Кыргызстан-Түркия темир жол маршруту ачылды

272
0

Кыргызстан-Түркия темир жол маршруту ачылды

Түркиядан жүк алып келүү үчүн жаңы мультимодалдык маршрут ачылды. Ал Казакстанды айланып өтөт. Бул маршрут менен алгачкы жүктөр келүүдө. Ушул эле жол менен Кыргызстандан Түркияга да жүк алып кетсе болот. Бул тууралуу USB Transit фирмасынын жетекчиси Талантбек Маткерим уулу билдирди.

Анын айтымында, бул маршрут мурдатан айтылып жүргөн, бирок эч ким ишке ашырган эмес. Эки жыл бою Азербайжан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Аталган жол менен алгачкы 40 контейнер келди, дагы 60 контейнер жолдо келатат. Мындай жол Казакстан чек арасындагы ар кандай тоскоолдуктарды жана коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү айланып өтөт.

Маткерим уулу темир жол ишканасынын кызматтары эбегейсиз кымбат болуп жатканын жана бюрократиялык аракеттер ишке тоскоолдук кылып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бир канча унаа колдонулган маршрут мультимодалдык деп аталат. Аталган жүктөр CASA 1000 долбоорунун каражаты аркылуу ташылууда. Ал эми, CASA 1000 долбоору Борбор Азиядан Ооганстан, Пакистанга электр энергиясын ташууну жана темир жол аркылуу чийки сырьену ташып кетүүнү көздөйт. Аталган долбоор АКШ жана Европага тиешелүү уюмдар каржылап, негизинен Американын кызыкчылыгын ишке ашыруу максатында түптөлгөн.  Демек, Түркия-Кыргызстан маршрутун мына ушул долбоордун алкагында Борбор Азияны Орусиянын таасиринен тартып алууну көздөгөн экономикалык аракет катары бааласак болот. Анткени, Орусия экономикасы нефти жана газга таянгандыктан акыркы жылдары тездик менен төмөндөп баратат. Мындан улам, Борбор Азиядагы Кытай, Америка жана Европага окшогон күчтөр экономикалык таасирин активдештирип барууда. Айрыкча, Кытай аймактагы негизги стратегиялык жайларды иштетүүнү өз колуна алып, а түгүл Орусиядагы негизги инвесторго айланып калды. Ал эми, Америка пландуу аракет менен Өзбекстан жана Кыргызстандагы таасирин күчөтүп бара жатат.  Мунун каршысында, Орусия аймактагы өлкөлөрдү ЕАЭБ уюмуна өкүмзордук менен киргизип, өз таасиринде кармап калуу аракетинде.

Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азиядагы империалисттердин таасир талашуусу экономикалык, саясий жана сакафий деңгээлде күчөп баратат. Алардын ичинен Орусия негизги колонизатор болсо да, акыркы учурда анын позициялары алсырап баратат. Америка болсо саясий жана сакафий жүрүштөрүн ийгиликтүү жасап, шайлоолор аркылуу, айрыкча Кыргызстанда өз кадрларын бийлик сересине аралаштыра алды. Экономикалык жактан дагы Өзбекстанга өзгөчө басым жасап,  CASA 1000 долбоорун ишке ашырууга аракет кылууда. Ал эми Кытай азырынча жылма саясатын активдүү жүргүзүп аймактагы кен байлыктарды казуу, жолдорду салуу сыяктуу иштерди өз колуна ала алды. Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу алсыз өлкөлөрдө бийликтин чечимдерине таасир өткөрө турган деңгээлге чыкты.

Мындай колонизаторлук саясаттан кутулуунун жападан жалгыз жолу үммөттүн саясий дэңгээлин көтөрүү менен аларды өз Исламына кайтарууда. Ошондо гана элдин энчиси элге берилип, аймактын жалпы байлыгын ачкөз империалисттердин ташып кетүүсүнө тосук коюлат. Мына ушул Ислам менен гана төмөндүк деңгээлден жогорку деңгээлге көтөрүлүп, империалисттер өкүм өткөрө турган эмес, аргасыз эсептеше турган күчкө айлана алабыз.

Мумтаз Маверанахрий  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here