Дүйнөдө аялдардын 35 пайызы зомбулукка учурайт

416
0

Дүйнөдө аялдардын 35 пайызы зомбулукка учурайт

Дүйнөдө аялдардын 35 пайызга жакыны зомбулуктун сексуалдык жана башка түрлөрүнө кабылат. Бул тууралуу БУУнун маалыматына таянып, “The Diplomat” басылмасы жазды. Бул санга сексуалдык асылуулардын статистикасы камтылган эмес.

Бул жаатта кыргыз өкмөтүнө да бир нече сунуштар берилген. Атап айтканда, бийлик зомбулукка кабылган кыз-келиндерди коргоо, алардын кенемте алуу укугун камсыздоо, зордукчул аракетти жасаган адамдарды жазага тартуу аракетин көрүүгө тийиш. Тартип коргоо органдары укуктук базаны жынысына карабай бардык жарандарга бирдей колдонушу керек, судьялар менен адвокаттар өзүн-өзү коргоо мыйзамдуу аракет экенин так билүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факт катталган. Алардын 70%ы сотко жетпей токтогон.

Түпкүлүгүндө, аялдардын мындай кор болушунун себеби капитализмдин (демократиянын) аял жөнүндөгү көз карашына байланыштуу. Капитализм аял затына дене ырахатын кандыруучу товар катары карайт. Ошондуктан, капитализм аялдан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда табууну көздөйт. Бул көз караш адамдарды аялдарга ар кандай түрдө зомбулук кылууга үндөшү табигый.

Муну менен катар, капитализм аялдарды эркектер менен тең укуктуу кылам деген шылтоо менен, табиятынан алсыз болгон аялдын мойнуна эркектер менен бирдей милдеттерди жүктөдү. Аялдарды эркектерге көз карандысыз, өз алдынча кылуу шылтоосу менен (гендердик теңдик) аларды аялдардын орду болбогон тармактарга да аралаштырды. Натыйжада, үй-бүлөдө тукруктуулук жоголду. Эркектер да, аялдар да өз милдетин унуткан абалда, үй-бүлөдө жаңжалдар көбөйүүдө.

Ал эми Ислам көз карашына ылайык, аял киши корголушу важиб болгон ар-намыс жана үй бекеси. Мына ушундай камкордук гана аял кишиге өзүн аял катары сезүүсүн, кордолбошун жана бакубат өмүр сүрүшүн камсыздап берет. Мындай камкордук бир гана Исламдагы ижтима түзүмү турмушта колдонулуусу менен болот. Бул түзүм болсо албетте Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу ишке ашат. Натыйжада, жогоруда айтылган дүйнөдөгү аялдардын жарымына жакыны зомбулук астында жашоодон, корголуучу ар-намыстарга айланышат. Андыктан, мына ушул мамлекетти тикелөөгө аракет кылуу алкагында, исламий ижтимаий чечимдерди коомубузга сиңдирип, ал аркылуу батыштын бузук ижтимаий түзүмүн сүрүп чыгарууга аракет кылышыбыз шарт. Мына ушул өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук, ажырашуу сыяктуу көйгөйлөрдүн чыныгы чечими.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here