Коомду сактоочу факторлор – 2: Демократия коомдун акылын бузууда

291
0

Коомду сактоочу факторлор – 2: Демократия коомдун акылын бузууда

Бүгүнкү күндө демократия маскасын жамынган Капитализм коомдун акылын талкалоодо. Ошондуктан, кары-жаш дебей адамдык сыпаттан айрылган жагдайларга күбө болуудабыз. Демократиялык системада акылдан айнытуучу заттарга уруксат берилгендиктен араккечтик, баңгилик сыяктуу акылдан айнытуучу заттарды колдонуу кең жайылган. Натыйжада, үй-бүлө институту талкаланып, кылмыштуулук күчөп, баңгизат менен алектенүү дүйнөдө курал-жарак сатуудан кийинки эле кирешелүү тармакка айланды. Ошондуктан, Исламда акылдан айнытуучу заттарды т.а мас кылуучу алкоголдук ичимдиктерди, наркотикалык заттарды колдонуу арам болуп эсептелет. Бул өкүмдөргө каршы амал кылган адам жазаланат.

Алгач спирттик ичимдиктердин коомдун акылын талкалап жаткан жагдайларга токтололу. Кыргызстанда жылына 101,8 миллион литр алкоголдук ичимдик ичилет, анын 47 пайызы сыра, 40 пайызы арак, 6 пайызы шарап. Кыргызстанда 14 жаштан улуу атуулдардын саны болжол менен 3 миллион болсо ошонун 85 пайызы ичимдик оозангандар жана 25 пайызы алкоголизм илдетине чалдыккан. Айрыкча жаш кыздардын сыра ичүүсү акыркы мезгилде көнүмүш адатка айланууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда ар бир 10 миң өлүмдүн 359у ичимдиктен улам ажал табат. Өлкөдө жылына орточо эсеп менен 30 миңдей кылмыш катталат. Бишкектеги кылмыштардын 55%ы мас абалындагы адамдар тарабынан жасалган. Буга кошумча, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факт катталган. ИИМ үй-бүлөлүк зомбулуктун 70 пайызы ичимдик ичип алгандан улам чыгарын жана аялдарга карата зомбулуктун көбү да ушуга байланыштуу болорун айтты.

Ал эми дүйнө жүзүндө ар бир төртүнчү киши алкоголь колдонгону белгилүү болгон. Башкача айтканда, 2 миллиард киши туруктуу спирттик ичимдик иче тургандыгы, алардын 63%ы эркектер экендиги аныкталган. Бирок, 1991-2000-жылдары туулгандардын арасында кыздар алкоголдук ичимдикти эркектер менен эле тең тайлашып ичип калган.
Акыркы 30 жылда ичкилик колдонуу калктын саны менен кошо 70%га өскөн. Алкоголдун айынан Африка жана КМШ аймагында көп киши каза болгон. Ичкилик ичүү боюнча сап башында турган Угандада 15 жаштан жогорку курактагыларга жылына 15,1 литр, Орусияда 11,2 литр алкоголь туура келсе, Кыргызстанда – 6,3 литрди түзгөн. Акыркы учурда өспүрүм курактагылардын спирт ичимдиктерге жакындоосу күчөгөн. Маселен, Орусияда 11-18 жаштагы 5 млн бала ичимдикке көз каранды болуп калган. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо уюму Европада спирттик ичимдик колдонгон курак жашарып баратканы тууралуу коңгуроо кагып келет. ДССУнун маалыматына таянсак, жалпы өлүмдөрдүн 5,9%ы спирттик ичимдиктердин айынан болот. 2016-жылы эле 3 миллиондон ашык адам ичимдикти ашыкча колдонуудан каза болгон. Бул СПИД, туберкулез ооруларынан курман болгондордон да спирт ичимдиктеринен өлгөндөр көп экендигин билдирет.  Ичимдиктен курман болгондордун 28%ы авто кырсыкка кабылып, 21%ы тамак сиңирүүнүн бузулушунан, 19%ы жүрөк ооруларынан, калган бөлүгү уулануу, психолгиялык оорулар сыяктуу түрдүү себептерден өлүмгө учурайт. Ал эми жумушка жарактуу курактагылардын өлүмгө учурашынын негизги себеби спирттик ичимдик болуп эсептелет. Ошондой эле, оор кылмыштар да ичкиликтин натыйжасында болоору белгилүү. Маселен, Орусияда өткөн жылы адам өлтүрүү боюнча 8300 кылмыш катталып, анын 70%ын мас абалындагы адамдар жасаган. Жалпы соттолгондордун 14%ы ичкиликтен улам кылмыш кылгандар.

