Бала-бакчалар менен учак каттамдары ачылат… мечиттер жабык калат

392
0

Бала-бакчалар менен учак каттамдары ачылат… мечиттер жабык калат

Кыргызстанда бала-бакчалар менен ички учак каттамдары ачылат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Бирок, мечиттер жабык калып, парз болгон жума намаздары өтөлбөй жатат.

Бороновдун айтымында, 5-июндан тарта бала бакчалардын ишин жандандыруу аргасыз кадам болуп жатат. Буга чейин балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы 25-майда өкмөткө кайрылуу жолдоп, анда менчик бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берүүнү талап кылышкан. Кайрылууда бардык менчик бакчалар эч нерсеге карабастан, 1-июндан баштап ачылары жана эгер аларга чара көрүлө турган болсо алар нааразылык акциясына чыгууга даяр экендиги айтылган.

Ал эми ички аба каттамдар 8-июндан тартып ишке кирет. Аба каттамына адамдардын ал жакта чогуу болчу убактысы азыраак болгондуктан уруксат берилип жатат имиш. Мунун каршысында, парз болгон жана бир нече мүнөткө гана созула турган жума намаздарына уруксат берилбей, мечиттер ачылбай келүүдө.

Эске салсак, өлкөдө 25-майдан тартып коронавирус менен күрөшүү үчүн киргизилген бир катар чектөөлөр алынган. Анын натыйжасында
коомдук транспорт, кийим-кече сатуучу базарлар, жазгы кафе-ресторандар, театр, музей, көргөзмө залдары жана китепканалар, спорттук залдар, машыгуучу залдар, фитнес-клубдар жана бассейндер иштей баштаган.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү капиталисттик түзүм пайда жана зыянга негизделген. Ошондуктан, өлкөдө өзгөчө абал жарыяланганга чейин эле мечиттер жабылган жана башка жайлар ачылса да Алланын үйлөрү кулпуланып турат. Анткени, капиталисттик өлчөө менен караганда мечиттер алар үчүн эч кандай материалдык пайда алып келбейт. Демек, биз мусулмандар жума намазды өтөөгө кандай ынтызар болсок, үстүбүздөгү капиталисттик бузук системаны алып таштоого да ынтызар болушубуз шарт. Анын ордуна болсо үммөттүн көйгөйүнө, анын ичинде жугуштуу ооруларга каршы туура чечим бере турган Исламий башкарууну алып келишибиз важиб. Ошондо гана бийликтин зулумдугунан, аларды куурчак сымал колдонуп жаткан империалисттердин колонизаторлук саясатынан толук кутула алабыз.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here