Истихсан

255
0

بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

Истихсан

«اِسْتِحْسَانٌ» «Истихсан» «إِسْتِفْعَالٌ» “истифъаал” вазнында болуп, лугатта бирер нерсени чырайлуу (жакшы) деп билүүнү түшүндүрөт. Т.а. «اِسْتِقْبَاحٌ» “истикбаах” куник деб билүү сөзүнүн тескериси.

Бул сөздүн истилахий мааниси – мужтахиддин пикирине белгилүү болот да, бирок нусустарда (Куръан жана хадис сөздөрүндө) бирер ифада болбогону үчүн аны көрсөтүп берүүгө алсыздык кылган далил.

Кээ бирөөлөр “истихсан – бир кыястын талабынан экинчи кыяска т.а. андан күчтүүрөөк кыяска өтүп кетүүдөн турат” деп айтышкан. Кээ бирлери “истихсан – кыястан Куръан-сүннөт нусустарына, адатка кайтуу” деп айтышат. О.э. бир маселеде – ошол маселеде күчтүүрөөк себеп бар болгону үчүн – ушул сыяктуу маселелердин өкүмүнөн башка өкүмгө өтүү да истихсан аныктамаларынан деп билишкен. Мисалы: Алар Аллах Тааланын:

وَالْوَالِدَاتُ يُرْضِعْنَ أَوْلَادَهُنَّ حَوْلَيْنِ كَامِلَيْنِ لِمَنْ أَرَادَ أَنْ يُتِمَّ الرَّضَاعَةَ

– “Энелер балдарын толук эки жыл эмизүүет. (Бул хукм) эмизүүнү кемчиликсиз кылмакчы болгон кишилер үчүн.[2-233]

деген аятындагы умумий болгон: “ар бир энеге болгон эмизүү” талабынан, жогорку даражадагы эне туурасында – адатта мындай энелер балдарын эмизбегени үчүн – мындай энени бул өкүмдөн чыгарып жиберишет. (Бул болсо, мавжуд далилден – эч кандай негизсиз – чегинүү дегени. Анткени, нусус ар бир энеге умумий болуп келген).

О.э. алар тигүүчү жана үтүкчү сыяктуу жалданган жумушчу жөнүндө да куллий коида талаптарынан чегинишет. (Бул да мавжуд далилден эч кандай негизсиз чегинүү дегени. Себеби, Расулуллах r «لاَ ضَمَانَ عَلَى مُؤتَمَنٍ» «Аманат алган кишинин (мойнунда аманатка) кепилдик жок» деген). Негизи куллий коида талап кылгандай, жалданган жумушчу – эгер ага атайылап же этиятсыздык менен зыян жеткирбеген болсо – колундагы нерсеге кепил болбойт.  Эми хос далил(истехсан) талабына ылайык, анын колу аманаттуу кол болуп калат. Хос далил болсо – өрттөп жиберүү жана чөктүрүп жиберүү сыяктуу күч менен зыян жеткирилбеген болсо – колундагы нерсеге кепил болушу истехсан болуп эсептелет. Бул кепилдиктен көздөлгөн максат, адамдар жалданма жумушчуга берген аманаттарында кадыржам болушсун, аларга зыян жеткирилишинен сактанышсын о.э. жалданма жумушчулар арасында кайдыгерлик жана кыянат көбөйүп кетпесин.

Истихсан далил эмес. Эгер чегинүү күчтүүрөөк далилге болсо, бул нерсе далилдер ортосунда таржих (күчтүүсүн тандоо) болуп эсептелет. Ал эми чегинүү далилсиз чегинүү болсо, мындай чегинүү далил болуп эсептелбейт. Себеби, Аллах Таала айтат:

فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِنْ كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ذَلِكَ خَيْرٌ وَأَحْسَنُ تَأْوِيلًا
Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар — эгер чынында эле Аллахка жана акырет күнүнө ишенсеңер — ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла! Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим”. [4:59]

Шарияттын талабы – бул мусулман адамдын Аллах Тааланын жана Расулу (с.а.в)дын өкүмүн же ушул экөө көрсөткөн ижма жана кыясты ээрчүүсү. Истихсан болсо, далилден эч кандай далил-негизсиз чегинүү болуп, бул нерсе иштин өкүмүн Аллах Таалага жана Расулу (с.а.в)га кайтаруу болуп эсептелбейт.

Бул көпчүлүк сахабалардын өкүмдөрү. Т.а. алар Куръан, сүннөт, ижма жана кыястан башка эч нерсе, эч кандай истихсан менен өкүм кылышпады. Бул истихсандын экинчи таърифи (аныктамасы) жөнүндөгү сөздөр.

Эми “Мужтахиддин пикирине белгилүү болот да, бирок нусустарда (Куръан жана хадис сөздөрүндө) бирер ифада болбогону үчүн аны көрсөтүп берүүгө алсыздык кылган далил” деп айтылып жаткан биринчи таърифине келсек, истихсан хужжат милдетин өтөй албастыгы анык. Себеби, бул таърифте истихсан “мужтахиддин пикирине кылт этип келген, а бирок нусустарда бирер жардам болбогону үчүн аны көрсөтүп берүүгө алсыз болгон далил” деп айтылган. Демек, мужтахиддин пикирине кылт этип келген нерсе эмне экенин жакшы билбейби, демек бул нерсе далил деп этибар кылынбайт.(“Усул фанын жеңилдетүү” китебинен).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here