Араккечтикти дабалоо үчүн жүз миллиарддаган доллар каражат бөлүнсө да бул көйгөй тескерисинче жыл сайын өсүүдө. Араккечтиктен жабыркагандардын көбү боордун цирроз оорусу, мээнин шишип кетүүсү, ашказандын каноосу, сарык, ашказан, өпкө, жүрөк, кант диабети сыяктуу илдеттер менен оорушат. Мындан тышкары, адистер ичимдиктин ар бир граммы мээни болжол менен 1,5 күнгө карытып коёрун аныктаган. А түгүл, адам спирт ичимдиктерин ичпей калгандан кийин дагы анын терс таасири мээни жабырката берет. Ошондой эле, окумуштуулар аялдар баласын эмизип жүргөн учурда арак ичсе, ымыркайдын мээсине зыяны тие тургандыгын аныкташкан. Пекин университетинин окумуштуулары “аз өлчөмдөгү ичимдик канды суюлтуп, инсульттун алдын алат” деген түшүнүк туура эмес экенин далилдеп, 10 жылдык изилдөөдөн кийин 1-2 стакан ичимдик дагы инсультка кабылуу тобокелдигин 10-15 пайызга өстүрөрүн аныкташкан.

Демократиянын мөмөлөрүнүн дагы бири баңгилик. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө пайда негизги өлчөө болгондуктан, көпчүлүк өлкөлөрдө баңги затын кайсы бир нормада колдонууга уруксаттар берилген. Натыйжада баңгизат бизнеси курал-жарак сатуудан кийинки 2-орунга чыккан. Күч түзүмдөрү баңгизаттарына каршы күрөшүмүш болгон менен үлкөн импорт-экспорттор дал ушул пагончондордун коштоосунда жүрөөрү жазылбаган мыйзамга айланып калган. Алар өздөрүнүн негизги жумушу ачылып калбашы үчүн айрым фактыларды ачыкка чыгарып турат. Маселен, Кыргызстанда мындай ачыкка чыккан кылмыштардын саны жылына 2 миңге жакындайт. Алардан бир жылда 46 тоннага жакын баңгизаттар алынып тураары отчеттордо айтылат.

Өлкөдө 10 миңден ашык адам баңгизатка көз каранды абалда каттоодо турат. Мындай көз карандылыктан жыл сайын 200дүн тегерегинде адам көз жумат. Ал эми расмий эмес эсептер мындан көп экени айтпасак да маалым.

