Америка жана ыдыроонун жаңы факторлору (Алтынчы, соңку бөлүк)

223
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Америка жана ыдыроонун жаңы факторлору

(Алтынчы, соңку бөлүк)

 Устаз Хамд Табиб – Байтул Макдис

Мурунку макалабызда АКШ вужудун кемирип жаткан, биримдигине жана федерациясына бузулуу коркунучун салып жаткан негизги нерселерди баян кылып өттүк. О.э. муфаккирлер, экономисттер, саясатчы жана жазуучулардын айрым пикирлерин т.а. Советтер Союзу сыяктуу бул федерация бөлүнүп, ыдырашын бошомолдоп жатышканы жөнүндө сөз кылдык. Ушулардан кийин жана кеңири суроолорго жетип келдик: Америка кулап, федерациялары ыдырагандан кийин эмне болот? Капиталисттик дүйнөдөгү капитализм системасынын башы ойрон болсо, эмне күтүлүп жатат? Адамзат кандай альтернативага ынтызар болуп турат? Айрыкча, мисалы, капиталисттик түзүмдүн тарапкерлери Чыгыш Европада өткөн кылымдын башында социалисттик түзүм пайда болгондо капиталисттик түзүмдү ташташкан. О.э. ошол кылымда социалисттик түзүмдүн тарапкерлери алардын түзүмү жемирилгенден кийин кайра капиталисттик түзүмгө кайтышкан.

Учурда кандай альтернатива бар, адамзат капитализмдин бузгунчулугунан канчалаган азап-кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатат, ал тургай, капиталисттик мамлекеттерде, ушул түзүмдүн борбору болгон АКШ жана Европада да анын зулуму жана узак жылдар аралыгында эч кандай эркиндик, адам укуктарын жүзөгө чыгарып бербегенинен адамдар бул түзүмдөн тажашты го?

Адамзатты кандай альтернатива күтүп жатат, адамдар көтөрүлүп, эркин базар сыяктуу капитализмдин көптөгөн негизги пикирлерин ойрон кылышууда о.э. демонстрацияларга чыгып, Уолл-Стриттеги капитал жана бизнестер, Лондон менен Париж базарлары жок кылынсын деп кыйкыра турган, бул өлкөлөрдүн эң өнүккөн шаарларынын көчөлөрүндө жүрүшөт.

Биз жетип келген жаркын акыйкат ушул: адамзаттын система-түзүмдөрү адамга ылайык келе турган, акылын канааттандырып, турмушунда бакыт-таалай, адилет жана катыржамдыкты жүзөгө чыгара турган түзүмдү жаратууга алсыз. Мунун себеби, бул түзүм жана системалар адамдын кемтик акылынын натыйжасы. Ушул төмөн алсыз системалардын тарыхын үйрөнүп чыга турган болсок, ушуга күбө болобуз: Капиталисттик түзүм чиркөө жана диндарлардын зулумуна карата инстинктивдүү реакция катары пайда болгон. Муфаккирлер жана жетекчилер турмуш иштерин тартипке салуучу бирер түзүм иштеп чыкмакчы болушту жана мына ошондо мурдагы абалдан таасирленген о.э. туура таризде акылга негизделбеген идеологиядан келип чыгып аракет кылышты, чиркөөлөр доорундагы кулдуктан таасирленишти. Акыбетте, эркиндиктерге чакырышты жана аны турмуштарындагы эң жакшы нерсеге айлантышты. Ал тургай, баарынын турмуштук иштеринде сыйына турган нерселери ушул эркиндик болуп калды. Натыйжада эркиндик капиталисттик  мыйзамдардын ар бирине негиз болду, ал тургай, Батыш мамлекеттериндеги турмуштун пайдубалына айланды.

Социализмге келсек, ал да капиталисттик зулумга карата реакция жана андан кутулуу назариясы катары пайда болгон түзүм. Ошондо Европада муфаккирлер капитализм түзүмүн үйрөнүп чыгып, ал залим түзүм деген тыянакка келишкен. Себеби, капитализм кайра финансылык кулдарлыкты келтирип чыгарат, турмуштун ар бир тармагында өкүмдар классты пайда кылат дешкен. Т.а. алар – чиркөөнүн зулумуна каршы пайда болгон капитализм кулдарлыктан да жаман, чиркөөдөн да залим, ошондуктан, андан кутулуп т.а. идеология жана түзүм жаратуу керек жана бул социализм түзүмү болот, социализм түзүмү ушул капиталисттерден өкүмдарлык жана буржуазияны тартып алат деген тыянакка келишти. Натыйжада, алар жараткан жаңы социалисттик система да мурда капиталисттик система түшкөн каталыкка түштү т.а. алар өздөрү да капиталисттер сыяктуу жаңы идеологияларды гарыйзавий реакция негизине курушту, башка нерсеге эмес.

