Афганистан өкмөтү Талибан менен алгачкы келишимге жетишти

525
0

Афганистан өкмөтү Талибан менен алгачкы келишимге жетишти

Афганистан өкмөтү жана Талибан делегациясы Катардын борбору Доха шаарында тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу боюнча алгачкы келишимди түзүштү. Бул тууралуу “ТOLOnеwс” маалымат агенттиги кабарлады.

Афганистан өкмөтүнүн бир өкүлү Надир Надири сүйлөшүүлөрдү алып баруучу топтор ортосунда ортоктош жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Надиринин айтымында, бул топтун милдети тынчтык сүйлөшүүлөрүндө күн тартибиндеги маселелер долбоорун даярдоо.

Талибандын өкүлү Забихулла Мужахид да “Тwиттер” баракчасында жогорудагы келишимди тастыктады.

Афганистан президентинин маалымат катчысы Сиддик Сиддики болсо, президент Ашраф Гани сүйлөшүүлөрдүн натыйжасын кубануу менен кабыл алганын билдирди.

Ал “Тwиттер” деги баракчасында: “Бул тынчтыкты улантуу боюнча афган калкынын маанилүү талабы катары негизги маселелер боюнча сүйлөшүүлөр башталышы үчүн алдыга ташталган бир кадам”, – деп жазды.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында Катардын борбору Доха шаарында башталган Талибан менен Афганистан делегациясы ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү пикирлер келишпестиги себептүү токтотулган.

Комментарий: Америка тарыхындагы эң көпкө созулган согуш – бул Афганистан согушу. АКШ бул согушта жеңишке жетмек тургай, кекиртегине чейин баткакка батып калды. Ал бүгүнкү күндө согушту токтотууга мажбур. Эгер токтотпосо, бул нерсе анын кулашына себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан, Америка учурда согушту токтотуп, сүйлөшүүлөр аркылуу өзү каалаган натыйжаларга жетишүү мүмкүнчүлүгүн ишке салууда.

Американын бирден-бир каалоосу Талибанды өзүнө тартуу. Эгер Талибан анын сунуштарын кабыл алса Америка аны ар тараптуу колдоого, аскерий кубатын тикелөө үчүн мүмкүнчүлүк берүүгө, анын аймагын экономикалык жактан өнүккөн жана аскерий жактан коопсуз аймакка айландырууга даяр. Эгер АКШ буга жетишсе ийгиликке жеткен болот, антпесе, ал жерден кордук менен чыгып кетүүгө мажбур болот. Ак үй Барак Обама доорунан баштап региондогу мамлекеттер аркылуу Талибан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө аракет кылып, муну ишке ашыра албай жаткан.

АКШнын Афганистанга согуш ачышынын чыныгы себеби – эл аралык күрөштүн борборунда жайгашкан аймактын үстүнөн өкүмдарлык кылуу. Колонизатор мамлекеттер ар дайым бул аймакка көз артып келген. Себеби, Афганистан – Орто Азия, Кытай, Россия, Индия, Пакистан жана Иранга карата стратегиялык чекитте жайгашкан. Афганистанга өкүмдарлык кылуу жогорудагы мамлекеттердин бардыгына таасир өткөрүү жана коркутуу мүмкүнчүлүгүн берет. Американын бул мамлекетти өз таасири астында сактап калууга бекем жабышып жатышынын себеби да мына ушунда. Ошондуктан, Америка сүйлөшүү аркылуу бул стратегиялык аймакта өз вужудун сактап калуу менен бир катарда афган баткагынан да кутулууну көздөп жатат.

Мындай учурда Талибан сак болушу керек. Сүйлөшүү алып баруу үчүн АКШ менен бир столдо отуруу АКШнын Афганистандагы өмүрүн узартуу дегени. Америка өз максатына жетүү үчүн ар нерсени убада кылышы мүмкүн, а бирок, ар түрдүү шылтоолор менен убадасына турбастык куфрдун табиятында бар. Аллах Таала айтат:

كَيْفَ وَإِنْ يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ لَا يَرْقُبُوا فِيكُمْ إِلًّا وَلَا ذِمَّةً يُرْضُونَكُمْ بِأَفْوَاهِهِمْ وَتَأْبَى قُلُوبُهُمْ وَأَكْثَرُهُمْ فَاسِقُونَ

“(Алар үчүн) кандай (убада-шерт) болсун? Ошол эле учурда эгер алар силерди жеңген болсо, силер тууралуу убадага да, милдетке да карашпайт.Ооздорунда силерди ыраазы кылышканы менен, көңүлдөрү (убаданы аткарууга) ар кылат. Алардын көптөрү баш ийбес бузукулар”. (9:8)                                                                                                                               

Киямуддин Шариф

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here