Ал эми дүйнө жүзүндө БУУ маалымдашынча, жыл сайын 15-64 жаштагы 271 миллион адам маңзат колдонсо, алардын 585 миңи көз жумат. 35 миллион адам баңгизатка көз карандылыктан арылуу үчүн каттоодо турат. Алардын ичинен 7/1 адамдын гана айыгып кетүү ыктымалы бар. 53 миллион адам маңзатка көз каранды абалда жашайт. Алардын 1,4 миллиону ВИЧ инфекциясы менен, 5,6 миллиону гепатит С оорусу менен жашайт. Мындай статистикаларга карабай дүйнөдө баңгизаттарынын түрүн өндүрүү жыл сайын өсүп келет. Маселен, 2017-жылы кокаин өндүрүү 1 млн 976 тоннага жеткен. Бул мурунку жылдан 25 пайыз көптүк кылат. АКШ Ооганстанга бастырып киргенден бери бул өлкөдө апийим өндүрүү 40 эсе өскөн. Дүйнөлүк базардагы чийки апийимдин 74%ы Ооганстанга туура келет. Эл аралык уюмдар дүйнөдөгү баңгизат соодасынын көлөмү 800 млрд доллардан ашаарын эсептешкен. Башкача айтканда, эл аралык сооданын 8%ы баңгизат соодасына туура келет. Наркобарондор жылына 320 млрд доллар киреше таап турат. Мына ушул соода байланыш эл аралык колонизаторлордун кызыкчылыгына туура келгендиктен, аны тыюунун ордуна өнүктүрүшүүдө. Муну 2009-жылы БУУ башкы катчысынын орун басары Антонио Мариа Коста дагы тастыктаган. Анын айтымында, баңгизат соодасынан түшкөн миллиарддаган кирешелер дүйнөлүк финансы системасын кармап турат. 2008-жылы финансылык кризис учурунда баңгизат соодасы негизги инвестициялык капиталга айланган. Натыйжада бул тармактагы 352 млрд доллар банктарды инвестициялоого кирип кеткен.

Баңгизаттын мындай пайдаларына туйтунган эл аралык уюмдар аны легалдаштырууну күчөтүп барууда. 2-декабрда БУУ комиссиясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен марихуананы дүйнөдөгү эң кооптуу баңгизаттардын катарынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Комиссияга 53 мамлекет катышып, АКШ жана Европа Биримдигине кирген 27 мамлекет чечимди кубаттады. Дал ушул мамлекеттер маңзат колдонуу боюнча алдыңкы сапта турушат. Мындай уруксат берүүлөр Батыш дүйнөсү баңгизаттын каршысында болуп көрбөгөндөй көйгөйлөргө туш болуп жаткан учурда жасалып жатат.

Америкада акыркы учурда “нью-нормал” (New Normal) термини модага айланып барууда. Башкача айтканда, буга чейин нормалдуу эмес көрүнүштөрдү нормалдуу көрсөтүү үчүн коомдук пикирди калыптандыруу аракети күчөп жатат. Маселен, бир жыныстуулардын бала багып алуусу же үйлөнүүсү нью-нормал болуп эсептелет имиш. Ошондой эле, баңгизат кошулган таблеткаларды колдонуу да нью-нормал болуп эсептелмекчи. Дал ушул нью-нормал таблеткаларды ашыкча колдонуудан улам АКШда жылына 200 миң адам өлүмгө учурап жатат. Бул автокырсыктан ажал тапкандардан да көп санды түзөт. Мындай таблеткалар дарыгерлердин көрсөтмөсү менен дарыканаларда да кеңири сатылып келет.  Бул өлкөдө жылына баңгизатты ашыкча колдонуп ооруканага түшкөн 1,7 млн адам катталып турат.

Америкада баңгизаттын кеңири жайылышы түрдүү кылмыштарга себеп болууда. Кылмышкер баңгизатка жетүү үчүн адам өмүрүн кыюуга барган учурлар да көп катталат. Маселен, 2017-жылы Нью-Йорк шаарында дарыкананы тоноо үчүн келген адам төрт кишини атып өлтүрүп, акчага тийбестен 10 миң таңгак маңзат кошулган таблеткаларды алып чыгып кеткен.

