АКШ жаңы гранттык программасын жарыялады

235
0

АКШ жаңы гранттык программасын жарыялады

АКШ мамлекеттик департаменти Түркия үчүн жаңы гранттык программасын жарыялады. Бул программанын негизги темаларынын бири – демократиялык баалуулуктарды бекемдөө.

Программадагы “демократиялык баалуулуктарды бекемдөө” бөлүмүнө төмөнкүдөй аныктама берилди: Түркияда адам укуктары боюнча эл аралык нормаларды урматтоону күчөтүү, гендердик зомубулукка каршы туруу, ЛГБТ (лезбиянка,  гей,  бисексуал,  трансгендер) өкүлдөрүнүн укуктарын коргоо, мыйзам үстөмдүгүн жана сөз эркиндигин колдоо, Түркиядагы маалымат каражаттарынын жана жарандык коомдун адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо акы-укуктарын күчөтүү.

Комментарий: Батыш мамлекеттери өздөрүнүн маданиятын жана идеологиялык түшүнүктөрүн Исламий өлкөлөргө сиңирүү максатында мына ушундай гранттык программаларды тез-тез уюштуруп турушат. Бирок, эмне үчүн? Капитализм кызыкчылык үстүнө курулган мабда экендиги эч кимге сыр эмес. Өздөрүнүн бир тууган ага-инисине же эже-карындашына бекерге бир тыйын сарптоону акмакчылык деп билген капиталисттер эмне үчүн душманына миллиондогон каражат бөлүп жатышат?

Көңүл бурган болсоңуз, бул гранттар негизинен аялдар иши менен алектенүүчү бейөкмөт уюмдарга берилет. Алар “адам укуктары”, “аялдардын укуктары” жана “этникалык азчылыктардын укуктарын” коргоо аталышы астында негизинен феминизм, гомосексуализм, лезбиянлик жана ушул сыяктуу ар түрдүү бузукулуктарды коргоо менен алектенет. Учурда мындай уюмдар Батыштын бузук түшүнүктөрүн жаюу үчүн мамлекет тараптан да кеңири колдоого алынат. Ар кандай адепсиздик жана шерменделиктер “сөз эркиндиги”, “пикир эркиндиги” сыяктуу атамалар менен жаап-жашырылат. Бул уюмдардын негизги максаты, муслима аялды бузуу аркылуу коомду талкалоо. Себеби, аялдын ролу үй-бүлө жана коомду курууда өтө маанилүү.

Мусулмандардын Исламдан алыстап кетишинен пайдаланган Батыш мамлекеттери бул маселеде кээ бир натыйжаларга жетишти. Ал тургай, Түркияда “Муслима аялдар феминисттик коому” түзүлүп, муслималарга феминизм Исламга тескери эмес деген түшүнктөр бериле баштады. Бул нерсе ушунчалык деңгээлге жетти дейсиң,  өздөрүнүн бузуктугун коргоо үчүн акцияга чыккан аялдар “Биз гусул кылууну каалабайбыз, биз жунуб абалда сейилдөөнү каалайбыз” деген уятсыз лозунгдарды, ал тургай айтууга да тил барбай турган уятсыз жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты. Халифалыктын борбору болгон Стамбулда гомосексуалисттердин жүрүшү өткөрүлдү.

Капиталист мамлекеттер Ислам өлкөлөрүнө камкордук кылуу үчүн эмес, өздөрүнүн идеологиясын жайып, ушул аркылуу мусулмандарды мындан да көбүрөөк көз каранды кылуу үчүн каражат бөлүп жаткандыгы мына ушундан көрүнүп турат. Эгер мусулмандар өз исламына кайтып, аны жакшыраак үйрөнүшкөндө,  анда Батыш эмне максатты көздөп жатканын билип алуу кыйын болмок эмес.

Аллах Таала Куръанда айтат:

وَدُّوا لَوْ تَكْفُرُونَ كَمَا كَفَرُوا فَتَكُونُونَ سَوَاءً

Алар өздөрү кафир болушканы сымал силердин да кафир болуп, аларга тең болуп калууңарды каалашат”.[4:89]

Ушундай болгон соң, мусулмандар Батыштын мындай ыплас каражаттарын четке кагып, Исламды бекем карманышы, аны турмушта колдонууга шашылышы керек. Кордуктан кутулуунун мындан башка жолу жок!

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here