Күтүлүп жаткан президенттик шайлоо жана референдумда мусулмандардын позициясы жөнүндө

354
0

Күтүлүп жаткан президенттик шайлоо жана референдумда мусулмандардын позициясы жөнүндө

10-январда президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу президенттик же парламенттик формада болушун тандаган референдум да өткөрүлгөнү турат. Бюллетендерде “ооба” же “жок” дегенди т.а. эки башкаруу формасынын бирин тандоону шарт кылып коюшмакчы. Бюллетендерде экөөнү тең четке кага турган, баарына каршы деген тандоого укук берилбеген.

Президенттик жана парламенттик башкаруунун экөө тең демократиялык акыйдадан келип чыкан капиталисттик башкаруу системасынын эки бутагы болуп, негизи алардын бири-биринен айырмасы деле жок. Жетекчи топтун өкүлдөрү элди чалгытуу максатында бул эки системаны киргизишти. Кыргызстан калкы эки башкаруу системасында тең жашап көрдү.

Демократиялык же башка адамзат иштеп чыккан түзүмдөрдүн биринде да жакшылык, бейпилдик жана акыйкаттык болушу мүмкүн эмес! Себеби, андагы мыйзамдарды бир топ адамдар иштеп чыгышат, өзгөртүшөт жана ишке ашырышат. Жашоонун мурунку жана кийинкисин, башталышы жана келечегин түшүнө албаган адамдар иштеп чыккан мыйзамдар калкты туруктуу жыргалчылыкка алып барышы мүмкүн эмес!

Момун-мусулмандын куфрга (шариятка тескери келген башкаруу түзүмүнө) негизделген мындай башкаруу түзүмдөрүн колдоп-кубатташы, аны өнүктүрүүчү жараяндарга катышуусу, ага үгүттөө менен анын коомдо жайылышына салым кошуусу арам.

Салтанат элдики болгондуктан, шайлоолорго катышууга каршылык жок. Бирок, демократия куфр түзүмү болгондуктан, мусулман үчүн демократиялык башкаруу формасынын бирин тандаган референдумга катышуу да, ал түзүм үчүн башкаруучу президентти тандаган шайлоого катышуу да жаиз эмес.

Эй мусулман боордоштор! Залим бийликтер зулуму астында канчалаган кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Үстүбүздөгү башкаруу түзүмү ката болгондуктан, ага канчалык туура адамды алып келгенибиз менен ал да көп өтпөстөн мурункуларынын жолуна түшүп ач-көз, залим жетекчиге айланып калууда. Себеби, бүтүндөй система, башкаруу жана саясий чөйрө бузук болгон коомдо аны бир киши, ал тургай бир топ адамдар акыйкат тарапка, жыргалчылык тарапка тартып кетиши мүмкүн болбогон иш! Проблема жетекчи топто же адамдарда эмес. Бул жерже проблема алар таянууга мажбур болуп жаткан дүйнөлүк жана жергиликтүү башкаруу системасы ката экендигинде!

Ошондуктан, алар бийликке келип алышкан соң диктатура орнотууга, элди алдап-чалгытуу үчүн жалган маалыматтарды таратууга, элдин мүлкүн тышкы күчтөргө тапшырып жиберүүгө умтула беришет. Эгер андай кылышпаса, бул жетекчилер пикирий же материалдык каршылыктарга дуушар болуп, коомдо саясий же стратегиялык боштуктардын аягы үзүлбөй калат.

Биз мусулмандар мындай залим күчтөр менен бирге болуудан, аларга жардамчы болуп калуудан сактаналы! Алардын бирин шайлап, куфр түзүмдөрүнүн бирин тандап алуу менен аларга шерик болуп калбайлы. Тескерисинче, аларды мухасаба (амру-маъруф жана нахий мункар) кылып, акыретибизди аянычтуу абалдардан сактап калууга аракет кылалы.

Ушул себептүү Аллах Тааланын ырайымы келип, таквадар адамдар катарынан орун алышыбызды, акыретте алар менен бирге тирилишибизди насип кылсын!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here