Судандагы өткөөл өкмөт коркунучту сезип, бийликте көбүрөөк калуу чараларын көрө баштады
2020-жылы 11-апрель күнү өткөөл өкмөттүн курамындагы жетекчилер Инказ режими кулатылганынын бир жылдыгын эскерип жыйын уюштурушту. Жыйында жетишилген ийгиликтер жана жетишилбеген иштер талкууланды. Үч тарап өткөөл өкмөттүн курамы ортосунда өз ара ишенимди бекемдөөгө, козголоңдун максаттарын аягына жеткирүү үчүн жамааттык түрдө аракет кылууга о.э. өлкөнү азапка салган кризистерди жана коркунучтарды жоюу зарылдыгына келишишти. Тынчтык маселеси жана экономикалык кризис… сыяктуу маселелер талкууланды.
Суроо пайда болот: бирер ийгилик болдубу же тескерисинче абал дагы да татаалдашып, жамандаштыбы?! Өткөөл өкмөттүн ийгиликсиздиги ушул жетекчиликтин өзүндө эмеспи?! Жамааттык жетекчилик акыл жана шаръий жактан ийгиликсиздикке учураган, башкаруу формасы да Судан калкына түшүнүксүз. Ушул үч тараптын кайсы бири мамлекетти башкарып жатат? Токтом чыгара турган мамлекет жетекчиси ким?! Түпкүлүгүндө, токтом ээси өзү жок. Себеби, Суверендүү кеңеш да, Министрлер кеңеши да, Азаттык жана Өзгөрү Күчтөрү да иштерге жетекчилик кылышкан жок! Себеби, үчөөсүнүн тең колунда мүмкүнчүлүк жок. Буга генерал-лейтенант Бурхан ушул жылы март айында Угандада Нетаньяху менен учурашканда премьер-министр Хамдук Бурхандын бул жолугушуудан кабары жок экенин айткандыгы жаркын далил! Бурхан Хартум гезиттеринде бул жолугушуу АКШ демилгеси менен ишке ашканын маалымдады! Ко-ош, кана бийлик?! Хамдук жана Бурхан өлкөнү башкарып жатышканын айтышпаган беле?! Режимге кызматташып жаткан бул тараптар башканын бутунан чалууга аракет кылып жатат. Ошондуктан, ушул жыйындын билдирүүсүндө жетекчилер ортосундагы жарака кеткен ишенимди кайра бекемдөө жөнүндө айтылды. Ал тургай, бийликке каршы аскерий төңкөрүш туурасында сөздөр күчөп жатат. Бул жөнүндө Аскерий кеңештин мурунку мүчөсү генерал-лейтенант Салах Абдулхалик «Мажхар саясий» гезитине берген маекте мындай деди: «Акыркы абалдын талабы ушул – эми аскерий мекемеге күжүрмөн офицерлер керек, алар менен аскерий төңкөрүш жасап, тезинен шайлоолорду уюштуруу жана өлкөнү партиясыз укуктар менен башкаруу зарыл». О.э. ал Суданда чет элдик аралашуу бар экенин баса белгиледи. Анын бул сөздөрү «Азаттык жана Өзгөрүү Күчтөрү» үчүн кудум чагылгандай болду. Мындан тышкары, мурунку коопсуздук кызматынын жетекчиси Салах Куштун кайтышы жана өзгөрүү жараянына катышуусу туурасында божомолдор да пайда болду. («Ал-Жазира нет», 2020-жыл, 11-апрель).
