Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өттү
8-ноябрь күнү Бишкекте «Баш мыйзам үчүн» деп аталган нааразылык жүрүшү болуп өттү. Нааразылык акциясына катышкан 20 дан ашык жарандык активист “Конституцияга тийбе” деп жазылган баракчаларды көтөрүп, Эркиндик сейил багынан борбордук аянтка чейин басып келишти. О.э. 2020-жылы 20-декабрда өткөрүлүшү керек болгон парламенттик шайлоону өз убагында өткөрүүнү талап кылышты.
22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынган.
Кыргызстан кайрадан президенттик башкаруу системасын көздөй багыт алды. Парламенттик башкаруу системасы кризиске жүздөнүп, бул түзүм да мамлекетибизге эч кандай пайда алып келбеди. Биздин саясий чөйрө парламенттик башкаруу түзүмүн Батыш (Европа) мамлекеттеринен көчүрүп алган эле. Көчүрүп алып жатканда алардын экономикалык өнүгүү түзүмүнө, калкынын жашоо деңгээлине, демократияга ыктоо даражасына о.э. алардын дини жана менталитетине көңүл бурушпады. Натыйжада жарандарыбыз Батыш менен Россиянын ортосунда эки тайпага бөлүнүп, алардын ортосунда азырынча пикирий келишпестиктер пайда болду жана бул пикирий келишпестик күчөп барууда.
Эски режимдин өкүлдөрү, президенттик диктатордук башкаруу системасына кайтышыбыз мамлекетти Батыштын сакафий экспанциясынан сактап калышы мүмкүндүгүнөн үмүттөнүп жатышат. Батыш дүйнөкарашынан таасирленген батышчыл күчтөр болсо парламенттик башкаруу системасын калтыруу үчүн күрөшүп жатышат.
Кыргызстан эки системада тең жашап көрдү. Эки система тең мамлекетибиз үчүн ири өлчөмдөгү экономикалык зыяндардан жана саясий кризистен башка нерсе алып келбеди. Эми бул системанын тарапкерлери дагы кайрадан элди козгоп, Кыргызстан калкын эки дүйнөкараш ортосунда бөлүнүп-жарылууга үндөп жатышат.
Негизи, президенттик жана парламенттик башкаруу системалары демократия акыйдасына негизделген капиталисттик башкаруу түзүмүнүн эки бутагы болуп, бул эки башкаруу түзүмү биздин мамлекетке эгемендүүлүк, бейпилдик, жыргалчылык жана экономикалык өнүгүү алып келе албайт.
Жарандарды бири-бири менен алгач пикирий, кийинчерээк материалдык, ал тургай куралдуу кагышууларга көздөй алып бара жаткан бул робиталар(байламталар), негизи, эл аралык саясаттагы эки ири (чыгыш жана батыш) лагерден калган саясий чөйрөлөр ортосундагы саясий күрөш, сакафий таасир талашуу гана. Алар биздин жерлерибизде сакафий таасирин күчөтүү жолу менен менен мамлекетибизди саясий жана экономикалык жактан колония кылышат. (Югославия, Украина… сыяктуу)
Кыргызстанда алгач президенттик шайлоо, кийин конституцияны өзгөртүү үчүн референдум, андан соң парламенттик шайлоо өтөрү күтүлүп жатат. Шайлоолор ар дайым башаламандыктар жана мамлекеттик төңкөрүш менен аяктап жатышына караганда, кырдаал курчуп кетүү ыктымалы бар. Бирок, бул ирет батышчыл күчтөрдүн олуттуу баш көтөрүшү күтүлүп жатат. Аларда бийликти ээлеп алууга жарактуу саясий чөйрө азырынча толук калыптанып бүтө элек болгону менен, бирок алар мамлекеттеги таасирдүү саясий позицияларды ээлеп жатышат.
Украинада, андан соң Белорусияда жүз берип жаткан иштер эми биздин өлкөбүзгө кирип келе жатат. Батыш колонизаторлору менен Россия жана Кытай сыяктуу ири мамлекеттердин олжо талашуу т.а. биздин өлкөлөрүбүздөгү кызыкчылык талашуу күрөшүндө биз мусулмандар үчүн эч кандай жакшылык же пайда жок! Мында коркунуч жана ар тараптуу зыян, талап-тоноо, диний, расалык, улуттар аралык жаңжалдар сыяктуу башаламандыктардан башка нерсе жок.
Эй боордоштор, эки тарабы тең куфр болгон бул күчтөрдүн бир тарабында болуп калуудан сактаналы! Коомдо Исламий мабдаъий пикирди жайылтуу менен исламий саясий чөйрө пайда кылып, ушул саясий чөйрө жана ыйманий мухиттин кубаты менен куфр кызыкчылыктарын өлкөбүздөн кууп чыгарууга салым кошолу. Өлкөлөрүбүз исламий саясий чөйрөнүн жетекчилигине муктаж болуп турат. Бардык жетекчилик астында жашап, алардын зулумун жон терибиз менен сезип көрдүк. Алардын биринен да жакшылык көрбөдүк! Ар кандай куфр башкаруусу бири-бирибиздин аброюбузду кетирип, бири-бирибиздин каныбызды төгүүгө арзыбайт. Аллахтын жана Анын Расулунун жолунан башка жолдордон үмүттөнүүдөн Аллах сактасын!
Абдураззак Муъмин.