Жолдон адашкан ушул калктар үчүн чыныгы альтернатива раббаний система. Ушул система адам үчүн эмне жарактуу экенин, адамзатты эмне бактылуу кылышын билет жана ал Ислам системасы. Ал гана кеңири көлөмдүү раббоний дин. Ал гана акылга негизделген т.а. туура пикир үстүнө курулган дин. Ал гана пикирлөө жараянында акылды канааттандыра турган жана далил келтирип, рушд-хидаятка алып келүүгө кудуретүтү система. Адамзат бул системаны узак жылдар өз тажрыйбасынан өткөргөн, анын көлөкөсүндө кадыржам, туруктуу, адилеттүү тынч жашаган.

Бүгүнкү күндө Европа жана АКШдагы адамдар аклий талкуунун өзү менен Исламга кирип жатышат. Исламдын чырайлуулугун жана адилетин саясий амалий түзүм көлөкөсүндө көрбөстөн мусулман болушууда. Демек, ушундай экен, бул адамдар Исламды амалда колдонуучу бир мамлекетте Исламдын чырайлуулугун, адилетин жана өзгөрбөс, туруктуулугун көрүүнү каалашса эмне болушу мүмкүн, элестетип көрүңүздөр?!

Көптөгөн батыштык жазуучулар да Ислам динин макташты, анын өзгөрбөгөн-туруктуулугун жана адилетин макташып, ал гана хак дин, ал гана инсанды зулумдан куткарууга кудуреттүү деп чынчыл күбөлүк беришти. Ушул чыгыш тануучу муфаккирлердин жана жазуучулардын бири немис жазуучусу Сигрид Хунке. Ал өзүнүн «Араб күнү Батышты нурдантууда» деген китебинде мындай дейт: «Ислам жер жүзүндө эң боорукең жана адилеттүү улуу дин, биз муну бейтарап-калыстык менен айтып жатабыз». Англис чыгыш тануучусу Роберт Смит мындай деген: «Мухаммад ушундай бир Китепти алып келди, ал жетиктикте теңдешсиз, шарияттар үчүн дастур, ошол эле учурда, намаз да, дин да жана дүйнө да. Куръани Карим бүткүл адамзаттын проблемаларын чече ала турган кылып жаратылган китеп». Австриялык чыгыштаануучу Жозеф Алберман өзүнүн «Ислам бешиги» деген китебинде мындай дейт: «Ислам өзгөчө идеалдуу түзүм. Ага азыркы кылымыбызда бүткүл дүйнө муктаж… Бүгүнкү күндө арабызда Мухаммаддай бир улуу инсанга кандай гана муктаждыгыбыз бар. Себеби, ал «Мусулман мусулмандын боордошу» деген жөнөкөй кеңири көлөмдүү сөзү менен тектик айырмачылыкка биринчи болуп чекит койгон, ушул үч сөз менен проблеманы чечкен. Бирок, бүгүн болсо, тектик айырмачылык проблемасын чечүү үчүн ондогон конференциялар уюштурулду, жүздөгөн китептер жазылды, бирок, аны чечүүгө жетишилбеди». Француз чыгыштаануучусу Сильвестр де Саси мындай деген: «Дүйнөдө Исламдай дин жок. Анын кеңири көлөмдүүлүгү, жандуулугу жана ар заманга, мекенге жарактуулугу теңдешсиз». Испаниялык чыгыштаануучу Эрик Пантнам өзүнүн «Турмуш» деген китебинде мындай дейт: «Ислам достук, бапаакердик, чынчылдык жана аманат… дини. Эгер ынсаптуу болгонубузда арабыздагы сокурларча улутчулукту таштаганыбызда, албетте мусулмандардын сабына кошулмакпыз. Акыйкатта болсо, бул улутулдукту теологиялык амбиция ээлери келтирпи чыгарышкан жана бизге аны каалоо-тилектерине ээрчип туура жолдон оогон кимселер мыйзам кылып беришкен…».

Ооба, Хак Табарока ва Таала бизге хак жолдон бурулган жана оогон кимселер жөнүндө улуу күбөлүк келтирип, мындай деди:

﴿قَدْ مَكَرَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَأَتَى اللَّهُ بُنْيَانَهُم مِّنَ الْقَوَاعِدِ فَخَرَّ عَلَيْهِمُ السَّقْفُ مِن فَوْقِهِمْ وَأَتَاهُمُ الْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ﴾

«Алардан мурдагы кимселер да айла-амалдарды кылышкан эле. Ошондо Аллах алар курулуштарын асты-үстү менен көчүрүп салды, анан, алардын шыбы өздөрүнүн үстүнө кулады жана аларга өздөрү сезбеген, күтпөгөн тараптан азап келди»                       [16:26]

Шексиз, капитализм дүйнөсүнүн тагдыры жакында ойрон болот, келе жаткан жылдар хак дин болгон Ислам жылдары, Аллах Азза ва Жалланын уруксаты менен, ушул дин бардык адамзатты капиталисттик системанын жырткычтыгынан куткарат, ушул системага иътикад кылган мамлекеттердин, негизинен, Американын жамандыгынан бүткүл адамзатты куткарат.

 

Роя гезити, №307, 2020-жыл, 7-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here