«Азаттык жана Өзгөрүү Күчтөрүн» кабатырланткан нерселердин дагы бири – көчөдөгү козголоңчу жаштар аларга ишенбей жатышканы. Козголоңчу жаштар аларга ишенбеши Судандагы АКШ малайлары болгон Аскерий кеңешке каршы позицияны ээлеген Европа малайлары үчүн өтө маанилүү. Козголоңчулардын «иконасы», «Азаттык жана Өзгөрүү Күчтөрүнүн» маалымат «динамиги» деген атка конгон Ибрахим Шутайм окуяларды майда баратына ачыктап, түшүндүрө баштады. Көчө жаштарын адаштырып, «Азаттык жана Өзгөрүү Күчтөрү» жөнүндө жакшы элес ойготту. Кийин капыстан «Азаттык жана Өзгөрүү Күчтөрүнүн» жалгандарын ачууга жана анын өмүрүнө бир нече ирет кол салынганын айтууга өттү. Негизи, ошол убакта жаштарга түрткү берген Шутайм сыяктуу медиа активисттери көбөйүп кетти. Бул иштерден өткөөл өкмөттүн күнү бүтүшүнүн убагы жакындашканы көрүнүп калды. Акимдердин чыныгы жүзү кандай экендиги, мансапчыл саясий элита козголоңчу жаштарга кыянаттык кылганы жана козголоңду уурдаганы ашкере болду. Бүгүн баары ачыкталган соң бул акимдер залим өкүмдарлыктарынын убагын созуу үчүн жаңы-жаңы фитналарды ойлоп табышууда.
Өзгөчө абал боюнча экономикалык комитеттин түзүлгөнүнө келсек, бул жамак салуудан башка нерсеге жарабай калган о.э. түпкү өзгөрүү жасай албаган ийгиликсиз капиталисттик түзүм ойлоп тапкан бидъат-жаңылыктардын бири. Суданды экономикалык кыйроодон куткара турган туура экономикалык программанын жоктугу Судан өкмөтүндөгүлөрдүн ийгиликсиздигине себеп болууда. Тескерисинче, кыйроо мурункудан да батыраак болуп жатат, анткени, жергиликтүү валютанын курсу башка валюталарга карата түшүп кетти о.э. мамлекет кен байлык жана айыл чарба жерлеринен турган ресурстарды башкарбай жатышат. Батыштын көрсөтмөсү менен түзүлгөн бул өкмөт иштерди башкаруунун ордуна, адилетсиздикти кесип кылып, элден салык чогултуу менен алек! Ал мурунку режимден айырмаланбайт жана жырткыч режим болуп, балээлердин башы.
Билдирүүдө тынчтык маселесин талкуулоо жана тынчтык орнотуу зарылдыгы айтылган. Ушул тынчтык маселеси Троя аты сыяктуу кызмат кылат. Себеби, ушул нерсе шылтоо болуп, өлкө бытыранды болот. Инказ өкмөтү Түштүк Суданды тынчтык аты менен бөлүп жибергенин эч качан унутпайбыз. Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр кезектеги бөлүнүүгө чөйрө даярдоодо. Мына, жакында түндүк регион калкы бөлүнүүнү талап кылып демонстрацияга чыкты жана бул пикирибиздин жаркын далили. Албетте мындай элдик демонстрациянын келип чыгышына илманийлик же өз тагдырын өзү белгилөө маселеси сүйлөшүү столуна коюлганы себеп болду.
Өткөөл өкмөт өлкөнү күңүрт тагдырга жетектөөдө. Таяктар бул жаштардын башына урулардан мурун аларга мындай дейбиз: өтө этият болгула! Ыңкылап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо, жөндөмдүү өкмөт түзүү сыяктуу аталыштагы тузакка түшүп калбагыла! Бул да эски пластинканын өзү. Демек, өтө этият болгула. Себеби, чыныгы өзгөрүү бир жол менен гана ишке ашат. Ал да болсо, армия калыс офицерлери жардамында бийликти алып, Уммат кайрадан Аллахтын Китеби жана Расулу ﷺдын сүннөтү негизинде бир кишини шайлашы керек. Мына, Хизб-ут-Тахрир калыс эскертүүчү жана улуу Ислам негизинде чыныгы өзгөрүү кемесинин жетекчиси болуп турат. Демек, аны менен бирге аракет кылгыла жана ага жардам бергиле. Ал силерди бул дүйнө жана Акырет ниъматына жетектөөчү улуу Халифалык долбоорун сунуштоодо. Хизб бул үчүн башкаруу, экономика, саясат сыяктуу турмуштун башка тармактарын камтыган деталдуу дастур даярдаган. Ал Суданды гана эмес, бүткүл дүйнөнү төмөн турмуштан азиз турмушка алып чыга турган дастур, инша Аллах.
﴿إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
«Эй момундар, эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана согуш майданында кадамыңарды бекем кылат» [47:7]
Роя гезити, №283, 2020-жыл, 22-апрель.