Сарай уламалары: яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу – диний мубах амал!
«Ал-Маржи» сайты хижрий 1442-жылы 5-мухаррам, миладий 2020-жылы 24-август күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Салафия даъватчылары Бириккен Араб Амирликтери «Израиль» менен келишим түзгөнү мубах амалдардан экенин баса белгилешти. Бириккен Араб Амирликтериндеги даъватчы Васим Юсуф бул туурасында бир катар твиттерди жарыялап, мурдагы жана азыркы уламалардын пикирин ачыктап: «Көпчүлүк фукахалар улуттар ортосунда тынчтыкты сактоонун бир түрү деген этибарда бул нерсе мубах экенин айтышкан», – деди.
Васим Юсуф 2020-жылы 22-августтагы твитинде: «Биз Бириккен Араб Амирликтери менен «Израилди» мындай улуу ийгилик менен куттуктайбыз жана Аллахтан аларды аман сакташын сурайбыз», – деди.
Анын түшүндүрмөсүнө ылайык, бул маселени мубах деген заманыбыздын уламаларынын бири бул саудиялык белгилүү даъватчы шейх Ибн Баз болот. Васим Юсуф яхудийлер менен келишим түзүү жөнүндө берилген суроого Набий ﷺдын тарыхий окуяларынан далил келтирип, мындай деди: «Яхудийлер жана башкалар менен келишим түзүү алар менен жакындашууну жана достошууну түшүндүрбөйт. Бул, эки тараптын коопсуздугун камсыздайт, бири-биринин ортосундагы азарга чекит коёт».
Сайттарда активисттер яхудийлер менен келишим түзүүгө байланыштуу шейх Ибн Усайминдин позициясын таратышты. Шейх өзүнүн расмий барагына жайгаштырылган аудиосунда мындай деген: «Кээ бир адамдардын яхудийлер менен келишим түзүүгө карата акарат сөздөрүнө келсек, бул саясий маселе. Бул фанаттар Исламдан алыс кишилер экенине күбө болуу мүмкүн. Алардын бул иши саясат, тарапкечтик, улутчулдук жана ушуга окшогон нерсе. Ырас, Куръан жана Сүннөттөн далилибиз болгон соң, андай кимселерге көңүл бурбайбыз».
Роя:
Мусулман өлкөлөрүндөгү сарай уламалары нусустардын маанилерин өзгөртүшү жана шарият өкүмдөрүн исламий өлкөлөрдөгү акимдердин каалоосуна, ал тургай, кылмыштарына ылайыкташуусу акимдердин кылмыштарынан да жаман кылмыш. Ошондуктан, шарият ээси Хак Таала аларды күнөөдө акимдерге шерик кылды. Кала берсе, бу Ибн Усайминдин сөздөрү динди саясаттан бөлүү эмеспи?! Ушул орунда ага суроо беришибиз керек: силер жалган-жалаа менен өзүңөрдү мусулмандардын салаф уламаларына таандык экениңерди айтасыңар, айткылачы, ошол салаф уламалар кандай позицияда турушкан?!
Роя гезити, №305, 2020-жыл, 23-сентябрь.