Орозо Айт куттуктоосу

571
0

Орозо Айт куттуктоосу

Ийдуль-Фитр мубарак

Урматтуу Кыргызстан мусулмандары! Жалпыңыздарды Орозо Айт майрамы менен куттуктайбыз!

Аллах Субханаху туткан орозоңуздарды кабыл алган болсун.

Аллах Таала ушул мубарек ай урматы менен баарыңыздарды рахматына ороп, күнөөлөрүңүздөрдү магфират кылып, жалпыңыздарды тозоктон кутулуучулардан кылсын.

Таравих намаздарыңыздарга, тасбихтериңиздерге, Куран хатмдарыңыздарга Өзү убада кылган ажрларын берсин.

Кадр түн ибадаттарыңыздарды кабыл кылсын.

Орозо фитрлериңиздер өз убагында акылууларга жетип барып, айтты майрамдай албай калган мусулмандар болбосун, аамийн

Урматтуу Кыргызстан мусулмандары! Ушул куттуктоо жана каалоо-тилектерибиз менен бирге – баарыбыз үчүн жакшылык бар деген ниетте – назарыңыздарга төмөнкү насихатты да жолдойбуз.

Белгилүү болгондой, быйылкы Рамазан айыбыз өзгөчө бир сыноолор менен коштолду. Бул мубарек айыбыз пандемия шылтоосу артында, шариятка тескери түрдө кабыл алынган карантин абалдарына дал келди (карантин атайын орозого тушталгандык ыхтымалы күчтүү). Акыбетте, шариятка тескери түрдө жума намазына, таравих намаздарына, айт намазына тыюу салынды. Бул империалист кафирлердин Исламга каршы күрөшү алкагындагы исламий баалуулуктарга сокку уруу кампаниясына кирет. Кафирлер муну жергиликтүү бийлик ээлерибиздин аты менен ишке ашырууда. Б.а. “балтанын сабы жыгачтан” болду.  Т.а. кафирлердин исламий баалуулуктарга сокку уруу кампаниясына малайлык менен моюн сунган биздин бийликтегилер, аларды колдоп-кубаттоочулар Рамазан айында күнөөкөрлөр болуп калышты. Ошондуктан, аларга бул күнөөлөрү  үчүн тообо келтирүүнү насиха кылабыз. Тообонун шарттары: күнөөсүнө чындап өкүнүү, ал күнөөдөн тыйылуу жана кайра ушундай күнөөлөрдү кайталабоо. Алдыңыздарда тообо эшиктери жабылып калардан мурун тообо кылып калыңыздар.

Кафир империалисттер булардын баарын Кыргызстанда исламдашуу уламдан улам адымдап баратканы себептүү кылышууда. Ошондуктан, муну баарыбыз түшүнүп жетип, баарыбыз биргеликте мындай мункарларга каршы күрөшүүбүз керек. Кафирлер бүгүн пандемия сыяктуу шылтоолор артынан жума жана айт намаздарыбызга тыюу салса, эртең дагы башка шылтоолор менен ар бирибиздин беш убак намазыбызды, орозобузду тыюуга өтүшөт. Андыктан, алардын ушундай ар бир айла-амалдарына шарият талап кылгандай солих амалдарыбыз менен каршы туруубуз керек. Бул учурдагы ар бир кезиккен иштердин чечимине карата ушундай. Мына ушундайча алардын арамза пландары жана ыкмалары таш кабат, иншАллах.

Ал эми түпкү чечимге келсек, империалист кафирлердин Исламга каршы айла-амалдары, Исламга каршы түзгөн пландары, аларды аткаруудагы ыкмалары Исламий Халифалык Мамлекети тикелениши менен бүтүндөй жокко чыгат. Анткени, Халифалык империалист кафирлердин демократия маскасын кийген капиталисттик системасын бүтүндөй омкоруп таштайт жана акыбетте алардын жабыр-зулумдары да, айла-амалдары да “жаман түшкө” айланат. Ошондуктан, урматтуу мусулман бир туугандар, бардык мусулмандарды бириктире турган жана алардын динин коргой турган Халифалыкты тикелөөгө биргеликте аракет алып барыңыздар. Болбосо, империалист кафирлер динге каршы айла-амалдарын уланта беришет жана силер кафир болмоюнча алар эч ыраазы болушпайт.

Урматтуу Кыргызстан мусулмандары, Аллахым бизге келерки Рамазан айтта башка мусулман бир туугандарыбыз менен биргеликте, Халифалык саясында майрамдоону насип этсин.

Ийдуль-Фитр мубарак!

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here