга сыйынуудан кайтарат. Тамактанганда да шарият буйругандай азыктанат: адалын жейт, харамдарын таштайт. Так ушулар сыяктуу эле, башкаруучуну жана башкаруу түзүмүн түзүмүн тандоодо да, мусулмандар шариятта белгиленгендерин тандап, андан башкасына ыраазы болбошу керек.

Мына азыр Кыргызстанда президенттик шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат. 10-январда президенттик шайлоо менен бирге, республикалык башкаруу түзүмүндөгү “президенттик башкаруу” же “парламенттик башкаруу” формаларынын бирин тандоо референдуму да өткөнү жатат. Ушул орунда, мусулман адам өзүнө-өзү суроо бериши лазым: Шарият боюнча мусулмандарды ким башкарышы керек? О.э. шарият белгилеген башкаруу түзүмү кайсы?

Исламдагы башкаруу түзүмү – бул Халифалык. Ал дүйнөдөгү бардык башкаруу түзүмдөрүнөн түп-тамырынан жана бүтүндөй айырмаланат. Халифалык башкаруу түзүмү Ислам акыйдасы негизине курулат жана адамдар ишин башкарууда шариятты гана колдонот.

Исламдагы башкаруу түзүмү – республика эмес

Демократия системасынын башкаруу түзүмү – республикалык түзүм. Ал эми, Ислам системасынын башкаруу түзүмү – Халифалык. Демократияда башкаруу жана мыйзам чыгаруу иши элдики болот. Б.а. эл парламентке мыйзамдарды чыгартып алат жана ошол мыйзамдар менен жашайт. (Ушул алардын назарында “элдик бийлик” деп аталат. Ушундай деп айтылса да, бирок, турмуш чындыгында эч кандай элдик бийлик жок. Алар айтып жаткан бийлик бутактарынын бардыгын капиталисттер ээлеп алышат. Парламентке капиталисттер барып, өздөрү элдин жоңконунан жашай турган мыйзамдарды чыгарып алышат, аткаруу бийлигине да, сот бийлигине да капиталисттердин өкүлдөрү ээлик кылышат).

Ал эми, Исламда Үммөт да, халифа да мыйзам чыгаруу укугуна ээ эмес. Анткени, мыйзам түзүүчү – жалгыз Аллах Субханаху ва Таала. Андыктан, анда шарияттан башка мыйзам жок. Халифа болсо конституция жана мыйзамдарды Аллахтын Китеби жана Расулунун сүннөтүнөн табанний кылуу укугуна гана ээ.

Республика түзүмүнүн президенттик формасында, АКШдагыдай сыяктуу, мамлекет башчысы президент болот. Ал эми, парламенттик башкаруу формасында, Германиядагыдай сыяктуу, башкаруу министрлер кабинетинде болот б.а. анда премьер-министр жетекчи болот.

Мыйзам чыгарууну адамдарга берип койгон демократия системасы куфр система болуп, анын негизине курулган республикалык башкаруу түзүмү да куфр түзүмү болуп саналат. Андагы бийлик ээлеринин ыйгарым укуктары да Исламдагы Халифалык башкаруу түзүмүндөгү ыйгарым укуктардан бүтүндөй айырмаланат. Тыянактап айтканда, алар курулган негизде да, түзүм жана деталдарда да таптакыр айырмаланат.

Исламдагы башкаруу түзүмү – империализм эмес

Империалист мамлекеттер башка өлкөлөрдү басып алганда, аларга карата империялык түзүмдү колдонот. Калкын эзет, байлыктарын тонойт, борбордук мамлекетке бийлик, байлык жана экономикада үлкөн артыкчылыктарды жаратып берет. Бул үчүн, алыскы тарыхка кайрылып олтурбай, жакынкы эле тарыхтагы колонизаторлук о.э. бүгүнкү неоколонизаторлук доорлорунан көптөгөн мисалдарды табууга болот.

Халифалык болсо, башка өлкөлөрдү басып албайт, балким, динди жаюу үчүн аларды фатх кылат. Аларды Исламий мамлекеттин бир бөлүктөрүнө айландырат. Мамлекеттин бардык бөлүктөрүндө жашоочу жарандар ортосунда теңдикти орнотот, улутчулдукту жоготот.

