Пекин декларациясы түзүлгөнүнөн жыйырам беш жыл өтүп аялдар анын оор акыбеттерин тартышууда

405
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Пекин декларациясы түзүлгөнүнөн жыйырам беш жыл өтүп аялдар анын оор акыбеттерин тартышууда

1995-жылы сентябрда аялдар маселеси менен байланыштуу төртүнчү эл аралык Пекин конференциясы болуп өткөн. Анда кабыл алынган Пекин декларациясына назар салган киши мындай шайтаний документте эмнелер кабыл алынганын жана документ БУУ Башкы Ассамблеясына сунушталганын көрүп жакасын кармайт. Декларацияны БУУга сунуштоодон бул уюмду ушул каргаша конференцияда чыгарылган жыйынтыктоочу сунушту кабыл алдыруу жана таяндыруу, аны конференцияга катышкан бардык мамлекеттерге мыйзамчылыктын негиз кылдыруу көздөлгөн.

Документтин дагы үйрөй учурган тараптары бар. 162 беттен турган бул декларация өтө текебердик менен жазылган, кудум аны жазган адам дүйнөнүн кожоюну жана дүйнө аялдары үстүнөн жетекчидей, колунда аялдарга мамиле кылуу боюнча идеалдуу мыйзамчылык бардай! Декларация мыйзам жана укуктук нормаларга бай, анда эң ири жана эң бай мамлекеттер да аткара албай турган өтө чоң, өтө амбициялык программалар камтылган.

Бул декларацияга Ислам көз карашынан карай турган болсок, ал шаръий өкүмдөргө ачык-айкын тескери болгондуктан аны үйрөнүүгө жарабайт жана арзыбайт. Негизи, шаръий өкүмдөр эркек менен аялдын ортосундагы мамилелерди жана бул мамиледен келип чыккан акыбеттерди тартипке салган, бул өкүмдөр Өзү жараткан бардык маклукаттарын жакшы билген Латиф Хабир Аллахтан келген. Башка жактан алганда, бул декларация башкарууга жана мыйзамчылыкка байланыштуу кайрыисламий көрүнүштүн дал өзү. Негизи, инсандардын Роббиси мыйзамды да, мыйзамчылыкты да адамзат үчүн түшүргөн:

﴿وَلَا يُشْرِكُ فِي حُكْمِهِ أَحَدًا﴾

«Ал Өз өкүмүндө эч кимди шерик кылбайт»                                                             [18:26]

Пекин декларациясы мындан жыйырма беш жыл мурун кабыл алынып, курамында жалаң гана зыянкеч урук катылгандыктан, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү аялдардын абалы декларация кабыл алынышынан мурунку абалдан бир нече эсе жамандашты. Бул декларация болобу, ага окшогон башка ыплас документтер жана келишимдер болобу, аларды иштеп чыккандар же алардын үстүндө тургандар өзүлөрү айтып жаткан «оң ийгиликтерди» анык бир статистика менен далилдей алышпайт. Эгер, силер кайраттуу болсоңор, ушул каргаша декларация себептүү дүйнө аялдарынын башына түшкөн үрөй учурган акыбеттерди моюнга алгыла, аялдар өзүнүн аялдыгынан, энелигинен жана татыктуу камкордукта болуу укугунан куру жалак калышканын моюнга алгыла. Айрыкча, бул зыянеч мөмөдөн муслима аял көбүрөөк кайгы тартты. Себеби, анын зыяны муслиманын абийирин жана аруулугун бутага алган. Муслимага үлкөн мусибаттарды алып келди, аны бейпил үйүнөн тынчсыз көчөгө чыгууга, хижабын чечүүгө мажбур кылды, анын намысына зыян жеткирүүчү жана абийирин талкалоочу нерселерге туш кылды. Бул документ муслиманы өз эри, перзенттери жана махрамдары менен болгон чырайлуу мамиледен бөлүп, аны кумарлануу матасы жана материалдык пайда табуу товары деп билген кимселер менен жаман мамиле кылууга мажбур кылды. Мындан көрүнүп тургандай, Пекин декларациясы да, «CEDAW» декларациясы сыяктуу андан мурунку жана кийинки документтер жана келишимдер да аялдарды бактылуу жашоодон бактысыз жашоого алып чыкты…, аны камкордуктан карамүртөздүккө, энеликтен жана корголушу важиб болгон намыстан алып сатылган товарга алып чыгарды… Аялды кудум гүлгө окшотту, жыттасаң жагымдуу жыт таратат, карасаң көздү кубантат, кийин куурагандан кийин маанисиз бир чөп сыяктуу ыргытуудан башка нерсеге жарабайт.

