Куфрдун улуту бир Мунун мисалы Франция

298
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Куфрдун улуту бир

Мунун мисалы Франция

«Ал-Жазира нет» сайтында хижрий 1442-жылы 23-сафар, миладий 2020-жылы 10-октябрь күнү жарыяланган кабарда мындай делет:

«Франциянын Тель-Авивдеги элчиси Эрик Данон өз билдирүүсүндө Париж (израиль)-Фалестин жаңжалын «эки мамлекет» чечиминен айырмаланган сунуш менен чечүүгө ыраазы болушу мүмкүндүгүн айтты. Бул билдирүү жаңы болбосо да, бирок, ал яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу боюнча (израиль)-Амирликтер-Бахрейн келишими артынан ачыкталды. О.э. бул билдирүү президенттик шайлоонун алдында өзүнүн тышкы саясатын ийгиликтүү кылып көрсөтүүгө о.э. колдоо табууга урунуп жаткан АКШ президенти Дональд Трамп администрациясынын позициясына шайкеш багытта айтылды.

«Маариф» гезити Париждеги жогору дипломатиялык булактардан цитата келтирип, Париж (израиль)-Фалестин жаңжалы боюнча өз позициясын жаңылаганын кабарлады. О.э. Париж «эки мамлекет» чечиминен башка чечимге ыраазы болушу мүмкүндүгүн да айтып өттү.

Франциянын позициясындагы бул өзгөрүүлөр «Alliant» уюму өткөргөн талкуу учурунда ачыкталды. «Alliant» – Европа-(израиль) ортосундагы стратегиялык мамилелерди талкуулоого көмөктөшкөн уюм болуп эсептелет.

Талкуу учурунда Франция элчиси: «Биз фалестиндиктердин атынан сүйлөшүү алып барбайбыз, себеби, бул эки тараптуу маселе. Ошондуктан, биз жүзөгө келген жаңы шарттарды эсепке алышыбыз жана тараптарды сүйлөшүү столуна кайтууга чакырышыбыз керек», – деди.

Элчи ушуларды кошумчалады: «Натыйжада эмне болорун эч ким билбейт… бир мамлекет чечими болобу, эки мамлекет чечимиби, Куддус мененби же андан башкасы мененби, белгисиз. Биз «эки мамлекет» чечимин абзел деп билебиз. Бирок, бул башка чечимди кабыл албашыбызды түшүндүрөбү? Жок, албетте! Биз эки тарап – Фалестин-(израиль) – ыраазы боло турган ар кандай чечимди кабыл алышыбыз мүмкүн».

Баса белгилөө зарыл, Франциянын позициясындагы мындай өзгөрүү жана (израилдиктердин) тарабына өтүү Амирликтер жана Бахрейндин (израиль) менен мамилелерди нормалдаштыруу келишими артынан жүзөгө келди. Буга элчинин ушул сөздөрүн мисал кылса болот: «Амирликтер жана Бахрейн (израиль) менен Абрахам (мамилелерди нормалдаштыруу) келишимине кол коюшун мындан алты ай мурун эч ким ойлобогон». Ал: «Фалестиндиктер алардын абалы эл аралык майданда да, араб мамлекеттери даражасында да күчсүз экенин эсепке алуусу керек», – деп кошумчалады».

Роя:

Франция президенти Макрон ички саясаттагы өз ийгиликсиздигин жашыруу максатында өзүн Ислам Умматы үстүнөн жеңишке жетишкендей кылып көрсөтүүгө урунуп жаткан көрүнөт. Кээде Исламды кылмышкерге чыгарса, кээде мусулмандардын эң маанилүү тагдырий маселелеринин бирин чечүүгө кудуреттүү кылып көрсөтмөкчү. Ал биздин ушул мубарек Фалестин жериндеги маселебизди козгоо үчүн Американын «эки мамлекет» чечиминин кээ бир жерлерин французча стилде оңдомокчу жана муну Куддус тагдырына көз жумуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр чечимин издөө аркылуу ишке ашырмакчы.

Мубарек Фалестин жери маселесине карата Батыш мамлекеттеринин саясаттарын үйрөнгөн киши ушуга күбө болот, бул мамлекеттердин баары башкалар, айрыкча мусулмандар менен эки жүздүүлүк кылып шартташышат. Кийин кээ бир пландарын өздөрүнүн саясий максаттарына кызмат кыла турган, колонизаторлук кызыкчылыктарын ишке ашыра турган тарапка өзгөртүшөт. Таптакыр уялбастан, бетпактык менен яхудийлердин кызыкчылыгын жана алардын кеңейүү мүдөөсүн жактап жатышканы да алардын ушул колонизаторлук кызыкчылыктарынын бири болуп эсептелет. Мусулман өлкөлөрүндөгү акимдерге келсек, алар саткындык жана малайлык баткагына батышкан жана мына ушундай демилгелерди региондо тынчтыкты орнотуунун жападан жалгыз кепилдиги деп билишет. Бул демилгелер региондогу туруктуу чечимдин жалгыз жолу ушул деп зордоп тыгыштырууну каалашат. Сөзүбүздүн аягында ушуну баса белгилейбиз, Франция Ислам дүйнөсүнүн согуп турган жүрөгү эсептелген Фалестинде яхудий вужудун бекемдөөгө о.э. көлөмүн кеңейтип, бул вужудга табигыйлык түсүн берүүгө канчалык урунбасын о.э. текебер АКШ президенти Трамп кандай гана келишимдерди түзбөсүн, Ислам Умматы мындай ыплас демилгелерге жана келишимдерге кайрылып карабайт. Себеби, Уммат Фалестиндин бир карыш жеринен да, Куддустагы пакиза топурактын кымындайынан да эч качан баш тартпайт. Уммат өзүнүн тартып алынган бийлигин кайтарып алуу үчүн кыска жакында албетте козголот жана яхудийлерге каршы атылып чыгып, яхудий вужудун түп тамыры менен кулатуу үчүн армияларды аракетке келтирет.

 

Роя гезити, №308, 2020-жыл, 14-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here