Мирзиёев менен Путин Россиянын COVID-19га каршы вакцинасын талкуулады
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 30-ноябрда Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, сүйлөшүү учурунда эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилени бекемдөө жана көп кырдуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланган.
Мирзиёев менен Путин коронавирус пандемиясынын кесепетинен келип чыккан глобалдык кризис шартында эки тараптуу соода-экономикалык мамилелер туруктуу өнүгүп жатканын ыраазылык менен баса белгилешкен.
Кремлдин маалымат кызматы кабарлагандай, өлкө башчылардын телефондогу сүйлөшүүсүндө “коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү о.э. Россиянын вакцинасынан пайдалануу маселесине өзгөчө басым жасалган”. Кремлдин кабарына таянсак, бул сүйлөшүү Өзбекстан тараптын демилгеси менен уюштурулган.
Комментарий: Колонизатор мамлекеттер өздөрү чыгарган куралдар үчүн жаңы базар ачуу максатында жасалма согуштарды чыгарышканы сыяктуу эле, адамзат үчүн балээ болгон коронавирус пандемиясынан да өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланышууда. Ал мамлекеттердин жана аларга караштуу ири фармацевтикалык компаниялардын бирден-бир кайгысы ушул эпидемия же пандемиядан пайда табуу. Колонизаторлор курал-жарак сатуудан ири өлчөмдө пайда табышкандай эле, жасалма чыгарылган оорулар же күтүүсүз пандемиялар аркылуу да ири өлчөмдөгү кирешеге ээ болушат. Алар курал-жарак базарларын башка мамлекеттер ээлеп алышына жол бербегени сыяктуу эле, курал-жарактан кийинки эле кирешелүү тармак болуп эсептелген фармацевтика базарына да чет өлкөлөр кирип келишине жол беришпейт. Аларды – өз базарларын сактап калуу үчүн – миңдеген, ал тургай миллиондогон адамдар курман болушу ойлондурбайт.
Россия да Борбор Азия республикаларына өзү иштеп чыккан вакцинаны алдыруу үчүн басым өткөрүп жатат. Ушундай жол менен региондогу фармацевтика базарына башкалар кирип келишинин алдын алмакчы болууда. Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 11-августунда Россиянын президенти Владимир Путин дүйнөдө алгачкылардан болуп COVID-19га каршы вакцина каттоодон өткөнүн айткан. Бул препарат “Спутник V” деп аталды. Бирок, дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо тармагынын адистери Владимир Путиндин Россия алгачкылардан болуп коронавирус вакцинасын чыгарганына тынчсыздануусун билдиришти. Алардын көпчүлүгү тастыкталбаган жана сыноодон өтпөгөн дары COVID-19 вирусунан да кооптуураак болушу мүмкүндүгүн билдиришти.
Ошого карабастан, Өзбекстан жана Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрликтери Россиянын вакцинасын алууга жана сынап көрүүгө киришишти. Сентябрь айында Россия түздөн-түз инвестициялар фонду Өзбекстандын “Лахисам” фармацевтикалык компаниясы менен 35 миллион доза “Sputnik V” вакцинасын сатып алуу боюнча келишим түзгөнүн жарыялаган болсо, 12-сентябрь күнү Кыргызстандын ошол кездеги президенти Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радио”го берген интервьюсунда Кыргызстанга Россиянын вакцинасын алып келүү “өтө маанилүү” экендигин, эки өлкөнүн тийиштүү мекемелери вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди. Казакстан болсо Россиянын вакцинасын “ыктыярдуу түрдө” сатып алары кабарланды.
Демек, Россия Борбор Азиядагы базарын жоготуп албастык үчүн шашылыш чара көрүп жатат жана ага көзкаранды болгон биздин президенттерге басым өткөрүп, аларды башка вакциналардан баш тартууга мажбурлап жатат. Биздин малай акимдер болсо аларды ыраазы кылуу үчүн бардыгына, ал тургай өз элинин саламаттыгына коркунуч туудурууга даяр турушат.
Абдурахман Адилов