Эми чет өлкөдө иштеп жүргөн өзбекстандыктар да салык төлөшөт

298
0

Эми чет өлкөдө иштеп жүргөн өзбекстандыктар да салык төлөшөт

Чет өлкөдө иштеп жаткан өзбекстандыктар өзүн-өзү жумуш менен камсыздаган адам катары каттоого алынып, белигленген тартипте салык төлөшөт.

Бул тууралуу, Өзбекстан президентинин 2021-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган “Коопсуз, тартиптүү жана мыйзамдуу эмгек миграциясы системасын ишке ашыруу чаралары жөнүндөгү” жарлыгында айтылган.

“2021-жылдын 1-январынан баштап уюштурулган абалда чет өлкөдө иштөө – өзүн-өзү жумуш менен камсыздаган адамдар алектениши мүмкүн болгон ишмердүүлүк түрүнө теңештирилет жана аларга өзүн-өзү жумуш менен камсыздаган адамдар үчүн белгиленген салыктарды төлөө о.э. пенсиянын өлчөмүн эсептөө тартиби колдонулат”, – деп айтылат президенттин жарлыгында.

О.э. болочок мигранттардын үй-бүлөсү аз камсыздалган үй-бүлө катары каттоого алынып, чет өлкөгө чыгып кетиши үчүн микрокредиттер берилери айтылган.

 Комментарий: Өзбекстан алтын, уран, жез, жаратылыш газы, нефть жана башка пайдалуу кендер запасы боюнча КМШда эле эмес, дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Мисалы, алтын запасы боюнча дүйнө жүзү боюнча төртүнчү, аны казып алуу боюнча жетинчи, жездин запасы боюнча онунчу, уран запасы боюнча жетинчи, ал эми казып алуу боюнча он биринчи орунда турат.

Өзбекстан алтын экспорту боюнча алдыңкы орунга чыкты. Мамлекет июль-сентябрь айларында 35 тонна алтын сатып, бул жаатта дүйнөдө жетекчиге айланды. Дүйнөлүк алтын кеңеши (WGC) маалыматына ылайык, жылдын III-чейрегинде Өзбекстан алтын сатуу боюнча алдыңкы орунга чыккан. Аталган убакытта Борбордук банк 35 тонна алтын саткан. Өзбекстан август айынын өзүндө эле 2,5 млрд доллардан көбүрөөк суммага алтын экспорт кылган. Акыркы беш жылдан бери Өзбекстандын алтын  экспорту өсүп жатат. Мисалы, алтын экспорту 2015-жылы 823,9 млн долларга, 2016-жылы 738,2 млн долларга, 2017-жылы 1,6 млрд долларга, 2018-жылы болсо 3,4 млрд долларга барабар болгон.

Булардан тышкары, Өзбекстанда 1800 кенден турган пайдалуу казылмалар бар болуп, алардын миңге жакыны иштетилет жана 118 түрдүү минералдык сырьё бар болуп, алардын 65и пайдаланылууда. Адистер Өзбекстандын минералдык запастарын болжол менен 3,5 триллион долларга барабар деп баалашат.

“Узбекнефтегаз” улуттук холдинг компаниясы жаратылыш газын өндүрүү боюнча дүйнөдө 11-орунда турат жана жыл сайын 60-70 млрд.кубометр газ өндүрөт. Өзбекстанда нефтинин геологиялык запасы – 5 млрд тонна, тастыкталган запасы – 530 млн тонна, жаратылыш газынын геологиялык запасы – 5 трлн кубометр, тастыкталган запасы – 3,4 трлн кубометрге барабар болуп жыл сайын 3,5 млн тонна нефть өндүрүлөт. Буларга кошумча түрдө, Өзбекстанда жыл сайын 3,5 миллион тоннага жакын пахта өндүрүлөт жана 1 миллион тоннадай пахта буласы экспорт кылынат. Өзбекстан жыл сайын 15 миллиард доллардан ашыгыраак өлчөмдө пахта, алтын, уран, жаратылыш газын жана минералдык жер семирткичтерди экспорт кылат. Өкүнүчтүүсү, бул байлыктардын үзүрүн бийликтеги бир ууч адамдар гана көрүп келет, карапайым калк болсо…

Ушунча байлыктарга ээ болушуна карабастан, миллиондогон өзбекстандыктар чет өлкөлөргө, айрыкча, Россияга жумуш издеп чыгып кетишкен жана негизинен оор жумуштарда иштешет. Расмий бийлик аларды өз мекенинде керектүү жумуш жана жетиштүү айлык менен камсыздоо сыяктуу милдетин аткаруунун ордуна, ушул эмгек мигранттары башка өлкөлөрдө кордук менен таап жаткан каражатка да шерик болууда. Чет өлкөдө иштеп тапкан каражаты менен үй-бүлөсүн багып жаткан мигранттардын акчасына көз артуу – бул карапайым калкты талап-тоногон каракчылык.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here