Тажикстан коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Казакстандан ашып кетти

237
0

Тажикстан коронавирустан каза болгондордун саны боюнча Казакстандан ашып кетти

Тажикстанда бир суткада 204 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Тажикстандын covid.tj сайтында кабарланган.

Кабарда айтылышынча, 16-майда дагы үч адам каза болуп, ушуну менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 36га жеткен. Жалпы катталган оорулуулардын саны 1 322. Өлкө боюнча 4 326 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Күнүмдүк өсүш 200 адамдан көп болгон Тажикстан коронавирус жуктуруп алгандардын саны (1 322) боюнча Кыргызстандан (1 117) ашып кетти. Борбор Азия өлкөлөрү боюнча айтсак, Казакстанда (5 850) жана Өзбекстанда (2 719) киши катталган. Түркмөнстанда болсо расмий түрдө вирус аныкталган эмес. Бул илдеттен каза болгондордун саны боюнча Тажикстан (36) Казакстанды (34) артта калтырып, бул боюнча региондо алдыңкы орунга чыкты.

 Комментарий: Тажикстан бийлиги эки айга жакын убакыт өлкөдө вирус жоктугуна ишендирип келди. А бирок, дүйнөлүк саясатты коронавирус дүрбөлөңү аркылуу жаңы нукка бурмакчы болуп жаткан ири мамлекеттер басымы себептүү ушул дүрбөлөң кербенине кошулууга мажбур болду. Эл аралык уюмдар ал тургай өлкөдө канча адам вирус жуктурушун жана канча адам каза болушун да белгилеп беришти.

Дүйнөлүк банк Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 72 миңден 230 миңге чейин жетип, алты жарым миңден 21 миңге чейинки адам өмүрү кыйылышы мүмкүндүгүн божомол кылды. Эми тажик бийлиги бул “тапшырманы”  аткаруу үчүн, өлкөдө вирус жуктургандар жана каза болгондордун саны өсүп жатканын билдирүүдө. Ал тургай Тажикстанда вирустун натыйжасында каза болгондордун саны региондо алгачкылардан болуп карантин режимин киргизген Казакстандан да ашып кетти. Мындай көрсөткүчтөрдүн пайда болушуна, бир тараптан эл аралык уюмдардын басымы, экинчи тараптан ошол уюмдардын финансылык жардам тууралуу берген убадалары себеп болууда. Тажикстан экономикасы да Кыргызстандыкы сыяктуу эле тышкы карыз жана жардамдарга көз каранды. Ошол себептен улам, эл аралык уюмдардын басымына моюн сунууга мажбур.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here