Сурабалдиева: Белгисиз дары-дармектерди берүү бейтаптарды өлүмгө жеткирүүдө
Протоколго кирбеген дары-дармектерди берүү бейтаптарды өлүмгө жеткирүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 5-декабрда “Твиттерге” жазды.
Анын айтымында, Жалал-Абаддагы менчик ооруканадан тогуз бейтап мамлекеттик аймактык ооруканага которулгандан кийин сегизи көз жумган. Бул окуя боюнча Прокуратурага иликтөө тапшырмасы берилди.
Буга чейин вице-премьер-министр Кыргызстанда коронавирус күчөп турган жай мезгилинде Кытайдан келген күмөндүү дарылар таратылганын айткан. Сурабалдиеванын белгилешинче, отчетто канча дары каражаты түшкөнү, алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес жана препараттар сыноодон өтпөгөн. Саламаттык сактоо министрлиги кеп болгон каражаттар гуманитардык жардам катары келгени үчүн бейтаптарга кошумча берилгенин билдирген.
Ал эми, Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Айгүл Жакубекованын айтымында, мекеме гуманитардык линия аркылуу келген медициналык буюмдарды жана дары-дармектерди каттоого алууну карабайт.
«Биз сапатына баа берүү жана сертификация иш-чараларын жүргүзбөйбүз. Процедуралар болбойт, каттоого алынбайт. Ал факт жүзүндө гана кабыл алынат. Ар бир өлкө берилип жаткан жардамдын сапатын жана коопсуздугун тастыктаган документтер пакетин кошо берет. Дары каражаттарына каттоо күбөлүгүн жардамды жиберген мамлекеттин компетентүү органдары берет. Ал эми саламаттык сактоо тармагындагы тиешелүү орган медициналык багыттагы гуманитардык жардамдардын бардыгын таратып берүүгө милдеттүү», – деди Жакубекова.
Жогорудан маалым болгондой, Кыргызстанга чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан келген дары-дармектер, вакциналар текшерилбей туруп эле калкка колдонууга берилип келген. Алардын айрымдары Кыргызстанга окшогон жакыр калктарга сыноодон өткөрүү үчүн келген болсо, айрымдары бир ооруга дабаа болгону менен башка ооруну пайда кылышы айтпасак да белгилүү. Анктени, капитализмде дары-дармектер калктын саламаттыгынан андан келе турган пайданы биринчи орунга коёт. Маселен, өлкө бийлиги Россияда чыккан COVID-19га каршы “Спутник V” деп аталган вакцинаны алуу боюнча келишим түзгөн. Бирок, дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер аталган вакцинаны тастыкталбаган жана сыноодон өтпөгөндүктөн COVID-19 вирусунан да кооптуураак болушу мүмкүндүгүн айтышкан.
Жыйынтыктап айтканда, капитализмдин табиятына ылайык, капиталисттер оорудан акча иштеп калуунун үстүндө баш катырууда. Айрыкча, дүйнөдөгү экинчи кирешелүү тармак катары саналган фармацевтика компаниялары дүйнөнү киреше майданы кылып алды. Алар коркууга түшүп калган калктарга вакцина жана башка дары дармектерди өткөрүү менен өздөрүнүн кирешелерин арттыруу үстүндө долбоорлорду иштеп жатат. Алардын пайдасынан жергиликтүү фарм компаниялар да үлүш алып калууга ашыгууда. Кыргыз бийлиги болсо ушул капиталисттердин куралына айланып, элине кыянаттык менен дары-дармектерди сыноодон өткөрүүдөн да кайра тартпай жатат.
Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдонуп жаткан колонизатор капиталисттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылган бийликтин иш-аракеттерине сактык менен мамиле кылышыбыз шарт. Муну менен катар өз Исламыбызга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушка ашырууга шашылалы. Анткени, Исламдын Саламаттыкты сактоо тармагы пайданы эмес, ооруну дабалоону максат кылгандыктан ар кандай пандемия же жугуштуу ооруларга ийгиликтүү күрөшүп келген. Демек, биз үммөттү жана адамзатты бүгүнкү күндүн балээлеринен Ислам мабдасын толугу менен жашоого алып келүү менен гана азат кыла алабыз!
Мумтаз Маверанахрий