          Мунун каршысында, Ислам дини акылды бузуучу ичимдик жана маңзаттарды аз же көптүгүнө карабай толугу менен тыюу салат. Алла Таала мындай дейт: «Эй момундар, хамр (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (т.а. буддаларга сыйынуу) жана таякчалар (т.а. таякчалар менен бал ачуу) шайтандын амалынан болгон арам иш. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен алыс болгула! Ичкилик, кумар себептүү шайтан араңарга жек көрүү, душмандык салууну о.э. силерди Алланы эске алуудан жана намаз окуудан тосууну гана каалайт! Эми токтоорсуңар!». Албетте, Исламда жаза колдонуудан мурун коомду таза сактай турган таалим-тарбия берилет. Башкача айтканда, мектеп-медреседе эле окуучулар Жаратуучусун таанып, Анын буйрук-кайтарууларын үйрөнүп, Бейиштен үмүт кылган абалда сооптуу амалдарга умтулуп, күнөөдөн арылууну үйрөнүп чыгышат. Мына ушул сакофаттан кийин тоң моюндук кылып, кылмышка баргандарга Акыретте оор жазага кириптер болбошу үчүн шарий жаза белгиленет. Мисалы, арак ичкен адамга хад уруу важип. Анткени, Пайгамбар с.а.в «Кимде-ким арак ичсе, ага дарра ургула», – деген. Ар бир мас кылуучу нерсенин арак экендиги далилденгенден кийин, бул хадис анын азына да, көбүнө да тиешелүү боло берет. Абу Давуд Жабир ибн Абдуллахтан чыгарган хадисте Пайгамбар с.а.в: “Эмненин көбү мас кылса, демек, анын азы да харам”, – деген.

Сахабалар араккечтин жазасы хад-дарра уруу экенине жана анын кырктан кем болбошуна ижма кылышкан.  «Пайгамбар с.а.в кырк дарра, Абу Бакр р.а кырк дарра, Умар р.а. сексен дарра урган – бардыгы тең сүннөт», – дегенин риваят кылган.

Кимде-ким арак сатса, сатып алса, иштеп чыгарса, ташыса, топтосо – дарра жана беш жылга чейин камак жазасын алат. Дини тарабынан арак ичүүгө уруксат берилгендер мындан тышкары.

Кимде-ким арак даярдала турган жүзүм же башка нерсени алуучунун андан арак даярдашын билип туруп сатса, түздөн-түз же кыйыр түрдө сатышына карабастан, дарра жана алты айдан үч жылга чейин камак жазасын алат. Дини тарабынан арак ичүүгө уруксат берилгендер мындан мустасна.

Кимде-ким ашкере же жашыруун түрдө спирттик ичимдиктер ичүү жайларын ачса, дарра жана беш жылга чейин камак жазасын алат.

«Аракты дарылыкка саттым» деген дааба дары даярдоо жайларында даярдалып, дарыканаларда сатылганда гана эсепке алынат.

Ал эми баңгизат колдонгондордун иштерин төмөндөгүдөй белгилөөгө болот:

  1. Кимде-ким наша, карадары сыяктуу наркотикалык заттарды колдонсо, ал кылмышкер эсептелип – дарра, жарима жана он беш жылга чейин камак жазасына тартылат. Жазаны белгилөө казынын өкүмүнө коюп берилет.
  2. Кимде-ким наркотикалык затты сатса, сатып алса, иштеп чыгарса, ташыса же топтосо – дарра, эки эсе жарима жана он беш жылга чейин камак жазасына өкүм кылынат.
  3. Кимде-ким ашкере же жашыруун абалда наркотикалык заттар колдонула турган жайларды ачса, дарра жана он беш жылга чейин камак жазасын алат.

          Жыйынтыктап айтканда, бүгүнк күндө жалпы адамзаттын көйгөйүнө айланган мас кылуучу ичимдиктерди, баңгизаттарды колдонуудан кутулуу үчүн алгач бүткүл ааламды, тирүүлүктү, адамды жараткан Затты таанууга шашылалы. Ошондо анын өкүмдөрүнө моюн сунуп, динибизди үйрөнүү менен адамзатты бул балээден куткара алабыз. Ансыз, СССРдин күч менен күрөшүүсү, капитализмдин пайдага негизделген чечимдери эч нерсеге жарабайт. Тескерисинче, Жаратуучунун мыйзамдары менен гана коомду таза жана бакубат жашоого алып чыга алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here