Дүйнөдөгү аялдардын абалына караган киши бул ыплас декларацияда айтылган жана мыйзам катары кабыл алынып, миллиондогон каражаттар сарпталган пландардын эч бири да ишке ашпаганына күбө болот. Буга дүйнөдөгү аялдар зомбулукка, кол салууга, тийиштикке, жакырчылыкка, сабатсыздыкка, саламаттыкты сактоонун жамандыгына, ал тургай, кул базарында жашыруун жана ашкере сатылган мусибаттарга учурап жатышканы далил. Расмий жана берасмий статистикалардан бүгүнкү ач көз капиталисттик түзүмдүн доорундагы аялдардын оор абалдарынын бир четин гана көрүү мүмкүн. Бул декларациянын авторлору айткан «аялдар жана балдарды коргоодогу» ийгиликсиздигине «Baby box» деген нерсе да далил болот. «Baby box» эмне экенин билесизби?! Бул нерсе аялдын эң маанилүү эсептелген энелигине чабуул кылат. Википедияда бул жөнүндө «ташталган наристелер кутусу же наристелер инкубатору» деп айтылат. Сөзмө-сөз которулганы – балдар кутусу. Т.а. баш тартылган же таштанды наристелердин саламаттыгына же өмүрүнө коркунуч туудурган жайларга таштоонун ордуна, белгиленген жайларга таштай турган кутуча. Жаңы төрөлгөн наристелерден баш тартуу деген илдет орто кылымдарда пайда болуп, кийин 18-19-кылымдарда кеңири жайылды. Наристелерден баш тартып, аларды таштандыга таштаган же диний борборлордун астанасына калтырып кеткен аялдардын саны көбөйүп, 1952-жылы «Baby box» т.а. тандашты балдардын ишеним кутусу деген идея пайда болду. Мындан баш тартылган наристелердин проблемасына же өлүмүнө чекит коюу максат кылынганы айтылат. Ушул идея аста-секин өнүктү, 2000-жылдан тартып бир нече мамлекеттерде иш жүзүндө аткарылды. Бул идеяны ишке ашырууда Германия жетекчи орунду ээлеп келүүдө. Бул мамлекеттин шаарларында 100дөн ашуун «Baby box» бар. Бул абал Пакистанда да бар, статистикага ылайык ал жерде 2006-жылы 300 «Baby box» түзүлгөн. Бул кутулар ооруканаларда, социалдык борборлордо жана чиркөөлөрдө орнотулууда. Германия сыяктуу айрым мамлекеттердин мыйзамында көрсөтүлгөндөй, «Baby box»ко калтырылган наристенин энеси же атасы баланы кайтарууну талап кылса, бала сегиз аптадан кийин кайтарылышы мүмкүн, андай абал болбосо, наристени асырап алуу сунушталат!

Пекин декларациясы жана ушул сыяктуу башка документтер туурасындагы корутунду тыянак Аллах Азза ва Жалланын ушул аятында камтылган:

﴿وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً﴾

«Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот»                                                                                                                                   [20:124]

Ислам гана – аялдардын куткаруучусу. Ислам Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа ﷺга түшүп, жер жүзүнө жана адамдарга мурас болгондон тартып куткаруучу болуп келди. Исламда аялга ушундай бир документ берилген, аял анда коргоону да, камкордукту да табат, адам катары акы-укуктары бекем убада-шерт менен кепилденгенин, бул дүйнө жашоосунда ага улуу орун берилгенин көрөт.

﴿وَكَيْفَ تَأْخُذُونَهُ وَقَدْ أَفْضَى بَعْضُكُمْ إِلَىٰ بَعْضٍ وَأَخَذْنَ مِنكُم مِّيثَاقاً غَلِيظاً﴾

«Акыры бири-бириңер менен кошулуп, алар (аялдарыңар) силерден кескин шерт-убада алышкандан кийин кандай кылып аны кайтарып аласыңар?!»                                       [4:21]

О.э. Кыямат күнү убадасына тескери иш кылбаган Аллах Таала Өз рахматы менен бейишке киргизүү убадасы жүзөгө чыгат. Аллах Таала айтат:

﴿مَنْ عَمِلَ صَالِحاً مِّن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَى وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَلَنُحْيِيَنَّهُ حَيَاةً طَيِّبَةً وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُم بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ﴾

«Эркекпи же аялбы – кимде-ким момун болуп туруп бирер жакшы иш кылса, анда, Биз ага пакиза жашоо беребиз жана аларга жасаган амалдарынан жакшыраак ажр-сооп беребиз»                                                                                                                                     [16:97]

Ушул роббаний документти Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинен башка мамлекетте колдонуу мүмкүн эмес. Аллахтын урусаты менен, жакында тикелене турган бул мамлекет гана ушул документти ишке ашырат, кудум аял мурунку кылымдарда анын көлөкөсүндө бейпил жашагандай.

 

Роя гезити, №283, 2020-жыл, 22-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here