Мамытов Москвага расмий иш сапар менен барат
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага расмий иш сапар менен барат. Сапар парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында 6-декабрдан 8-декабрга чейин болот. Бул тууралуу Парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун саммитинде Кыргызстандагы кырдаал турукташканына канааттануусун билдирген. Ал онлайн форматта өткөн жыйында Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кайрылып, Кыргызстандын эл аралык келишимдердеги милдеттенмелерди аткарышы маанилүү экенин айткан.
«Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында да, ЖККУнун алкагында да позициясын өзгөртпөгөнү кубантат. Бул Кыргызстандын өзүнүн туруктуулугу үчүн да орчундуу», – деди Путин.
Мунун артынан Жогорку Кеңештин 2-декабрдагы кезексиз жыйынында
Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагындагы бир катар макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорлорун карады.
Кыргызстанга кайсы бийлик келбесин Кремлдин ыраазылыгын алуу үчүн шайлоо астында Орусияга сапар кылуу салтка айланып калган. Анткени, Кыргызстан толук түрдө Орусиянын көзөмөлү астында саясат жүргүзүүгө мажбур абалда. Буга учурда өлкөнүн экономикалык жактан артка кетүүсү жана миллиондой жараны Орусияда эмгектенүүсү негизги себептерден болуп калууда. Эгерде кыргыз бийлиги Орусиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса, дароо эмгек мигранттарына басым күчөйт. Буга кошумча, каржылык жана соода-сатык мамиледе да кысымга учурашы толук мүмкүн. Мындан тышкары, Кыргызстан аскерий жактан толук бойдон Орусияга көз каранды. Саясий жактан болсо кыйыр же түз түрдө Акаевден баштап Жээнбековго чейинки президенттердин келиши же кетиши Орусия тарабынан чечилген.
Кыргызстандын саясий чөйрөсүндөгү негизги көйгөй көз карандылык аң-сезиминен кутула албашында. Алар бийликте калуу же ага жетүү Орусиянын же болбосо Американын ыраазылыгы менен гана болот деп эсептейт. Бул ири мамлекеттер болсо өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салып келет. Эми, биздин мындай кордуктан чыгуубуздун жападан жалгыз жолу Ислам динибизди бекем карманып, аны мабда катары көтөрүп чыгуубузда жатат. Эгер өз Исламыбызды жакшы билсек, колонизатор кафирлерди үстөм кылуу, аларга ишенүү, алардын жетегинде бири-бирибизге каршы күрөшүү, улутчулдук, мекенчилдик ооруларынан айыкмакпыз. Ошондуктан, мусулман калкыбыз өз диндерин жакшылап үйрөнүшү жана бул билимдери негизинде – бардык мусулмандарды бир тууган кыла турган, колонизатор кафирлерди болсо кууп чыгара турган – Исламий мамлекетти тикелөө жолунда пикирий-саясий күрөш алып барышы важиб. Бул үчүн саясий чөйрөгө коомдук пикир аркылуу таасир өткөрүү менен аны оңдоо же Исламий аң-сезим менен тарбияланган жаңы саясий чөйрөнү түптөө талап кылынат.
Мумтаз Маверанахрий