Парламенттик шайлоо эпидемиялык коркунучка карабай өткөрүлөт

518
0

Парламенттик шайлоо эпидемиялык коркунучка карабай өткөрүлөт

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, парламенттин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалды.

Өкмөткө шайлоону өткөрүш үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Боршайком бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берүү жагы милдеттендирилди. Мекеме шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө 560 миллион сом талап кылынарын маалымдаган. Буга чейин өкмөт 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого 1,2 миллиард сомдон ашуун каражат коротула турганын билдирген.

Белгилүү болгондой, өлкөдө эпидемиялык кырдаал күчөп вирус жуктургандардын, андан курман болгондордун саны күн санап өсүп жатат. Өлкө эл аралык уюмдардын көрсөтмөсү менен иш алып баргандыктан туңгуюкка кептелип, жергиликтүү ишкерлердин жардамына муктаж абалда калды. Ушундай шартта шашылыш шайлоону өткөрүү эмнени түшүндүрөт? Албетте, Орусияга кызмат кылган бийликтин өз кожоюнун туурап жатканын каңкуулайт.

Эске салсак, Орусияда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча бир жумалык добуш берүү жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын 78% Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн, 21% каршы добуш бергенин жарыялады. Бул референдум Путинге 2024-жылдан кийин да эки жолку президенттик шайлоого жол ачып бермекчи. Демек, Путин өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалдан пайдаланып, карантин шартында митингдерсиз конституцияны өзгөртүп алууга жетишти. Жээнбеков дагы бийликчил партияларды парламентке алып келүүдө эпидемиялык кырдаалды ыңгайлуу учур деп билүүдө.  Анткени, бийлик оор кырдаалда өзүнүн чабалдыгын көрсөтүп элдин алдында аброю күн санап төмөндөп баратат. Ошондуктан, азырынча карантиндик шартта шайлоого барууну эп көрүүдө.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here