Мусулмандар мечиттер ачылышын талап кылууда

229
0

Мусулмандар мечиттер ачылышын талап кылууда

Интернеттеги социалдык тармактарда кыргыз жана өзбек тилдеринде видео жана жазуу түрүндөгү талаптар акциясы жүрүп жатат. Мусулмандар үчүн фарз болгон Жума намазына тыюу салынгандыгына нааразылыгын билдирген мусулмандардын бийликке видео кайрылуу жолдоосу көбөйүп барууда.

Коронавирус дүрбөлөңү жасалма! Бирок, чыныгы эпидемия келгенде да, шарий өкүмгө ылайык, мечиттерде жума намазына тыюу салуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, мусулмандар акимдерди мухасаба кылып, аларды арамдан тыюуга аракет кылышы фарз.

Кыргыз өкмөтү 25-майда баштап бир топ ишкана-мекемелер ачылышын кабарлады. О.э. коомдук транспорт да ошол күндөн баштап ишке киришери айтылды. Бирок, өкмөттүн кабарында мечиттердин ачылышы жөнүндө эч кандай маалымат жок!  Муфтият да ушуга чейин эч кандай билдирүү таратпады.

Буга чейин өкмөт жогоруда аталган ишканалар 21-майдан баштап ачылары жөнүндө билдирген эле. Бул мөөнөт кийинчерээк узартылганын мусулмандар Рамазан айтына байланыштырууда. Башкача айтканда, мусулмандар өкмөттүн бул аракетин “өкмөт атайылап Айт намазына тоскоолдук кылуу үчүн чектөөнү 25-майга чейин т.а. 23 же 24-май күндөрү күтүлүп жаткан айт намазынан кийинкиге узартты” деп талдашууда. Кандай болгондо да, мусулмандар талапты күчөтпөсө, өкмөттөр жыл бою мечиттерди жаап тура беришет.

Карантин же андан кийин киргизилиши күтүлүп жаткан бардык ыкма жана режимдер бир нече максаттарга багытталган. Ошол максаттардын бири – Ислам баалуулуктарын акаараттоо о.э. мусулмандарды ар дайым коркууда жана көзөмөл астында кармап туруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп алуу!

Эй боордоштор сак бололу, карантин жана “пандемия” куфр кызыкчылыгына кызмат кылып, ибадат жана ишенимибизди сындырып жиберүүгө аракет кылат!

Абдураззак Муъмин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here