Исламдагы башкаруу түзүмү – федерация эмес

Федеративдик түзүмдө, ар кайсы өлкөлөр кайсы бир деңгээлде өз алдынчалыгын сактап калып, ал эми, башкарууда жалпы бир борборго баш иет. Халифалык андай эмес, балким, ал бир бүтүн түзүм. Ислам  мамлекетинин борбору Шамда болсо, Фалестина регионуна кандай каралса, чыгыштагы Хурасан жана батыштагы Мароккого да ошондой каралат.

Мамлекет бюджети, кайсы вилаят болушуна карабастан, бардык жарандар ортосунда тең бөлүштүрүлүшү керек деп карайт. Эгер кайсы  бир вилаят калкынан жыйылган салыктын өлчөмү анын муктаждыктарынан эки эсе ашык өлчөмдө болсо, ага муктаждыгына жараша сарп кылынат, жыйылган өлчөмгө каралбайт. Эгер кайсы бир вилаятта жыйылган салык муктаждыктарды каптабай турган даражада аз болсо, анда ошол вилаятка муктаждыгына жараша жалпы бюджеттен сарп кылынат.

Исламдагы башкаруу түзүмү – королдук эмес

Королдук түзүмү королду башка жарандарда болбогон бир канча укук жана артыкчылыктар менен камсыздайт, аны мыйзамдан да жогору коюп, кол тийгис кылат. Королдук улам кийинки мураскорго өтүп турат. Бүгүнкү күндө королдук системанын эки түрүн кездештиребиз. Биринчисинде, король бардык ыйгарым укуктарды өз колуна топтоп алып, мамлекет жана жарандар үстүнөн өзү каалагандай башкарат. Буга Саудия королдугун мисал келтирсек болот. Королдуктун экинчи түрүндө болсо, король башкарууга ээлик кыла албаган символикалуу шахс болот, буга Британия жана Түндүк Ирландия бириккен королдугун мисал келтирсек болот. Негизи, ал мамлекетте республикалык башкаруу түзүмүнүн парламенттик башкаруу формасы колдонулат, ошондуктан да, андагы башкарууну “парламенттик монархия” деп коюшат.

Мунун каршысында, Халифалык түзүмүндө Халифа башка адамдардан эч бир укук жана артыкчылыктар менен айырмаланбайт. Аллахтын шариятын үммөткө карата колдонууда жана аткарууда үммөттүн кызматкери гана болот. Ал үммөт иштерин башкарууда жалаң гана шаръий өкүмдөргө чектелген. Мындан тышкары, Халифалык түзүмүндө бийликти мураска калтыруу жок.

(Жогоруда айтылган нерселер жаатында кененирээк билимге ээ болгуңуз келсе, “Исламдагы башкаруу түзүмү”, “Халифалык мамлекетинин жихазы” китептерине, “Халифалык мамлекетинин конституция долбоору”, “Демократия куфр системасы” китепчелерине кайрылыңыз).

Тыянак:

Демек, мусулмандар шайлай турган жетекчи – бул Халифа. Ал эми, мусулмандар тандашы важиб болгон башкаруу түзүмү – бул Халифалык. Халифалык турмуш майданында жок кезде, аны тикелөө үчүн аракет алып баруу баарыбызга ваажиб. Учурдагы куфр системаларына ыраазы болуп жашай берүүгө болбойт.

Ошондуктан, эгер мусулман катары шариятка кайрылсак, 10-январда өтө турган президенттик шайлоого о.э. башкаруу формасын тандоо референдумуна катышуу харам иш экенин табабыз. Андыктан, биз Кыргызстан мусулмандарын бул шайлоону бойкот кылууга чакырабыз. Муну менен, бул харам иштен тыйылабыз о.э. демократия куфр системасынын бир институтуна сокку берип, анын өмүрүн кыскартууга салым кошобуз. Жана дагы, бул ишибиз Халифалыкты куруу жолундагы кадамдарыбыздын бири болуп калмакчы.

  1. 12. 2020

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here