Кыргызстан дагы кайрадан коронавирус дүрбөлөңүн күчөтө баштады

281
0

Кыргызстан дагы кайрадан коронавирус дүрбөлөңүн күчөтө баштады

Кыргызстанда 14-июнда 78 адамдан, 15-июнда 87 адамдан, ал эми 16-июнда болсо 100 адамдан коронавирус аныкталганы кабарланды. Бул пандемия башталгандан бери жарыя кылынган эң жогорку көрсөткүч.

Президент Соронбай Жээбеков 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Кубатбек Бороновду кабыл алып, “Бишкек оорунун очогуна айланып бара жатканын” айткан эле.

Сереп:  Кыргызстандын саясий жетекчилиги жашыруун, мафия сыяктуу иш алып бара турган топтун колуна өтүп барууда. Алар орган кызматкерлери, УКМК, сот, прокуратура сыяктуу күч түзүмдөрүн колго алып, алар аркылуу белгилүү жана тажрыйбалуу саясатчыларды коркууда кармап турушат. Шайлоонун алдында пандемиядан пайдаланып, жарандар үстүнөн толук көзөмөл орнотуу максатында дагы кайрадан атайын режим орнотууга аракет кылууда.

Карантиндин биринчи этабында айыл жерлеринде коронавирус дүрбөлөңүн таратууда жана андан каза болгон адамдардын тизмесин көбөйтүүдө проблемага дуушар болушту. Адамдардын карым-катнашы, тааныш-билиштиги жана тууганчылык мамилеси күчтүү экендиги өкмөткө пандемия дүрбөлөңүн ишке ашырууда проблема жаратты.

Ошондуктан, өкмөт карантиндин кезектеги этабында, Россия сыяктуу, өлкөнүн борборунда жана көбүрөөк оорулууларды үй камагына алуу ыкмасынан пайдаланмакчы болууда. Шаарларда адамдар жыш жайгашканы менен адамгерчилик мамиледе бири-биринен өтө эле алыстап кетишкен. Бул нерсе өкмөткө вирус дүрбөлөңүн таратууда да, вирус жуккандардын тизмесин каалаган өлчөмдө көрсөтүүдө да өтө ыңгайлуу болот.

Мындан тышкары, күздөгү парламенттик  шайлоонун алдында бийлик да, жетекчи топ да жетиштүү саясий кубат топтой албады. Эми бийликтин саясий кубат топтоп алууга да, саясий электоратты башкарып кетүүгө да дээрлик мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, атайын режимди күчөтүү жолу менен тажрыйбалуу саясатчылардын жолун тосууга аракет кылат. Адамдарды да саясий кызыкчылыктарга болгон муктаждыктан чалгытып, жасалма пандемия дүрбөлөңүн күчөтүү аркылуу карантиндин жаңы-жаңы ыкмаларын иштеп чыгып, колдоно берет!

Атайын режимдердин бийликке пайдасы ушул, анда кырдаал дээрлик күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүнө өтөт. Элдин же саясий күчтөрдүн ар кандай нааразылык акцияларына тыюу салынат. Өкмөт үчүн шайлоодо каалагандай арамза иштерди кылууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Чет өлкөдөн мамлекет үчүн алынып жаткан карыздарды эркин (коррупциялык жол менен) пайдалануу мүмкүнүчүлүгү күчөйт. Алынып жаткан карыздар, кайсы жакка жумшалганы (2010-жылдагы сыяктуу) жасалма отчёттор менен жабылып кетет.

Көмүскөдөгү жетекчи топ болсо кырдаалдан пайдалануу менен парламентке өзүнө караштуу адамдарды алып келип, мамлекетти ошолор аркылуу башкарууга аракет кылат. Мамлекет жетекчилери жана саясий чөйрө өкүлдөрү болгон белгилүү саясатчылар да, оппозициялык күчтөр да мүмкүнчүлүк таба алышпаган соң, агым менен паралел жүрүүгө мажбур болушат. Алар кайрадан жаңы жетекчи топтун кызматкерлерине айланышат.

Бийлик диний мухитибизди да өз абалына таштап койбойт. Ибадаттардан тосуу, ачык эле арам болгон иштерге буюруу менен ыймандуу мусулмандарда нааразылыкты күчөтөт. Муътадил (мээлүүн) исламчыларды өзү тарапка тартуу менен арамды адал деген фатваларды чыгартып, мусулмандарды бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберишет.

Эй боордоштор, ушунча кесепет алып келиши күтүлүп жаткан иштердин бардыгы бир гана негизге, башкача айтканда, алар көбүртүп көрсөтмөкчү болгон пандемия дүрбөлөңүнө биздин ишенимибиз үстүнө курулат. Алар жогорудагы кызыкчылыктарын жашырып, “биз элдин саламаттыгын ойлоп жатабыз” деген жомокторду айтып жатышат. Бардык маалымат каражаттары ушул тарапка багытталды.

Эй боордоштор, бийликти мухасаба кылалы! Анын айлакердик менен ишке ашырып жаткан зулумдарын токтотууга аракет кылалы! Жасалма дүрбөлөңдөргө ишенбестигибизди ачык айтып, аларды элди кыйнабастыкка чакыралы!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here