Казакстанда Россиянын вакцинасы чыгарылат

401
0

Казакстанда Россиянын вакцинасы чыгарылат

“Казакстан 2020-жылдын 22-декабрынан баштап Россиянын “Спутник V” вакцинасын чыгара баштайт. Калкты ыктыярдуу түрдө массалык эмдөө иштери 2021-жылдан башталат. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев премьер-министр Аскар Маминди кабыл алгандан кийин белгилүү болгон”, – деп кабарлады Sputnik Казакстан сайты.

Кабарда келишинче, биринчи баскычта калктын вирусту жуктуруп алуу тобокелдиги көбүрөөк болгон катмары, айрыкча, дарыгерлер, мугалимдер жана күч түзүмүнүн кызматкерлери эмделет.

Комментарий: 2020-жылдын 1-августунда Казакстандын Биологиялык коопсуздук проблемалары боюнча илимий-изилдөө институту иштеп чыккан экинчи вакцина Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун веб-сайтында талапкер вакцина катары ийгиликтүү каттоодон өткөндүгү кабарланган.

 Казакстандын маалымат каражаттары Жамбыл облусундагы Биологиялык коопсуздук проблемалары боюнча илимий-изилдөө институту коронавируска каршы иштеп чыккан вакцина “QazСOVID-In” деп аталарын кабарлашты.

 “Вакцина химиялык жактан өлтүрүлгөн жана тазаланган коронавирус болуп,  жардамчы заттар менен аралаштырылат. Бул технология көптөн бери белгилүү, ушуга негизделип биз биринчи кезекте кудум ушундай вакцина иштеп чыгууга кириштик. Мындан тышкары, институтубуздун окумуштуулары бул технологияны жакшы билишет жана аны жаратууга аз убакыт талап кылынат”, –  деген эле өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар лабораториясынын башчысы Леспек Кутумбетов.

 Бирок, кийинчерээк казак өкмөтү өз вакцинасын чыгаруудан баш тартканы жөнүндө кабарлар пайда болду. Албетте, бул баш тартуу Россиянын басымы астында жана анын кызыкчылыгы үчүн болгону анык.

 2-декабрда Россия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак Владимир Путиндин тапшырмасы менен Казакстанга сапар кылып, президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуп кеткенден кийин Казакстанда Россиянын вакцинасын иштеп чыгуу жараяны ыкчамдап кетти…

Дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо сектору дүйнөлүк фармацевтика өнөржайын көзөмөлдөөчү трансконтиненталдык компаниялардын колунда. Бул компаниялар саламаттыкты сактоо секторунан ушунчалык көп киреше табат дейсиң, ал тургай, бул киреше нефть компанияларынын кирешесинен да көптүк кылат. Булардын кирешеси “Microsoft” сыяктуу маалыматтык технологиялар менен камсыздоочу компаниялардын кирешесине жакындап барат. Аталган компаниялардын ишмердүүлүгүнүн кепилдиги болгон колонизатор капиталисттик мамлекеттер адамзат үчүн балээ болгон коронавирус пандемиясынан да өз кызыкчылыгы жолунда т.а. саясий жана экономикалык таасирин күчөтүү жолунда пайдаланып, жаңы базарларды ачуу жана мурунку базарларын колдон чыгарбастык жолунда атаандашууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here