Ал-Ваъй тобу: Эгемендүүлүк – колонизаторлуктун жаңы маскасы жана Фалестиндеги баскынчыларды жана алардын артында тургандарды колдоо

301
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ал-Ваъй тобу: Эгемендүүлүк – колонизаторлуктун жаңы маскасы жана Фалестиндеги баскынчыларды жана алардын артында тургандарды колдоо

Хизб-ут-Тахрирдин Халил шаарынын политехника университетиндеги Ал-Ваъй студенттер тобу демонстрация өткөрүп, «эгемендүүлүк майрамынын» түпкү маңызын ачып берди. Т.а. студенттер плакаттарды жарыялап, билдирүүлөрдү берип, «көз карандысыздык» делген нерсенин маңызын баян кылышты, колонизатор өз таасири солгундап бара жатканда калктар жана улуттарга карата өкүмдарлык ыкмасын өзгөртүп турарын түшүндүрүштү. Маселен, колонизаторлор мусулмандарга каршы күрөш алып барып ийгиликке жетпеген соң басып алган мусулман өлкөлөрүндө «эгемендүүлүк» сценарийин ишке ашыра башташты. Бүгүнкү күндө бардык мусулман өлкөлөрүндө «эгемендүүлүк» улуттук майрам катары белгиленип жатканы мына ушундан. Негизи, бул «эгемендүүлүк» экономикада да, саясатта да чыныгы суверендүүлүктү жана элдин каалоосун билдирбей жатканы баарына маалым.

«Биз, Ал-Ваъй тобу, Фалестиндин эгемендүүлүгүн майрамдап жаткандарга бир канча суроолорду беребиз:

Фалестин «эгемендүүлүк майрамын» белгилеши үчүн баскынчы яхудийлерден бир күн болсо да азат болгонбу?!

Кана эгемендүүлүгүңөр, деги, душмандын армиялары Фалестин режимин көзөмөлдөн чыгарбай кармап туруу үчүн региондоруңарга күнү-түнү бастырып кирип жатат го?!

Кана эгемендүүлүгүңөр, деги, Фалестин калкы баскынчынын уруксатысыз чет элге сапар кылып жатабы же шаардан шаарга эркин барып жатабы?!

Донор мамлекеттердин саясаттарын ишке ашырган эл аралык финансылык жардамдар алынып жаткан соң, эгемендүүлүк болушу мүмкүнбү?!

Фалестинде колдонулуп жаткан мыйзамдардан, мисалы, «Үй-бүлөнү коргоо мыйзамынан», «СEDAW конвенциясынан», «ЮНЕСКО таалим программасынан» жана башкалардан Батыштын колонизаторлук саясатын улантуу көздөлгөн эмеспи?!

Бу эгемендүүлүк жалган жана алдоо эмеспи?! Кудум Фалестин калкы өнүккөндөй көрсөтүлүүдө, негизи, Фалестиндин басып алынган жерлеринин бир карышы да азат кылынбаган».

Ушундай мазмундагы билдирүүнүн соңунда Ал-Ваъй тобу чыныгы маанидеги эгемендүүлүктү аңдап түшүнүү зарыл экенин баса белгилеп, мындай деди:

«Чыныгы эгемендүүлүк – түздөн-түз душмандык кылып жаткан (яхудий вужудунун) жана маселелерибизге, кызыкчылыктарыбызга кыйыр түрдө душмандык кылып жаткан эл аралык коомчулуктун каалоосунан азат болуу. О.э. чыныгы эгемендүү болуубуз үчүн экономикалык, социалдык, аскерий жана таалим саясаттарыбыз Дүйнөлүк банк же Эл аралык Валюта Фонду жана БУУга караштуу эл аралык уюмдардан эмес, улуу Ислам түзүмүнөн алынышы керек. Чыныгы көз карандысыздык бийлигибиз да, коопсуздугубуз да өзүбүздүн колубузда болушун, проблемаларыбызды өзүбүздүн исламий акидабыздан алынган чечимдер жана шаръий өкүмдөр менен чечүүбүздү түшүндүрөт.

 

Роя гезити, №313, 2020жыл, 18ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here